Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Грузия: Эски достордун эгеши


Тбилиси -- Экс-спикер Нино Буржанадзе оппозиционерлер камалганына карабай 9-апрелде митингдер болорун бийликтерге эскертти.
Тбилиси -- Экс-спикер Нино Буржанадзе оппозиционерлер камалганына карабай 9-апрелде митингдер болорун бийликтерге эскертти.

Грузин бийликтери кечээ эки кишиге мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген деп айып тагышты. Андан мурда парламенттин экс-спикери Нино Буржанадзенин партиясынан он адам кармалган эле.

Айып тагылган эки адам тең ”Грузияны куткаруу” кыймылынын мүчөлөрү. Ички иштер министрлиги алардын да курал сатып алып жатканын тымызын тартып алган оперативдүү кадрларды көрсөттү. Мындан тышкары оппозициянын 9-апрелге белгиленип жаткан акциялары маалында кутумчулар Тбилисидеги телемунараны басып алууну жана үч миңдей адамды тартып, куралдуу кагылыш чыгарууну пландашкан дешет.

Андан бир күн мурда эле курал сатып алып жаткан жеринен дагы он адам кармалып, камалган болчу. Алардын тогузу, ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Утиашвили ырастагандай, оппозициядагы ”Демократиялык кыймыл – бириккен Грузия” партиясынын мүчөлөрү. Бул партияны парламенттин мурдагы спикери Нино Буржанадзе жетектейт.

Бийликтер кармалган адамдардын ишинде эч кандай саясат жок деп ырасташууда. Бирок Буржанадзе мунун баарын анын партиялаштарына каршы өкмөт баштаган ”террор өнөктүгү” катары баалады. ”Мындай тасма таныктар кантип тартыларын биз билебиз”,-деп кошумчалады ал жана кадрлардын баарын кошумча кылдат экспертизадан өткөрүүнү талап кылды.

Мамлекеттик телеканалдан берилген кадрларды өз көздөрү менен көрүшкөн чет элдик айрым кабарчылар да алардан куралдуу кутумчулуктун белгилерин байкай алышпаганын айтышты. Анын үстүнө оппозиционерлерге курал саткан ”соодагер” атайын органдын кишиси экен. Ал эми ”Жаңы оңчулдар” партиясынын мүчөсү Манана Начкебиа ички иштер министрлиги далил катары карманган кадрлар 2007-жылдагы митингдер маалында мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн эпизоддорго өтө окшош экенин белгиледи.

Ушул айдын башталышында президент Михаил Саакашвили Россия анын батышчыл өкмөтүн кулатканы грузин оппозициясын финансылап жатат деп ырастаган эле. Начкебиа коопсуздук кызматтары ушул ойду коомго кеңири жайылтканы кезектеги пиар-өнөктүгүнө өтүшкөнүн, мындайга оппозиция көнүп бүткөнүн билдирди. ”Калктын сексен процентинде окуялардын ушундай оролдо өнүгөрүнө ишеним бар эле. 9-апрель жакындаган сайын өкмөттүн буга окшогон аракеттери арбый берет», - дейт Начкебиа.

Буржанадзе да оппозиционерлерди камаганы менен бийликтер элдин толкунун токтото албай турганын билдирди. ”Мунун баарына карабай, урматтуу бийликтер, 9-апрель баары бир болот”,-деп эскертти ал кечээ.

Буржанадзе мурда Саакашвилинин саясий жакын санаалашы болгон. Бирок былтыр ноябрда президентти ”авторитардык дымактары”, ”жаңылыш чечимдери”, алардын ичинде Түштүк Осетиядагы операциялар үчүн айыптап, жаңы партия түзгөн.

Алдыдагы айдын башында бардык оппозициялык күчтөр ири митингдерди өткөрүп, Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылганы жатышат.

Грузия: оппозиция өкүлдөрүнө иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:19 0:00

XS
SM
MD
LG