Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Качкынбы же экстремистпи?


Бишкекте жыйырма бир жаштагы Өзбекстан атуулу Шерали Хамдамов милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага төрт берене боюнча айып тагылуда. Ага конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудурган баракчаларды таркаткан, тыюу салынган уюмга мүчө болгон деген сыяктуу айыптар коюлууда.

21 жаштагы Шерали Хамдамов аттуу Өзбекстандын жараны ушул эле жылдын 18-февралында Бишкекте кармалып, ага карата бир катар беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өткөн, жарандардын укуктарына каршы келген иш-чараларга катышкан, конституциялык түзүлүштү бузууга үндөгөн деген айыптар тагылууда.

Хамдамовдун соту Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда бүгүн экинчи жолу болуп, айрым күбөлөр келбегенине жана кошумча иликтенчү маселелер болгондугуна байланыштуу судья Жаңыл Мамбет сот процессин белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды.

Адвокаттардын айтымында, айыпталуучу Хамдамов Өзбекстанда куугунтук жеген жарандардын катарына кирет. Анын апасына да куугунтуктар болуп, качкын статусун алуу менен Канадага тез арада качып кетүүгө аргасыз болгон. Өзбекстанда калып калган Шерали Хамдамов былтыр БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы менен Кыргызстандын Миграция жана жумуштуулук комитетинде “качкын статусун суроочу” катары катталган. Быйыл жазда ал кыргыз-өзбек чегарасын мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарына келген.

Анын адвокаты Сартбай Жайчыбеков анын иши тууралуу буларды айтты:

“Хамдамовдун иши боюнча айта турган болсок, бул – кылмыш ишин ачтык деген статистиканы көбөйтүш максатында эле жасалган. А чынында анын үйүнөн “Хизб-ут-Тахрирге” тиешелүү баракчалар табылган эмес. Муну мен оперативдик кызматкерлердин тиркей койгон журнал, баракчалары деп эсептейм. Ошол себептүү бул жасалмалоочулук менен жүргүзүлгөн иш деп санайм. Андан тышкары процессуалдык көптөгөн мыйзам бузуулар бар. Эми анын баарын санап отурганга өтө көп убакыт керек”,- дейт Сартбай Жайчыбеков.

Бүгүн болгон сот процесси учурунда, Хамдамов тагылып жаткан айыптарды мойнуна албасын, эч кандай экстремисттик уюмдарга тиешеси жоктугун, бир гана чегараны мыйзамсыз өткөндүгүн мойнуна аларын ырастады. Айыпталуучуну кармаган милиция кызматкерлери келбегенине, кошумча иликтенчү иштер чыгып калганына байланыштуу сот иши кайрадан кийинкиге жылдырылды.

Хамдамов кыргызча же орусча такыр билбегендигине байланыштуу, анын иши котормочу аркылуу жүргүзүлүүдө. Анын ишин которуп берип жаткан Өзбекстандык саясат талдоочу Ташпулат Юлдашевдин айтымында, Хамдамовго камакта дурус эле мамиле жасалып, уруп-согуу же коркутуу деген болгон жок. “Өзбекстанда болгондо эмгиче аны кыйноого алып, баарын мойнуна алдырышмак, бирок бул жактын милициясы деле аны туура эмес кармап, туура эмес айып тагылды”,- дейт ал:

“Хамдамовду процессуалдык кодексти бузуу менен кармашкан. Себеби, ал кыргыз же орус тилин такыр билбейт. Аны кармап, диний маанайдагы окуулуктарын алышкан маалда бир документ түзүшкөн, милиция бөлүмүнө келгенде башка документ түзүшкөн. Кийинкисинде “Хизб-ут-тахрирге” тиешелүү адабияттар бар деген айыптар тагылган. Милиция өз документтерин көргөзүшкөн эмес. Анын укуктарын түшүндүрүшкөн эмес. Ага котормочуга же адвокаттарга кайрылууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес”,- дейт Ташпулат Юлдашев.

XS
SM
MD
LG