Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Орус-немец экономикалык форуму


Екатеринбург -- Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Россиянын президенти Дмитрий Медведев орус-немец форумунда.
Екатеринбург -- Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Россиянын президенти Дмитрий Медведев орус-немец форумунда.

Екатеринбургда орус-немец бизнес форумунда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Дмитрий Медведев өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин, адам укуктарына байланышкан жагдайды жана иран темасын талкуулашты.

"Петербург диалогунун" уландысы катары өткөрүлгөн жолугушууда немец ишкерлерине кайрылып, орус президенти Дмитрий Медведев Россияда чет элдик инвестияларга, анын ичинде стратегиялык маанидеги ишканалардын тизмесинен чыгарылган компанияларга капитал салуу үчүн кеңири мүмкүндүктөр ачылып жатканын белгиледи.

Орус президентинин айтымында, форумда бизнестин катышуусу аркылуу экономиканы модернациялоо тууралуу кеп болду. "Дүйнөлүк кризис аяктап келаткан учурда бизнес оптимизм үчүн негиз берет, Россияда жакшы, ири долбоорлор бар,аларды биргелешип жүзөгө ашыруу керек", - деп айтты орус президенти.

Екатеринбургдагы бизнес-форумга келген немец делегациясына Volkswagen, Siemens, Airbus, BAFS өңдүү компаниялардын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрүнүн тең жарымы кирди. Алар жыйынга эки учак менен келишти. Тараптар бир нече миллиард доллар суммасында келишимдерди түзгөнгө ниет кылып жатышат.

Медведев Сколководо жогорку технологиялуу борбор түзүүгө өкмөт 5,5 миллиард доллар каражат караганын маалымдады жана бул долбоорго немец ишкерлерин катышууга чакырды. Эмдиги жылды Россияда немец-орус илимий жетишкендиктер жылы деп атаганы жатышат.

Канцлер Ангела Меркел "бу форумга бир нече жылдан бери катышып келатканын жана кырдаал кыйла жандана баштаганын" ырастап, муну "эки тараптын бирин бири жакшы билерин, маселелерди кыйла эркин талкуулай турганын" көрсөткөн белги деп баалады. Ошону менен бирге ортодо айрым бир каскактар бар экенин да моюнга алып, аларды четтетүү зарылдыгына токтолду.

Меркел менен Медведев Россия менен Евросоюз ортосундагы мамилелерге, анын ичинде визасыз карым-катнаш маселесине да кайрылышты. Меркел бул маселени илгерилетүүгө көмөктөшкөнгө даяр экенин бышыктады.

Тараптар тарых боюнча биргелеше окуулук жазуу планынын козгошту. "Биргелешип тарых жазганга мүмкүндүк түзүлгөнү - өз ара таанып-түшүнүшүү жолунда тоскоолдуктар калбаган деңгээлди көрсөтөт. Мындай долбоорго этибар бербей койгонго болбойт",-деп айтты Меркел.

Эл аралык маселелердин иран темасы сөз болду. Ырасмий каналдар, чалгындоо кызматтары аркылуу алынган маалыматтарга таянып, Медведев Иран атомдук программасын өнүктүрүп жатканын айтты. Иран Россиянын "кыйла активдүү жана тарыхый жактан сыналган соода өнөгү экенин" кайталап айтып, орус президенти ошол эле учурда Москва "Тегерандын ядролук программасына, айрыкча анын аскерий өңүтүнө кайдыгер карабай турганын" эске салды. Бу жагынан Россия Ирандан тийиштүү түшүндүрмөлөрдү күтөт жана Тегеранды эл аралык коомчулук менен толук масштабда кызматташканга чакырат.

Маалымат жыйынында Медведевге укук коргоочу активист Наталья Эстемированын өлүмүн иликтөө маселесине байланыштуу суроого жооп бергенге туура келди. Иликтөө жүргүзүлгөн жок деген пикирлерди четке кагып, Медведев укук коргоочуну ким өлтүргөнү так аныкталганын, ага эл аралык издөө жарыяланганын маалымдады.

Бирок укук коргоочулар Эстемированын көзүн тазалаган адамдын ким экени так аныкталганына ишенишкен жок. Мындан бир жыл мурда "Мемориал" борборунун кызматкери Эстемированы Грозныйда кылмышкерлер уурдап кетишкен, ошол эле күнү анын сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG