Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

GQ Владимир Путин тууралуу макаладан коркту


Америкалык GQ журналы башка тилдерде, анын ичинде орус тилинде да чыгып турат. Сентябрда “Владимир Путиндин бийликке жетишинин бүдөмүк жолу” аттуу макала бул журналда жарыяланып, бирок ал орус тилине которулган жок.

Макаланын GQ журналынын орус тилдүү версиясында чыкпай калышы соңку күндөрү америкалык блоггерлер арасында кызуу талаш-тартышты жаратты. Алар басма ээлеринен бул көрүнүштү ачык түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Скотт Андерсон жазган макалада Орусияда 1990-жылдары болгон террордук жардырууларга сереп салынат. Автор далил катары Орусиянын атайын кызматтарында мурда иштеген Михаил Трепашкиндин сөздөрүн келтирет.

Анын баамында, Москва жана Буйнакски шаарларындагы жарылууларга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тийешеси бар. Андерсон 2008-жылы сентябрда Орусияда жүргүзгөн изилдөөсү учурунда “бийлик 1999-жылы үйлөрдөгү жарылууларды чечен согушкерлери жасаган террордук кол салуу катары көрсөткөн” деп ырастайт.

23-июлда GQ журналынын адвокаты Жерри Биренц медиа-холдинг жетекчилиги менен редакторлорго “Cond Nast жетекчилиги сентябрда жарык көрчү санында Скотт Андерсондун “Владимир Путин – бийликке келүүнүн көмүскө жолу” аттуу макаласы Орусияда таратылбашы керек деген чечим кабыл алды” деген катты америкалык блоггерлерге жолдогон.

Интернет колдонуучулар муну бийлик тарабынан жүргүзүлгөн цензура деп баалашууда. Адвокат Жейн Критли буларды айтат:

- Бир жагынан алганда, алардын орус бийлигинин жинине тийип албай, өз ишмердүүлүгүн улантуу далалатын түшүнсө болот. Бирок башка жагынан алганда Орусияда бул макаланы баары бир таап окуй алышат.

Freedom House уюмунун жетекчиси Кристофер Уолкердин айтымында, АКШ басма сөзү чектелген өлкөлөрдүн катарында эмес. Буга дейре Conde Nast жана GQ коркпой-үркпөй эле ишин жүргүзүп келген. Жакында Тянанмэн аянтындагы кандуу окуяга 20 жыл толгонго байланыштуу макала жарыяланган. Кристофер Уолкер ошого карабай мындай көрүнүштөрдүн болуп жатышы өкүндүрөрүн айтып, “Кансыз согуш” маалында басма сөздү ооздуктоонун арты саясий чара көрүү менен жыйынтыкталганын эске салат:

- Жетекчилер кооптонуп, ушундай кадамга барышты. Орусия менен Кытайда жергиликтүү журналисттер кандай кепти айтса боло тургандыгын, кайсы сөздү айтпай коюбу керектигин жакшы түшүнүшөт. Бул абдан өкүнүчтүү. Бул чечимди кабыл алууда компаниянын жетекчилиги орус бийлигинин жинине тийип албоого аракет жасаган.

XS
SM
MD
LG