Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Францияда жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат


Париждеги темир жол вокзалында поезд күтүп жаткан эл, 19-март, 2009-жыл
Париждеги темир жол вокзалында поезд күтүп жаткан эл, 19-март, 2009-жыл

Францияда жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат. Бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаа Парижде коомдук транспорттун бир бөлүгү токтоп турат. Кесиптик кошуундардын демилгеси менен өтүп жаткан иш-чара президент Николя Саркозинин экономикалык саясатына нааразылык билдирүүнү көздөйт. Өлкөдө жумушсуз калган элдин саны 2 миллион кишиге жетти жана мындан ары да өсөт деп болжолдонууда.

Жалпы улуттук иш таштоого чыгууга үндөгөн кесиптик кошуундар бул жолку акция да ийгиликтүү болот деп ишенишет. 29-январда өткөн нааразылык чарасына 1-2 жарым миллиондой киши катышкан.

Бул жолу алгачкы ирет коомдук тармакта иштегендерге менчик ишканалардын өкүлдөрү да кошулушат деп күтүлүүдө. Бир катар сурамжылоолорго караганда франциялыктардын 74 проценти иш таштоо өткөрүүгө негиз бар деп эсептешет.

Синдикаттардын бирин жетектеген Франсуа Шеректин айтымында, бул акция жалаң нааразылык билдирүү менен чектелбестен, конкреттүү сунуштар айтылат жана өкмөт алар тууралуу бир нече айдан бери эле кабардар.

“Жумушчулардын күчү” (Force Ouvriere) деген дагы бир кошуундун лидери Рене Валладон элдин чыдамы кеткенин айтат:

Жумушсуз калган эл башка иш табуу үмүтүн үзүп койгон. Албетте, алар ачууланат. Айрым ишканалардагы талаш-тартыштардын мындан ары тереңдеши толук ыктымал.

Темир жол компаниясынын өкүлдөрү шаараралык каттамдардын 40 процентине чейин аткарылбайт деп билдиришти. Иш таштоого мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери катышууда.

“Тотал” мунай компаниясы бир жагынан ири киреше тууралуу айтып, экинчи жагынан жумушчулардын санын кыскартып жатат. Бул элдин өзгөчө нааразылыгын жаратууда.

Нааразылыкка чыккандар өкмөт бөлгөн 2,4 миллиард евро жумуш орундарын жана маяналарды сактап калуу үчүн жетиштүү эмес деп санашат. Кесиптик кошуундар өкмөткө узун тизмеден турган талаптарын жолдошкон. Алар минималдуу маянаны көтөрүүнү, жумуш орундарын сактап калуу чараларын көрүүнү, байлардын салыктарын көбйөтүүнү талап кылышууда.

Франциядагы ири бизнесмендердин бири Морис Леви “Financial Times” гезитине берген интервьюсунда өкмөттү сындайт. Ал мамлекет эмне үчүн ири банктарга жардам берип, ал эми жумушчулардын салыктарын кыскартып же маяналарын көбөйтүүдөн баш тартып жатканын министрлер элге жакшылап түшүндүрө алышкан жок деп санайт.

Премьер-министр Франсуа Фийон буга чейин билдиргендей, эч кандай кошумча социалдык жардам берилбейт, себеби анда өкмөт кошумча карызга батат. Президент Николя Саркози да элдин камтамасын түшүннөрүн, бирок анын өкмөтү кризистен жабыркаган элге мындан артык жардам бере албастыгын айткан.

XS
SM
MD
LG