Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Михаил Саакашвили “ээрден жылмышабы?”


Полиция Грузия парламентинин имаратын оппозициядан коргоодо, 9-апрель 2009
Полиция Грузия парламентинин имаратын оппозициядан коргоодо, 9-апрель 2009

Кечээ Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып, Грузия парламентинин алдына 50 миңден ашуун эл чогулду. Оппозициячыл партиялардын лидерлеринин сөзүнчө, Саакашвили бийликтен кетмейинче демонстрация токтотулбайт.

Бейшемби күнү (9-апрелде) Тбилисиге чогулган элдин талабын “Грузия үчүн альянстын” лидери Ираклий Аласания мындай түшүндүрдү:

- Саакашвили өлкөбүзгө жыргалчылык алып келем деп убада кылган эле. Бирок, биз бүгүн жумушсуздукка жана экономикалык мүшкүлгө күбө болуудабыз. Эл мындан ары минтип жашай албайт!

Ираклий Аласания - былтыр ноябрга чейин Грузиянын БУУдагы элчиси болгон.

Ал эми ондон ашуун оппозициялык партиянын жетекчилеринин президент Саакашвилиге койгон орток талабын шам ченде Давид Маградзе чогулган калайыкка окуп берди:

Михаил Саакашвили элге өз лидерин конституцияга ылайык, тынч алмаштырууга жана дүйнөгө кадыр-барктуу, цивилизациялуу калк экенибизди көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүсү шарт.


- Михаил Саакашвили элге өз лидерин конституцияга ылайык, тынч алмаштырууга жана дүйнөгө кадыр-барктуу, цивилизациялуу калк экенибизди көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүсү шарт. Биз мекенди сүйсөк ушундай гана жол менен азыркы кризистен чыгып, Грузияны эркин, демокртиялуу жана кубаттуу кыла алабыз. Тбилиси, Руставели проспекти, 9-апрель, 2009-жыл.

Михаил Саакашвилини кызматтан кетүүгө чакырган эл Тбилисинин ортосунда, 9-апрель 2009


“Азаттыктын” кабарчысы Марина Вашакмадзе Тбилисиден башка да Кара деңиз боюндагы Батуми порт шаарында да миңдеген адамдар бийликке каршы демонстрацияга чыкканын билдирди:

- Батумиде митингге 10 миңдей адам чыкты деп айтышты. Нааразылык иш-чарасы башка шаарларда болгон жок. Коомдук транспорт иштебегендиктен, Тбилисиге жеке унаасы бар гана адамдар келишти. Ройтерс кабар агенттигинин кабарчысынын эсеби боюнча, саясый жыйынга Тбилисиде 60 миңдей адам чыкты.

Оппозиция ордо шаар Тбилисиде дээрлик 150 миңдей адам чогулат деп болжоп жаткан.

Бийликтин алмашуусун, президенттин кызматтан кетишин талап кылган калың элдин ичинде соңку учурда жанын эптеп-септеп бакканын айтып, нааразы болгон береги тбилисилик кемпир да жүрдү:

- Экономикалык оорчулук жаныма батты. Мен ачкамын, каным кургап турат. Пенсиям бир жолу дары сатып алганга араң жетет. Ачкалыктан өзөөрүп турам. Турмушумду жакшыртуу үчүн бул жерге келдим.

Президент Михаил Саакашвилиге каршы демонстрация 1989-жылы 9-апрелде Тбилисиде болгон кандуу окуяны эскерүү менен башталды.

20 жыл мурдакы тынч демонстрацияны ал кездеги советтик жетекчилик аскердин жардамы менен айоосуз басып, 21 адамдын каны төгүлгөн.

1989-жылы 9-апрелдеги демонстрацияда өлгөндөрдү эскерүү, 16-апрель 1989-жыл



Бейшемби күнү президент Михаил Саакашвили кандуу окуя болгон жайга барып зыярат кылды жана улутту ынтымакка үндөдү:

- Биз мекен үчүн биригүүбүз жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күн-түнү иштөөбүз керек. Биз эркиндигибиз үчүн күрөштү аягына чыгарып, өлкөнү бошотуубуз жана заманбап, демократиялуу, европалык мамлекетке айлантуубуз зарыл.

Саакашвилиге нааразылык былтыркы августта Грузия Орусия менен согушкан кезеңден тарта күч алып барат.

Бейшемби күнкү ири нааразылык демонстрациясына ондон ашуун оппозициялык партиянын жактоочулары чыкты. Оппозиция лидерлеринин арасында Грузиянын экс-спикери Нино Буржанадзе айым, өлкөнүн БУУдагы мурдакы элчиси Ираклий Аласания жана башкалар болду.

“Азаттыктын” Тбилисидеги кеңсесинин башчысы Марина Вашакмадзенин билдиришинче, оппозиция лидерлери нааразылык жыйынын бүгүн (10-апрелде) дагы улантышмак болууда:

- Митинг дале уланууда. Бирок, нааразылык чарасынын уюштуруучулары: “Түнүчүндө аянтта калууну каалагандар калсын, үйүнө кеткиси келгендер - бара бергиле. Демонстрацияны эртең улантабыз”, дешип элге кайрылышты. Ошон үчүн түн оокумда аянтта күндүзгүдөн аз эл калды.

Грузия парламентин жана башка өкмөттүк имараттарды шаршембинин түнүнөн бери суу бүрккүч машинелери бар жана куралданган жүздөгөн полициячылар кайтарууда.

Ички иштер министри, Саакашвилинин жакын санаалашы Вано Мерабашвилинин айтканына караганда, Грузияда ыңкылапка жол берилбейт.

Грузия: Оппозициянын нааразылык чарасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

XS
SM
MD
LG