Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

«Чоң сегиз» климат менен кризисти талкуулап жатат


Бүгүнкү талкууга бул жердеги сегиз лидер эле эмес, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн башчылары да катышууда
Бүгүнкү талкууга бул жердеги сегиз лидер эле эмес, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн башчылары да катышууда

Дүйнөдө өндүрүшүнүн кеңдиги боюнча сегиз ири мамлекеттин башчыларынын Италиядагы саммити кечээ башталган. Лидерлер климаттагы өзгөрүүлөрдү жана глобалдык соода-сатык маселелерин талкуулап атышат.

Кечээ, саммиттин биринчи күнүндө, президенттер глобалдык жылуулуктун күчүн басаңдатуу үчүн абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн ушу кылымдын ортосуна чейин 80% кыскартууга аракеттенишээрин айтышты. Бирок буга АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана Орусия гана макул болушту.

«Бизден милдетти аткарууну күткөндөн мурда акчадан жардам бергиле»...
Британиянын лидери Гордон Браун бүгүнкү талкуунун алдынан аталган келишимге өнүгүп келаткан ири өлкөлөр да кошулушат го деп үмүттөнөөрүн айтты: «Узак мөөнөткө эсептелинген бул саясатты «чоң сегизге» кирген мамлекеттер гана айтып жатышат, - деди Браун. - 9-июлдагы талкууда биз бу тууралуу башка мамлекеттер менен да сүйлөшөбүз го деп турабыз. Анткени мунун мааниси өзгөчө».

Бирок Индия менен Кытай бул дегени көп өндүрүштү токтотуу зарыл экенин билдирет деп, андай болсо Батыш мамлекеттеринен кошумча каржылык колдоо болсун деген таризде буга каршы болушту. Индиянын өкүлү Шиям Саран: «Индияга же башка өнүгүп келаткан мамлекеттерге дурусураак колдоо жасабай туруп эле бизден бу милдетти аткарууну күткөнгө да болбойт», - деди.

Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун «чоң сегиздин» лидерлерин климаттагы өзгөрүүлөрдүн алдын алуу боюнча чечкиндүү билдирүүлөрдү жасай албай жатышканы үчүн сындады. Анын ишениминде, каржылык жактан белдүү мамлекеттер булганыч газдын көлөмүн кыскартууга бара албай жаткан эми өнүгүп жаткан өлкөлөргө кошумча каржылык колдоо үчүн колдоо табууга милдеттүү.

Саммитте бүгүнкү талкууну АКШнын президенти Барак обама өткөрүп жатат
Бүгүнкү талкууну АКШнын президенти Барак Обама жетектеп жатат жана ал Негизги Экономикалардын Форуму деп аталды.

Бүгүн Американын валютасы – доллардын – оорду жөнүндө да сөз болууда. Анткени азыркы оор кризиске доллар канчалык туруштук бере алат деген суроо Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан улам көтөрүлүп жатат.

Ошол эле учурда Эларалык Валюта кору кечээ баарына жагымдуу кабарды айткансыды. Кор билдиргендей, дүйнөлүк экономика акырындап болсо да, каржылык кризистен чыга баштады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG