Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Иранда интернет илкип-калкып калды


Google компаниясы Иранда электрондук кат-кабарлардын агымы кескин сээлдеп кеткенин бышыктады. Өзгөчө ислам ыңкылабынын отуз бир жылдыгы алдында жергиликтүү керектөөчүлөр интернет сайттарга дегеле кире албай калышты.

Калифорнияда жайгашкан бул интернет компаниясынын билдирүүсүндө Google системасы Иранда жакшы эле иштеп жатканы тастыкталат, ошол эле учурда анын электрондук кат-кабар кызматынан пайдалангандар саны кан буугандай кыскарып баратканы да бышыкталат.

Ирандыктардан алынган үзүл-кесил маалыматтарда Тегерандагы режим Google интернет түйүнүн биротоло жапканы жатканы айтылат. Муну өткөн аптада The Wall Street Journal да кабарлаган эле. Басылманын айтымында, Ирандын телебайланыштар мекемеси Gmail ордуна жалпы өлкөнүн жарандары үчүн электрондук кат-кабар алмашуунун улуттук жаңы кызматын түзүп, ишке бергени жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мунун зарылдыгын улуттук интернет технологияларын өнүктүрүү, өкмөт менен элдин ортосундагы ишенимди чыңдоо ниети менен түшүндүрүшкөн.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Филипп Кроули иран бийликтеринин мындай чечиминен кабары жоктугун, ошондуктан аны тастыктап же төгүндөп бере албай турганын моюнга алып, ошол эле учурда буга окшогон долбоорлорду дүйнөлүк интернет тутумунда "Берлин дубалдарын" орнотуу аракети катары баалады.

Кроулинин жосмолунда "иран өкмөтү өз жарандарын ой-санаасын эркин билдирүү укугунан, дүйнөлүк социалдык түйүндөр аркылуу маалымат жана идеяларды алмашуу мүмкүндүгүнөн ажыратууну көздөп жаткан сыяктанат". Бирок "иран эли абдан ийкем, туюктан жол таба билген эл, өкмөт коюп жаткан тоскун-тосмолорду кыйгап өтүүнүн ыкмаларын да таба аларында калет жок",- деп кошумчалады америкалык чиновник.

Иран бийликтери интернет илкип-калкып иштеп калганын техникалык себептер менен түшүндүрүштү. Атап айтканда, Перси булуңунун түбү аркылуу өткөн телебайланыш зымдарына жакында бир кеменин тиши тийип, үзүлө жаздап калган экен, аны ислам ыңкылабынын майрамы өтөр замат оңдоп-бүтөгөнү жатышат.

Өткөн аптанын башталышында мамлекеттик телеканалдардын бири дал ушул жагдайга даттанган эле. "Эмне үчүн биздеги интернет байланыштардын зым түтүктөрү булуң түбүндө ичегеси чубалып жатканын мен түшүнө албайм. Ал жерден ар бир кеме сүзүп өткөн сайын байланыш үзүлүп, интернет иштебей калат. Телебайланыш мекемесиндегилер бери эле дегенде иштин себеп-жөнүн ушундай жагдай менен түшүндүрүп жүрүшөт. Балким, алардын айтканы чын чыгар, ал жерде отурган досторубуз калп айтпайт болуу керек", - деп көрсөткөн жергиликтүү телебаяндамачылардын бири.

Бирок байкоочулар интернеттин Иранда илкий баштаганын барып-келип эле анын сөз жана маалымат эркиндигин ченемсиз кеңейткен таасиринен көрүшөт.

Былтыр жайда бул өлкөдө шайлоо кандай өткөнү, ага удаалаш тутанган коомдук козголоң, кагылыштар тууралуу алыс-жуук жамаат заманбап маалымат технологиясынын жардамы аркылуу кабардар болушту. Калган башка авторитардык режимдердей эле Иран өкмөтү да азыркы байланыш каражаттарын толук басып койгонго күчү жетпесе да алардын мүмкүнчүлүгүн чектөөгө умтулуп жатканы калетсиз.

XS
SM
MD
LG