Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Гейтс: НАТО олуттуу кризиске кептелди


Пентагондун башчысы Роберт Гейтс НАТОнун жаңы стратегиясына арналган конференцияда. Вашингтон, 23-февраль 2010-жыл.
Пентагондун башчысы Роберт Гейтс НАТОнун жаңы стратегиясына арналган конференцияда. Вашингтон, 23-февраль 2010-жыл.

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Түндүк Атлантика алянсы олуттуу проблемаларга туш келгенин эскертти. Мунун жоопкерчилигин Пентагондун башчысы НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнө жүктөдү жана аларды коргонуу чөйрөсүнө көп акча жумшоого чакырды.

НАТОнун жаңы стратегиясын иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн эксперттер кеңешиндеги сөзүндө Пентагондун башчысы алянс "өтө олуттуу, узак мезгилдүү жана системалуу проблемаларга" туш келди деп билдирди. Мунун таасын көрүнүшү катары ал НАТОнун бүжетиндеги тартыштыкты атады. Мындай "кризистүү кырдаал" үчүн Гейтс жоопкерчиликти европалык союздаштарга жүктөдү.

Гейтс ырастагандай, быйылкы жылдын эки айы али бүтө элек, бирок уюм өз иши үчүн керектүү жүз миллиондогон еврого муктаж болуп отурат. Дегеле соңку он жылдыктын ичинде коллективдүү коопсуздук тармагы жетиштүү өлчөмдө каражат албай келатат. "Эгер бул практика улана берсе, анда алянстын душмандары ага "кагаз жүзүндөгү жолборстой" карап калары турган сөз" ,- деп көрсөттү Гейтс.

Бүжет тартыштыгын шарттаган жагдайлардын арасынан Пентагондун башчысы Европада кеңири жайылган маданий жана саясий тенденцияларды бөлүп көрсөттү.


"Европаны милитаризациялоодон арылтуу XX кылымда жакшы мурат болгон, бул жерде коомдун жана саясий элитанын басымдуу бөлүгү аскерий күч колдонууга, аны менен байланышкан коркунучтарга кыртышы сүйбөй карай баштаган, бирок XXI кылымда ал чыныгы коопсуздук жана бекем тынчтык орнотуу жолунда каскак боло баштады", - деп айтты Пентагондун башчысы.

Финансылык чукактыктын айынан алянстын аймагынан тышкаркы жактарда өткөрүлгөн операцияларга, өзгөчө Ооганстандагы озуйпаларга абдан зарыл аскерий каражаттардын каатчылыгы сезилип жатат. Гейтс "согушуп жаткан аскерлер керектүү ресурстар менен камсыздалбаса, артыкчылыктуу багыттагы башка да долбоорлор, алардын ичинде ракетадан коргонуу системасы талаптагыдай деңгээлде финансыланбаса европалыктар ар кандай жаңы коркунучтарга оңой эле бута болуп каларын" эскертти. Алянсты туш болгон кризистен чыгаруунун, дегеле союздагы масштабдуу реформанын негиздери менен башкы жолдорун да Гейтс ушул маселелер менен байланыштырды.

Ошол эле жыйында сүйлөп, НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Ооганстандагы тажрыйба алянс кантип иштеши керектигин жана кандай калпыстыктардан качуу керектигин көрсөтүп бергенин моюнга алды.

"Биздин аскерлерди пайдалануу биргелешкен күч-аракеттерге негиздениши зарыл, эл аралык контингенттеги тартыштыктарды ар түрдүү себептерге шылтоолоп колок-чолок мүнөздө толуктап туруу тууралуу кеп болууга тийиш эмес", -деп айтты баш катчы.

Деген менен ооган тажрыйбасы алянс ичиндеги ыйкы-тыйкылыктарды да сыртка чыгарды. Голланд өкмөтү Ооганстандагы контингентине байланыштуу кризистен улам аскерлерин быйыл жайда кантсе да чыгара турган болду. Мунун соңунан Канада да эмдиги жылдын этегине калтырбай өз контингентин ооган жеринен алып кетерин жарыялады.

НАТОнун жаңы стратегиясын аныктоо боюнча түзүлгөн эксперттер тобу алянска кирген өлкөлөр менен консултацияларды улантат. Жаңы документ алянстын быйыл кеч күздө Лиссабондо боло турган саммитине каралат.

XS
SM
MD
LG