Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Гаагада Ооган маселеси талкууланууда


Гаагада ооган проблемасына арналган эл аралык жыйын өтүп жатат. Ага 80ден ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Жыйын бүгүн аяктайт.

Гаагадагы жыйынга Улуттар Уюмунун катышуусунда АКШ менен Нидерландия демилгечи болушту. Конференцияны баш катчы Пан Ги Мун менен ооган президенти Хамид Карзай ачып, Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү, норвегиялык дипломат Кай Эйде төрагалык кылып жатат.

“АКШ администрациясынын жаңы башчысы Барак Обаманын Ооганстандагы күч-аракеттерди активдештиргиси келген чечкиндүүлүгү бизди шыктандырды, - деп айтты Карзай жыйынды ачып жатып. – Кошмо Штаттары биз туш келип жаткан чалкештиктерге каршы күрөштү кайра жетектерине үмүт кылабыз. Президент Обаманын жетекчилиги астында Европадагы жана башка аймактардагы союздаштар да активдешерине мен ишенем”.

Жыйынга чакырылгандар арасында Ооганстанды кайра тикелөө ишине катышып жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Гаагага ошондой эле Өзбекстандан башка бардык коңшулаш өлкөлөр да өкүлдөрүн жиберди.

Ооган проблемасын чечүү ишине коңшулар ар түрдүү карашат,айрымдары атүгүл ага катышкысы келишпейт. Бул маселеге президент Карзай атайын көңүл бурду. “Терроризмге каршы күрөштө Ооганстан коңшулардын чыныгы кызматташтыгына муктаж“,- деп айтты ал.

Гаагага Иран тышкы иштер министринин орунбасарын жөнөттү. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул кадамды кубаттап, муну ооган проблемасында Тегеран бийликтери өз ролун түшүнө баштаганына жоруду.

Президент Барак Обама жакында Улуттар Уюмунун катыштырып Ооганстан жана Пакистан боюнча Байланыш тобун түзүүнү, ага Иранды тартууну сунуш кылган эле. Гаагада Клинтон ооган проблемасын жөнгө салуу боюнча Вашингтондун жаңы концепциясы менен тааныштырат.

Клинтон Нидерландиянын ооган жериндеги коалициялык күчтөрдүн миссиясына катышып жатканына жогору баа берди. “Бу озуйпа жекече жана коллективдүү планда кандай курмандыктар менен байланышы бар экенин биз жакшы түшүнөбүз,-деп айтты Клинтон жыйын башталар алдында. –Бирок ал өзгөчө ийгиликтүү болду. Жаңы стратегиялык план көп жагынан Нидерландия Ооганстанда жетекчиликке алган идеялар менен принциптерге негизденет“.

Ооганстанга көмөктөшкөнгө Россия да даяр экенин президент Дмитрий Медведев өткөн аптада тастыктаган. Ошол эле учурда ал “Ооганстан демократияга өз жолу менен барышы керектигин“, “алянстардын жардамына таянып же тыштан туруп оогандыктарды башкаруу мүмкүн эместигин“ да белгиледи.

Ырасмий Тегерандын көз карашы да ушуга окшош. Тышкы иштер министринин орунбасары Мохаммед Мехди Акунзаде Гаагага келер алдында “ чет элдик аскерлер ооган жерине тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүк алып келе албай турганын“, тетирисинче, радикализмди гана күчөтөрүн“ билдирген эле.

Гаагадагы жыйын бүгүн кечинде аяктайт. Ага катышкандар биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

XS
SM
MD
LG