“Жыйырманын“ тобундагы өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн кечинде сый тамакта жолугушат. Ага чейин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.
АКШ жана Россия президенттери да биринчи ирет жолугушту. Барак Обама менен Дмитрий Медведев стратегиялык куралдарды кыскартуу жагынан жаңы келишим түзүү мүмкүндүгүн, эки тараптын мамилелерине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Обама ушул эле күнү Кытай лидери Ху Цзинтао менен жолугат.
Саммиттин ырасмий бөлүгү эртең башталат. “Жыйырманын“ тобу жыйында дүйнөлүк экономикалык кризисти жөнгө салуунун жолдорун тапканга жана аларды макулдашканга аракет кылышмакчы. Бирок алар Лондонго бирдей позиция менен келишкен жок. Өзгөчө дүйнөлүк финансы системасын көзөмөлдөө, башка да бир катар проблемаларды чечүүнүн ыкмалары боюнча олуттуу пикир келишпесттиктер бар.
Европалык көпчүлүк өлкөлөр кризисти ооздуктоо үчүн мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүүгө чакырган АКШ менен Британиянын сунуштарын колдошкон жок. Люксембургдун өкмөт башчысы Жан-Клод Юнкер кризис АКШда башталганын жана англо-саксон дүйнөсү эл аралык финансы системасына жана рынокторуна керектүү көзөмөлдү күчөткөнгө дамамат каршы чыгып келгенин эске салды.
“Англо-саксон“ экономикасынын тарыйкаларын француз президенти Николя Саркози да катуу сынга алды. Атүгүл дүйнөлүк финансы системасын кыйла катаң контролго алуу тууралуу анын талаптары четке кагылса, анда Саркози “каалганы карс“ жаап, саммиттен баса берерин анын финансы министри Кристин Лагард атайын эскертти.
Ошентсе да көпчүлүк лидерлер жыйындын майнаптуу болоруна ишенич артып жатышат. Саммиттин “кожоюну“, британ премьери Гордон Браун менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң АКШ президенти Барак Обама бул жыйын проблемаларды чечүү үчүн зарыл болгон мунасаларды табарына келетсиз ишенерин билдирди. Азыркы жагдайды ал дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң жаман кризис деп атады жана дүйнөлүк лидерлерди тыкыр аракеттерди көрүүгө чакырды.
Браун болсо кечээ “чоң жыйырманын“ лидерлери көнгөн адаттагыдай эски душмандарга эмес,жаңы коркунучтарга – глобалдык басаңдоого, климаттын өзгөрүшүнө, жумушсуздукка, жакырчылыкка, айласыздыкка каршы күрөш жүргүзүп жатышканын айтып, Лондон жыйыны дүйнөлүк экономикага бир жутум абадай жетпей турган дем, бардык өлкөлөрдөгү адамдарга келечек үчүн жаңы үмүт берүүгө тийиш экенин көрсөткөн эле.
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу орто мөөнөттөгү келечекте жумушчу орундарды сактап калууну жана аларды көбөйтүүнү биринчи маанидеги милдет катары атап, Лондон жыйыны эмгек рыногун колдоо жагынан чараларды көрөрүнө үмүттөнөт. Аларга кошулуп немец канцлери Ангела Меркел саммитте урунт проблемалар боюнча мунаса табуунун мүмкүндүгү көп деген көз карашын туюнтту.
Лондондо дүйнөлүк лидерлерди антиглобалисттер,экологиялык кыймыл активисттери, радикал-солчул маанайдагы жаштар аламан жыйындар менен каршы алышууда. Шаардын банктар жана ири финансы компаниялары жайгашкан бөлүгүндө төрт-беш миңдей киши демонстрация өткөрүштү, алардын он чактысын полиция кармап кетти.
Антиглобалисттер 1-апрелди “финансы акмактарынын күнү“ деп атап алышты. Мунун алдында ар түрдүү баракчалар таркатылды, аларда “ Банктарды талагыла!“, “Банкирлерди кекиртектен аскыла!“ дегендей чакырык-ураандар бар. Айрым райондорго антиглобалисттер чатырларды тиге баштады.
Коопсуздукту камсыз кылууга кошумча полиция күчтөрү тартылды.