Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

“Баркыт” ыңкылабы менен коркутуу дартка айланууда


Генерал Жафаринин билдирүүсү Мир Хусейн Мусавини башындагы реформачыл саясатчыларды камакка алууга негиз болушу этимал...
Генерал Жафаринин билдирүүсү Мир Хусейн Мусавини башындагы реформачыл саясатчыларды камакка алууга негиз болушу этимал...

Ирактын Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусун командири өткөн аптада өлкөнүн реформачыл саясатчыларын бүйүрүн кызыткан удаа-удаа 2 билдирүү жасады.

Генерал-майор Али Жафари 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолорду баскан Басиж аскер отрядын коргоо менен оппозиция лидерлерин Иранда “баркыт” ыңкылабын уюштурганга аракет кылды деп күнөөлөдү. Жафаринин билдирүүлөрү
Ислам системасын "баркыт ынкылабын" уюштуруп, алмаштырууга аракет кылды деп айыпталгандардын соту. Тегеран. 25-август.
президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын айоосуз басууну Иран коомчулугу али унута элек кезде жасалды.
Али Жафари оппозиция лидерлерин баркыт ынкылабын уюштурууга аракеттенди деп сындады.
Толкундоолордо, маалыматтар боюнча, 70 ашуун адам өлүп, ага катыштыгы бар деп жүздөгөн адамдар камакка салынган.

Жафари 29-августтагы билдирүүсүндө Басиж отряддарынын тополоңду басуудагы аракетин жактап, алар жөнсүз айыптоолордон “чүнчүп” кетишкенин айтты. Генералдын ырасташынча, коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышууларында Басиждин 12 мүчөсү жана аларга колкабыш кылып жүргөн 7 киши өлгөн. Ал эми демонстранттар тараптан оппозиция лидери Мир Хусейн Мусави айткандай 72 эмес, болгону тогуз кишинин каны төгүлгөн. Жана 15-июнда Тегеран университетинин жатаканасына кол салууга Басиждердин тиешеси жок экен. Күбөлөрдүн айтышынча, студенттик жатаканага гражданча кийинген басижилер аскерлер менен чогуу чабуул койгон. Чабуулда бир нече студент өлгөн.

Эки күн кийин - 31-августта Али Жафари Иран-Ирак согушунун катышуучулары менен кездешүүдө экс-президент Хатамини жана көрүнүктүү эки реформачыл саясатчыны өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейини бийлигине асылууда, Батыш каалагандай- ислам ыңкылабынын идеялары менен принциптерин бузушууда деп каралады. Аны менен токтобой, аларды бийликти төңкөрүүгө
Президент Ахмадинежад Басиж отрядын Ынкылапчыл гвардиянын Тегерандын түндүк ныптасындагы базасында текшерип жүрөт. 25-ноябрь 2008-жыл.
аракет кылды деп күнөөлөдү,- дейт “Фарда” радиосунун кабарчысы Хусейн Ариан:

- Али Жафари оппозиция лидерлерин баркыт ыңкылабын уюштурууга аракеттенди деп сындады. Бул сөзү менен - болочокто керек болсо - оппозиция лидерлерини камакка алууга жол ачууда. Анын сөзүнүн эң маанилүүсү - бардык оппозиция лидерлерин Ирандагы тополоңдорго катышты деп айтканы.

Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусу түздөн түз Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хаменейиге баш ийгендиктен, генерал Жафаринин мындай айыптоону анын макулдугу менен гана жасашы ыктымал.

Генералдын билдирүүлөрүнө реформачылар кескин жообун берди, дейт Хусейн Ариан:

- Атүгүл (парламенттин) мажилистин бир мүчөсү генерал-майор Али Жафарини саясатка кийлигишкени үчүн сот жообуна тартууга чакырды.

Жафаринин бул сөздөрү Аятолла Хаменейин жакында студенттер менен кездешүүдө көчө толкундоолорунун башчыларын Америка же Британиянын агенттери деп айтууга негиз жок деген сөзүнө каршы келет. Хаменейи шайлоодон кийинки калабага жооптууларды сот аныктайт деп, мыйзамсыздык жөнүндөгү даттануулардан улам оппозиция активистери кармалган Кахризак абак жайды жабууну буйруган.

XS
SM
MD
LG