Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

400 жыл мурда Галилей өз телескобун элге тааныштырган


Мындан 400 жыл илгери дал ушул күнү айтылуу астроном жана ойчул Галилео Галилей калайыкка өзү ойлоп тапкан телескопту тааныштырган. Ошондон тартып адамзаттын жана Жердин ааламдагы орду тууралуу түшүнүк түп тамырынан жаңырды.

Галилей жана анын жолдоочулары чыгарган телескоптор Европада Жер ааламдын борбору эмес экендигин тастыктаган технологиялык жабдуу кызматын аткарды.

1609-жылы 25-августта Венециянын Сенаты өз отурумун өткөрүп, анда Пиза шаарынан чыккан астроном Галилео Галилейдин (Galileo Galilei, 1564-1642) жылдызды алда канча так иликтөөгө мүмкүндүк ачкан телескобу тааныштырылган.

Негизи, телескопту ойлоп тапкан киши – голландиялык ойчул Ханс Липперсгей (Hans Lipperhay/ Lippershey, 1570-1619) болгон. Анын туңгуч телескобу 1608-жылы жасалган болчу жана жер бетиндеги алыскы объектти даана көрүү үчүн колдонулган.

Бирок Галилей бул ачылышты андан ары тереңдетип жана жакшыртып, алыскы космостук нерсени сегиз эсе жакын көрсөтүүгө мүмкүн кылган кубаттуу аспап жасаган.

Бул телескоп астрономиялык иликтөөлөргө революциячыл таасир тийгизген. Космостук объекттердин орду канчалык так аныкталса, ошончолук аларды математикалык жол менен таразалоого жол ачылган.

Айтмакчы, Галилео венециялык Сенатта чыгып сүйлөөрдөн 60 жылдай илгери поляк астроному Николай Коперник планеталар Жерди эмес, Күндү айланат деген илимий жоромолун жарыялаган. Бирок аны да гелиочордондук теориянын алгачкы ойлоп табуучусу катары айтуга болбойт. Байыркы доорлордо эле айрым жылдыз иликтөөчүлөр ушундай жоромолун айткан, ал эми 11-кылымда Борбордук Азиянын даанышман окумуштуусу Абу Райхан Беруни да гелиочордондук теорияга колдоо көрсөткөн.

Ал эми Галилео Галилей өз дооруна шайкеш мыкты телескоптордун маалыматына таянып, Коперниктин теориясын жактап чыкканда, мындай илимий натыйжа Европадагы улам жаңы окумуштууларды өзүнө тарткан.

Ошол доордо Батыш Европаны караңгылык чүмбөтүндө кармаган кубаттуу католик чиркөөсү Кудай Жерди ааламдын чордонунда жаратып, ага адамзатты жайгаштырган деп далилдөөгө алпурушкан. 1633-жылы католиктер соту Галилейди “дин бузар” деп айыптап, окумуштууну үй камагына кескен.

Кийинчерээк өз өмүрүн сактап калуу үчүн Галилей өзү колдогон илимий тыянактан баш тартууга аргасыз болгон жана үй камакта жатып, 1642-жылы дүйнөдөн өткөн.

1992-жылы гана расмий Ватикан орто кылымдарда католик чиркөөсү Галилео Галилейди туура эмес жазалаганын жана Галилейдин илимий ачылышы туура болгонун расмий түрдө моюнга алган.
XS
SM
MD
LG