Шейшембинин кечинде өткөн маалымат жыйынында Грузиянын БУУдагы элчиси Александр Ломая кутум аракетине катышы бар делинген Мухровани базасындагы танк батальону НАТОнун машыгууларына катышмак деген имиштерди четке какты. Козголоң зордук зомбулуксуз басылганын маалымдаган грузин бийликтери, ал НАТОнун аскерий машыгуусун үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн Москва тарабынан каржыланган деп айыптоого үлгүрдү.
Тблиси менен альянстын машыгуулары август согушуна чейин эле пландалган деген ырастоолоруна карабай, Кремль ага каршылыгын билдирип келди. Кызматына былтыр декабарда дайындалган Грузиянын БУУдагы элчиси Россия сепаратисттик Абхазия жана Түштүк Осетия менен чегарада аскерий турумдарын бекемдөөнү максат кылат деп айыптады. Өткөн аптада Москва эки жумурият жетекчилиги менен чегара келишимине кол койгон. Ага ылайык, Абхазия менен Түштүк Осетиянын чегараларын орус бөлүктөрү кайтара башташты.
Грузия муну августта жетишилген тынчтык келишимин бузуу катары сыпаттады.
- Россия Грузиянын оккупацияланган чөлкөмдөрүндө куралдуу күчтөрүнүн санын жана оор техникасын улам көбөйтүп келатат. Орустар чегарачылар деп, Цхинвали менен Абхазиянын административдик чегарасына жүздөгөн аскерлерин жайгаштырышты, - деди Ломая.
Грузин элчисинин пресс-конференциясы алдында Россиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин НАТОнун Грузиядагы машыгуусуна каршылыгын жашырбай, баш катчы Пан Ги Мундун Түндүк Альянс менен кызматташуу жөнүндөгү декларацияга кол коюшун сындаган.
Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон Россия менен НАТО ортосундагы мамилелер Грузиядагы уруштан кийин өтө начарлап кеткен. Чуркин Улуттар уюму альянс менен кызматташуу келишимине келгенде “этият болууга” тийиш эле деди. Элчи ошондой эле Тбилиси согуштан кийин түзүлгөн солгун кырдаалды курчутуп жатат деп күнөөлөдү:
- Түштүк Осетия менен Абхазияга танапташ тилкедеги абал туруксуз бойдон кала берүүдө. Грузия ал жерде куралдуу күчтөрү менен полициясынын санын көбөйтүүдө. Түштүк Осетия менен чегара аймагына оор техника, артиллерия, грузин коопсуздук күчтөрүнүн 2 жарым миңге жакын аскери топтолгон. 35 туруктуу жана көчмө посттор орноштурулган.
Ломая болсо Чуркиндин айыптоолору НАТОнун машыгуусун үзгүлтүккө учуратуу стратегиясынын бир бөлүгүн түзөт деди.
1 айга созулчу машыгуу “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында өтүүдө жана ага мурдагы советтик жумурияттардан Азербайжан катышууда.