Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Гондурастын президенти өлкөгө кайтып келерине ишенет


28-июнда Гондураста аскердик төңкөрүш болду. Козголоңчулар өлкө башчысы Мануэл Селайяны таң эрте камакка алып, өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Гондурастын парламенти демократиялык жол менен тандалган Селайянын ордуна убактылуу президентти дайындады.

Байкоочулардын баамында, Гондурастагы кырдаал бир жагынан жылмайууну жаратат. Алдыда боло турган окуялардан бейкапар уктап жаткан президент Селайяны таң атпай кирип келген жүздөгөн жоокерлер ойготуп, ал кийингенге гана үлгүргөн. Жоокерлер бир заматта өлкө башчыны аскердик учакка отургузуп, коңшу Коста-Рикага айдап жиберишкен.

Түнүндө болгон окуялардан кабарсыз Гондурастын эли ойгонгондо, Селайянын ордуна жаңы президент дайындалганы тууралуу маалыматты укту: президенттик сарайды парламенттин төрагасы Роберто Мичелетти башкарып калганы жарыяланды.

Тарыхка үңүлө турган болсок, Латын Америкасында мындай төңкөрүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Маселен, Никарагуанын диктатору Анастасио Сомоса дүрмөттөлгөн унаага отургузулуп, өлкөдөн айдалса, Чилинин башчысы Салвадор Аленде ак сарай бомбаланганда атышып жатып окко учкан.

Гондурастын Жогорку сотунун ырасташынча, президент Селайя Башмыйзамды бузууга аракеттенгени үчүн армиянын катышуусу менен төңкөрүш жасалган. Кийинки жылдын январь айына белгиленген президенттик шайлоого чейин өлкө башчынын милдетин убактылуу Роберто Мичелетти аткармакчы.

Роберто Мичелетти
Өлкөдө 48 саатка чукул кырдаал киргизген Мичелетти жекшемби күнү (28-июнда) калкка кайрылды:

- Бул – соттун чечими. Өлкөдөгү конституциялык тартип бузулган. Мурдагы президенттин учурунда биздин өлкөнүн мыйзамдары одоно бузулгандыктан парламент Жогорку сотко кайрылууга мажбур болгон.

Гондурастагы саясий кризис Селайянын референдум өткөрүү тууралуу чечиминен кийин тутанды. Президент Мануэл Селайя Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, дагы төрт жылдык мөөнөткө шайлануу укугун калктын сынына коймок. Азыркы Баш мыйзам боюнча президент бир мөөнөткө гана шайлана алат.

Иш жүзүндө Гондурасты башкарган акчалуулардын элитасы референдумду улутташтыруу жараянынын башталышы катары кабыл алып, мунун соңунда өлкө башчы Селайя түбөлүккө президент болуп калат деп кооптонушту. Себеби жакында эле Мануэл Селайянын санаалашы, Венесуэланын президент Уго Чавес өз өлкөсүнүн Баш мыйзамын өзгөртүп, бир нече жолу президенттикке шайлануу укугуна ээ болгон.

Өлкөдөн куулган Мануэл Селайя унчукпай отуруп калбасын билдирди. Жекшемби күнү Селайя Коста-Риканын ордо калаасы Сан-Хоседе маалымат жыйынын өткөрүп, буларды айтты:

- Мен Гондурас эли шайлаган мыйзамдуу президент бойдон кала берем. Кошумчалап кетейин, мен өз өлкөмө кайтып барам. Мен президент катары кайтып келем жана башкарууну өз колума алам. Бүгүн мени алар күч менен чыгарышты. Бирок мени коштой турган эр жүрөктөр чыгаарына ишенем.

Ал аралыкта Манагуа шаарында Венесуэланын президенти Уго Чавес ALBA ынтымакташтыгынын мүчөлөрүн чукул жыйынга чогултту. Бул биримдикке Уго Чавес менен Гондурастын куулган президенти Мануэл Салайядан сырткары Боливиянын президенти Эво Моралес, Эквадордун лидери Рафаэл Корреа жана Никарагуанын президенти Дэниел Ортега киришет.

Өз сөзүндө Уго Чавес Гондурастын президентин чукул арада өлкөгө кайтаруу керектигин белгилеп, бул төңкөрүштүн артында Вашингтон турушу мүмкүн деп ишаара кылды.

Вашингтон мындай айыптоону четке кагып, президент Барак Обаманын өкмөтү Селайяны Гондурастын мыйзамдуу башчысы катары тааный турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG