Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

"Жибек ыңкылабына" - 20 жыл


Саясий санаалаштар. Чехиянын жана Полшанын мурдагы президенттери Вацлав Гавел (солдо) менен Лех Валенса Варшавадагы пабдардын биринде.10-март 1998-жыл.
Саясий санаалаштар. Чехиянын жана Полшанын мурдагы президенттери Вацлав Гавел (солдо) менен Лех Валенса Варшавадагы пабдардын биринде.10-март 1998-жыл.

Эмдиги айда Чехияда 1989-жылдагы "жибек ыңкылабына" жыйырма жыл болот. Ушул датаны утурлап, өлкөнүн экс-президенти Вацлав Гавел өткөн аптада маалымат жыйынын өткөрдү.

Жыйынга 1989-жылы ноябрда түзүлгөн Жарандык форумдун ветеран-активисттери Вацлав Гавел, Майкл Зантовски, Александр Вондра жана Иржи Крижан катышты.

Жыйырма жыл мурда алар ошо кездеги чехтердин коммунисттик өкмөтү менен дээрлик бир айдай жүйүр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. 9-ноябрда Берлин дубалы урап, эки немец өлкөсү бириккени чехиялык демократтарга дем берген. 17-ноябрда Прагада полиция массалык демонстрацияны кууп таркаткан. Ушул окуя ыңылаптын бурулуш учуру болгон.

Муну Гавел да тастыктап, ошону менен бирге жалпы жагдай ага чейин эле өзгөрүп калган болчу деп эскерди. Өзгөчө Берлин дубалы кулаган соң чыгыш Германиядан миңдеген немецтер Прагада Батыш Германиянын элчилигине келип баш корголоп, чехтер аларга ачыктан-ачык ылым санап, бийликтердин опузасын тоготпой, тамак-аш, кийим-кечек жеткирип турушкан. Түбү жибип, копшолуп калган күрткүдөй күү этип бир көчкү болору, анын эпкини коомдо кадимкидей байкалып калган эле.

"Ошондогу маанай мага биринчи мерте абал көпкө созулбасын таасын туйгузду",-деп айтты Гавел. Ага чейин, 28-октябрда бийликтер Гавелди кайрадан камашкан. Машинада алып бараткан полицмендердин бири: "Кана,пан Гавел,көчкү качан башталат?" – деп какшыктап сураган.

"Мунун өзү дубал урай баштаганын, Берлин дубалы эмес, жалпы маанидеги "темир коргон" кычырап, түбүнөн омкорула баштаганын билдирген жышаан эле",-деп эскерди Гавел.

Ыңкылаптан соң Гавел Чехословакиянын, эки республика бөлүнгөндөн кийин Чехиянын президенти болду. Өлкө өткөөл доорго кирди, акырындап турмуш өз нугуна түшө баштады. Чехия Евросоюзга мүчө болду.

Эгер баары кайра башталса, Жарандык форумдун азыркы мүчөлөрү ошондогудан башкача кадамдарды тандап алышат беле?

Журналисттердин ушундай соболуна жооп берип, Гавел бир катар кемчиликтер кеткенин моюнга алды. "Ошол эле учурда көп каталыктардан коомду сактап да кала алдык, - деп көрсөттү Гавел. – Негизги максат демократиялуу, укукчул мамлекет, адам укуктарын урматтаган, рынок экономикасын өнүктүргөн коом куруу болгон. Мунун баары көптөгөн кыйынчылыктарга, күтүүсүз жагдайларга карабай аз-аздап болсо да ишке аша баштады. Деген менен ошо кездеги идеалдардан баары бир баш тартмак эмеспиз".

Ушу туштагы проблемаларга кайрылып, кабарчылар азыркы президент Вацлав Клаус Евросоюзга бир катар талаптарды коюп,Лиссабон келишимине кол койгондон баш тартып жатканын эске салышты. Клаус келишим күчүнө кирген соң айрым өлкөлөр дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки жагдайга жамынып, чехтерге олуттуу доомат-догун артышы мүмкүн деп кооптонот.

"Бул өтө кечиккен жана ынанымсыз аргумент, мен буга абдан өкүнөм, анткени мындан Чехиянын аброюна шек кетет",- деп айтты Гавел.

Президент Клаус кантип жана эмне себептен ушундай чечимге келгенин териштиргенден Гавел баш тартты. Бирок муну "жоопкерчиликсиз жана кооптуу кадам" деп атады. Лиссабон келишими быйыл жыл этегине чейин баары бир ратификациядан өтөрүнө Гавел кабарчыларды бөркүндөй ишендирди.

Бухаресттик журналист мындан жыйырма жыл мурдагы революциялар айрым өлкөлөрдө эмне үчүн тынч, ал эми кээ бир жерлерде, мисалы, Румынияда кандуу мүнөздө өткөнүн кантип түшүндүрсө болоруна кызыкты эле, Гавел буга тамашага чаргыта жооп берди.

"Ар түрдүү өлкөлөрдүн ар түрдүү салты болот, - деп айтты ал. – Башкалардан айрымаланып, чехтер менен словактар талаштуу иштердин баарын куралдуу майданда эмес, пиво ичкен пабдарда чечкенди жакшы көрүшөт".

XS
SM
MD
LG