Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Германия калкы Ооганстандагы аскерлерди алып кетүүнү каалайт


Ушул аптада Ооганстанда болгон уруштарда дагы 3 немец аскери курман болуп, Германиялык күчтөр ушуну менен бул өлкөдө 35 аскерин жоготту. Башында Ооганстандагы контингент кайра куруу иштерине катышып, аскердик операциялардан оолак болот деп жарыяланган Германияда коомчулук: “биз эми согуштук абалдабызбы?” деген суроо кое баштады.

Ушул аптада Ооганстанда Германиялык 3 аскер курман болгонун укканда, Бундестагдагы куралдуу күчтөр боюнча комитет башчысы Рейнхолд Роббе парламентке кайрылып: “биздин аскерлер башында айтылгандай көпүрө куруп, кудук казбай эле, согушуп жаткан кези” – деп жарыялады. Парламент мүчөлөрү антип ачуулана комментарийлегени менен, немец өкмөтү “согуш” деген сөздү уккусу келбейт.

Берлиндеги тышкы жана коргонуу саясаты боюнча Коомдук кеңештин эксперти Хенинг Риекке немец жоокерлери Ооганстанда түзүлгөн жагдайдан улам аргасыз аскердик операцияларга аралашып жатканын айтат.

- Ооганстандагы кырдаал ушундай өңүткө бурулду, биздин аскерлер ал жерге мамлекетти кайра куруу миссиясын аркалап барган. Анан ал жердеги козголоңчулар дал ошол өлкөнү кайра куруу иштерине бут тосуп, Ооганстанды кыйратууну көздөп жатышат. Бул эми эки өлкө ортосунда жарыяланган согуш эмес, куралдуу күчтөр менен козголоңчулар ортосундагы согуш, ага биз айла жок аралашып калдык.

Риекке мырза Германия өкмөтү калк астында чындыктан качпай, НАТОго мүчө өлкө катары Ооганстандагы урушта тынчтыкты колдогон тарапка жардам көрсөтүп, аскердик операцияга аралашып жатабыз деп ачык айтканы оң деп эсептейт. Ал немец өкмөтү башында аскерлер ооган армиясы менен полициясын машыктырат деп айтканын эске салып, азырынча бул багытта чоң жетишкендиктер байкалбаганын белгилейт.

Айрыкча соңку күндөрү Ооганстанда жагдай начарлап, куралдуу кол салуулар күчөп турган чакта, парламенттик шайлоо алдында элдин маанайын бузгусу келбеген немец саясатчылары алдастап, курман болгон аскерлер темасын талкуулоодон тайсалдап тургандай.

27-сентябрдагы шайлоо жакындаган сайын, анда мөөрөй талашчу башкы эки партия – азыркы канцлер Ангела Меркелдин христиан-демократтары жана тышкы иштер министри Штайнмайердин социал-демократиялык партиясы Ооганстан маселесин көп козгобой, ага байланыштуу бири-бирин сындагандан сактанып, өтөле этияттанып калгандай.

Берлиндик эксперт Гуйдо Штайнберг анын себептери жөнөкөй экенин айтат.

- Негизинен, Германиянын Ооганстан боюнча быйылкы саясатынан бир өзгөрүү күтүүгө болбойт, шайлоого байланыштуу баары катып калгандай. Башкы эки атаандаш бул маселеде эки башка көз карашта болсо да, экөө тең аны козгосо эле кооптуу талкуу чыгып кетет деп коркушат.

Штайнмайер анын шайлоочулары Ооганстандагы аскерлерди шашылыш алып кетүүнү талап кылган популисттерге оңой эле кошулуп кетээрин түшүнөт, ошол эле мезгилде ал өзүн эл аралык аренада жоопкерчиликтүү саясатчы катары көргөзгүсү келет. Канцлер Меркель өткөн айда Ооганстандын түндүгүндөгү немец аскерлерине барып учурашып келген соң, андан көп узабай Штайнмайер да немец аскерлеринен тышкары Кабулга да барып, ооган президентине жолугуп кайтты. Германия НАТОнун алкагында Ооганстандагы 3800 аскерине кошумча дагы 600 жоокер жөнөтүүгө макул болгон. Ушуга дейре ооган уруштарында каза тапкан немец аскерлеринин саны 35ке жетти, соңку сурамжылоолор Германия калкынын үчтөн экиси Ооганстандагы аскерлерди тезинен чыгарып кетүү керек деп эсептээрин көргөздү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG