Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Француздардын көбү паранжага тыюу салууну колдойт


Паранжага тыюу салууну колдогон уюмдардын бири оңчул партиянын Париждеги кеңсеси алдында. 26-январь, 2010-жыл
Паранжага тыюу салууну колдогон уюмдардын бири оңчул партиянын Париждеги кеңсеси алдында. 26-январь, 2010-жыл

26-январда Франция парламентинин комиссиясы мусулман аялдарга коомдук мекемелерде паранжа кийүүгө тыюу салууну сунуш кылды. Комиссия мүчөлөрү аялдардын бети-башын жаап жүрүүсү жыныстык теңсиздиктин белгиси жана өлкөнүн секуляризм принцибине каршы келген көрүнүш деп санашат. Францияда 5 миллиондой мусулман жашайт.

Өткөн жылдын жайында президент Николя Саркози (Nicolas Sarkozy) паранжа “кемсинтүүнүн белгиси” деп, Франция андай көрүнүштү кубаттабайт деп айткан эле. Мамлекет башчынын бул сөздөрүнөн кийин парламент ар кыл партиялардын өкүлдөрүнөн куралган комиссия түзүп, иликтөөсүн баштаган. Жарым жыл бою комиссия баяндаманын үстүнөн иштеди.

Анын авторлору аялдар менен эркектер ортосундагы теңчилик жана секуляризм принциптерин баса белгилеп, парламентти паранжа "Француз жумуриятынын баалуулуктарына каршы келет" деген резолюция кабыл алууга үндөштү. Улуттук Асамблеянын төрагасы Бернар Аккуайе (Bernard Accoyer) комиссиянын сунуштары менен депутаттарды тааныштырды:

- Паранжа республикачыл принциптерибизге каршы келет. Ал – аялдарды багындыруунун символу жана баяндамада жазылгандай, экстремисттик фундаментализмдин урааны. Андай көрүнүштү жумурияттын аймагында токтотуу зарыл.

Комиссия оорукана, мектеп, коомдук унаа өңдүү жайларда паранжа кийип жүрүүгө тыюу салууну сунуштайт. Мыйзам чыгаруучулар ошондой эле “радикалдуу диний адаттары” байкалган адамдарга француз жарандыгын же өлкө аймагында убактылуу жашоо уруксатын бербөөгө үндөшүүдө. Бирок көчөлөрдө, соода борборлорунда, менчик жайларда чектөө каралган эмес.

Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, француздардын көбү паранжага тыюу салууну колдойт. Чүмбөт экстремизмге карай тепкич, жыныстык теңсиздиктин белгиси жана Франциянын секулярдык түзүлүшүнө каршы келген көрүнүш катары каралууда.

Франциядагы айрым мусулман топтору да паранжага тыюу киргизүү демилгесин колдошот. Алардын айтымында, дин изилдөөчүлөрдүн көбү шариятта аялдар жүздөрүн чүмбөттөп жүрүш керек деген нерсе жок деп эсептешет. Башкалары болсо тыюу диний укуктарды бузуу болуп саналат жана исламофобиянын чырагына май тамызат деп ырасташат.

Айтмакчы, өлкөдө былтыртан бери улуттук насил-нарк жөнүндө талкуулар жүрүп жатат. Мындан улам, Франциядагы мусулман коомчулугунун лидерлери өкмөт исламды өз бутасына айландырды деп нааразы болушууда.

Алардын бири, Франциядагы мусулмандар улуттук федерациясынын жетекчиси Мохамед Бешари (Mohamed Bechari) “Азаттыкка” берген интервьюсунда бийликтеги оңчул партия паранжа маселесин март шайлоосу алдында өз пайдасында колдонгусу келет деген чочулоосун ортого салат:

- Жергиликтүү шайлоо алдында кээ бир адамдар бул маселени айрым саясий топтордун пайдасына саясатташтырууну көздөшөт.

Бехари белгилегендей, башкаруудагы партиянын парламенттеги фракциясын жетектеген Жан-Франсуа Коп (Jean-Francois Cope) бети-башын чүмкөп жүрүүгө коопсуздук себептеринен улам тыюу салыш керек деген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Кандай болбосун, парламент мартта өтчү жергиликтүү шайлоого чейин комиссиянын баяндамасы боюнча бары бир эч кандай чечим кабыл албайт. Мыйзам чыгаруучулар резолюция менен гана чектелишет деп күтүлүүдө. Паранжаны коомдук жайларда кийүүнү сындаган андай документ мыйзамдуу күчкө ээ болбойт.

2004-жылы Францияда мамлекеттик мектептерде жоолук салынып жүрүүгө же көзгө урунган башка диний символдорду кийип жүрүүгө тыюу салынган. Бир катар башка европалык өлкөлөрдө да мусулман аялдардын кийим-кечесине байланышкан маселе маал маалы менен козголуп жүрөт.

Британиянын билим берүү министрлиги 2007-жылы токтом кабыл алып, окуу жайлардын жетекчилерине мектептерде паранжа кийүүгө тыюу салуу укугу берилген. Белгиянын айрым чөлкөмдөрүндө жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, коомдук жайларда чадра кийүүгө болбойт.

Бирок Европада бир да өлкө паранжага тыюу салган мыйзам кабыл ала элек.

XS
SM
MD
LG