Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Грузия: Гориликтер «экинчи согуштан» чочулап турушат


Грузиянын Гори региону былтыр августтагы орус-грузин согушунда беш күндүк катуу аткылоолорго дуушар болгон: жүздөгөн үйлөр кыйрап, көптөгөн адамдар көз жумган. 29-июндан тарта Орусия «Кавказ-2009» аттуу аскерий машыгууларын баштады. Биринчи согуштан жабыркаган региондун калкы эми жаңы согуш башталып кетпейби деп чочулап турган чагы.

82 жаштагы Шота Йокхадзе аксакал 10 ай мурда орустардын колдоосу менен түштүк осетин аскерлери анын үйүн тоноп, талкалап жаткан учурда жалдырап эле карагандан башка эч нерсе колунан келбей калганын айтат. Азыр эми мурда үйү турган жердеги дарактын көлөкөсүндө отуруп, Шота аксакал өзүнүн коңшулары менен кантип былтыр орус жана осетин аскерлери алардын үйлөрүн бузганын эскерип жатты: «Алар келип эле үйлөрүбүздү өрттөп киришти. Дагы эмне айта алмак элем?, - дейт ал. - Орустар кетиши менен осетин аскерлери келип, үйлөрдү тинтип, 15-20 мүнөттүн ичинде бузуп салышты».

Орус-грузин конфлигинен бери дээрлик бир жыл өткөндөн кийин Грузиянын Түштүк Осетия менен чектеш Гори регионундагы Эргнети деген бул кичинекей кыштак дале оор абалда турат. Орусия Грузияга жакын жерде 29-июндан тарта «Кавказ-2009» деген аскерий машыгуусун баштагандыктан, эргнетиликтер эми жаңы согуш кайра эле алардын айылынан башталат го деп үрөйү учуп турган учуру.

Орусия бул ирет СССРден берки эң ири машыгууларды өткөргөнү жатат
Бу жолкусу көлөмү боюнча Советтер союзу кыйрагандан берки эң ири машыгуу боло турганы айтылууда. Ага сегиз жарым миң аскер, 200 дөй танк, 450 аскерий унаа жана 250 артиллерия бөлүктөрү катышат деп жатышат. Орусия былтыр августта Грузия менен согуштун алдынан да ушундай эле машыгуу өткөргөнү эстен кете элек. Былтыр Грузия менен согуштан кийин, Орусия бир топ аскерий күчтөрүн Абхазия менен Түштүк Осетияга жайгаштырган. Орус аскерий расмий жетекчилгинин айтымында, бу жолку машыгууларды былтыркы согуштан алынган тажрыйба сөзсүз эске алынат. Окуулар 6-июлга чейин созулмакчы. Кызыгы – дал ушу күнү Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Москвага эки күндүк иш-сапары менен келиши керек. Былтыр Грузия менен согуштан кийин орус-америка алакалары бир топ сууй түшкөн болчу.

Расмий Тбилиси болсо ушу күндөрү чек-арага жакын жерде болуп аткан окуяларды «Орусия уюштуруп аткан провокация» деп атады. Ошол эле учурда быйыл майда Грузия, Москванын каршылыгына карабай, НАТОнун колдоосу менен өзүнүн аскерий машыгууларын да өткөргөн болчу.

Согуш кайра башталып кетпеген күндө деле азыр Горидеги элет тургундары былтыр жайындагы конфликттин залакасынан бери болбой, кыйраган үйлөрүн кайра оордуна тургуза албай кыйналып турушат. Согушта эргнетиликтердин 180 там-жайын осетиндик жикчилер өрттөп салышкан, бул айылдын калкынын жарымынан көбү же башка жактарга көчүп кетти, же атышууларда курман болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, азырга чейин Түштүк Осетияны аралай куралчан адамдар келип, түнкүсүн ок атып, адамдарды коркутуп кетишет.

Грузин өкмөтү там-жайынан айрылгандардын ар бирине 9 миң доллардан акча бөлүп берген жана мезгил-мезгили менен азык-түлүктөн да жардам берип турат. Евробиримдик болсо адамдар өздөрүнүн үйлөрүн салып, жайланып алгыча колдоо болсун деген ниетте бир бөлмөлүү кичинекей тамдарды курууга акча бөлдү. Айылдын тургундары аларды «коттедж» деп атап коюшат экен. Көптөр грузин жетекчилигине колдоолор үчүн ыраазылык билдиришти.

Согуштун айынан бул аймакта үйлөр менен кошо гориликтердин негизги кирешеси – алма бакчалары да – кыйрап калган. Согушка чейин аймактын калкы негизинен алмадан түшкөн киреше менен жашачу. Алар жыйнаган түшүмүн Түштүк Осетия менен чектеш жердеги базарда сатып келишкен. Ошол базардан да, алма түптөрүнөн да бүгүн эч нерсе калбады.

Эргнети айылына жакын жердеги Тквиави кыштагындагы алма бактарын орус аскерлери танктары менен келип эле бастырып турушкан. Аны Тамаз Карели мындайча сүрөттөп берди: «Биздин алмалар ууланып бүттү. Аларды карай албай калдык. Орустар алма бактарыбызга танктары менен кирип барышты. Аларды дарылоо бери турсун, сугара да албай калдык. Маселен, орустар менин бакчамдын ортосуна кирип келишкен».

Согуштан Грузиянын Түштүк Осетияга жакын жерлериндеги эле эмес, Түштүк Осетиянын өзүндөгү адамдар да оор жабыр тартышты: ал жакта 50 миңдей грузин калкы там-жайсыз калды.

Тасмада: Грузия: Элеттик тургундар тынчтыкты эңсейт

Грузиянын Гори региону былтыр августтагы орус-грузин согушунда беш күндүк катуу аткылоолорго дуушар болгон. “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Түштүк Осетиянын чек арасынын жанында жайгашкан Эргнети кыштагында болду. ZMa.

Грузия: Элеттик тургундар тынчтыкты эңсейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG