Москва буга чейин Грузиянын аймагында НАТОнун сыноолору болгону жатканына каршылыгын билдирген болчу. Ырасмий Тбилиси кечээки козголоңду Орусиялык күчтөр уюштурган деген маалымат таратышты.
Грузиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Утиашвилинин айтымында, Мухровани аскерий базасындагы бийликтерге каршы уюштурулган козголоң өз убагында басылып, күч колдонууну талап кылган жок. Көпчүлүк козголоңчулар өз эрки менен багынып, базанын башчысы камакка алынган. Ошондой эле бир катар жогорку офицерлер сурак берип жатышканы да айтылууда.
Коргоо минситри Давид Сихарулидзенин айтуусунда, кечээ эртең менен өлкөнүн Мухровани танкалык батальонунун жетекчилиги бийликке ачык түрдө баш ийбөөчүлүк жарыялаган. Ички иштер минстрлиги өлкөдө аскерий төңкөрүш уюштуруу максатында кутум уюштурулуп жатканын айткан соң базада козголоң башталган.
Грузиянын борбору Тбилисиге жакын жайгашкан аскерий базалардын биринде мындай козголоңдун чыкканы бир катар чөйрөлөрдө бийлик үчүн олуттуу проблема катары бааланды. Мухровани танкалык батальонунун башчысы Мамука Горгишвили өз кезегинде массалык маалымат каражаттарына жооп берип жатып, баш ийбөөчүлүктү президент Михаил Саакашвилинин бийлигине нааразычылык иретинде гана жарыялашканын, эч кандай күч колдонуу пландары болбогонун билдирген.
Президент Саакашвили болсо козголоңдон кийин теледе сөз сүйлөп, бийлик бардык күч органдарын толук көзөмөлдөп турганын, Мухрованидеги козголоң Орусия тарап уюштурган кутум экендигин айтты:
«Албетте, биз муну өтө олуттуу проблема деп эсептейбиз. Бирок ошол эле убакта бул окуя өтө тар чөйрөдө гана уюштурулган кутум экенин да айтып коюшум керек. Мындай кутум башка аскерий бөлүктөрүнө таркаган жок. Башка аскерий базалар жөн гана күчөтүлгөн көзөмөл алдында иштей башташты. Баары көзөмөл алдында. Өлкөдө коопсуздукка коркунуч туудурган эч нерсе жок»,- деди Саакашвили.
Грузиянын кутум тууралуу айыптоолорун Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин четке кагып, «күлкү келтирерлик» жалаа деп баалады.
Грузия тарап Мухрованидеги козголоңду каржылоо менен Орусия бери дегенде НАТОнун өлкөдөгү аскерий сыноолорун үзгүлтүккө учуратууну көздөгөнүн, кутум колдоо тапса өлкөдө аскерий төңкөрүш уюштурууну каржылоо пландаганын айтууда.