Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

HRW: Кыргызстанга тез арада эл аралык полиция киргизиш керек


Human Rights Watch уюму Кыргызстанга тез арада эл аралык полиция киргизүү керектигин жана токтоосуз эл аралык иликтөө баштоо керектигин айтууда. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол болсо кыргыз өкмөтү Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө макулдук беришкенин билдирди.

Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы кырдаал боюнча тынчсыздануусу - адам укуктарына байланыштуу.

Аталган уюм кыргыз бийлигинен тез арада июнь окуясына себепчи деген негизде өзбек тектүү жарандарды жөн жеринен кармап-камоону токтотууну, тергөө учурунда аларды кыйнабоону талап кылууда. Ош жана Жалал-Абадда күч органдары адам укуктарын бузуп аткандыгы тууралуу маалыматтарды Human Rights Watch уюму аталган аймактагы кызматкерлеринен алып атышканын, өз кезегинде аларга мындай укук бузуулар тууралуу фактыларды ишенимдүү булактар жеткирип атышканын билдирет. Ошентсе да Human Rights Watchтун билдирүүсүндө денеси көк ала болгондордун сүрөттөрү жана өзбек тектүүлөрдүн айтып бергендеринен башка конкреттүү фактылар бар экени айтылган эмес.

Уюмдун билдирүүсүнө караганда, мындай укук бузуулар июнь окуяларын объективдүү, калыс иликтөөгө жолтоо болот жана кырдаалдын мындан ары курчуп кетишине жол берет. Уюмдун кызматкерлери өздүк иликтөөлөрүн жүргүзгөн учурда күч органдарынын аракеттеринен улам ондогон адамдын денеси көк ала болгон фактыларды, ал тургай мындай аракеттерден улам бир адам көз жумганын катташкан делет.

Human Rights Watchтун жетекчисинин өзгөчө кырдаалдар боюнча орун басары Анна Нейстаттын айтымында, 16-17-июлда Астанада өтчү ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда, биринчи маселе катары Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштыруу маселеси каралышы керектигин билдирет.

АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфол болсо кечээ күнү кыргыз бийлиги эл аралык полиция киргизүүгө макулдугун бергенин билдирген. Human Rights Watch сыяктуу эле ал да өзбек тектүүлөрдүн укуктары көбүрөөк бузулуп аткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин айтат:

- Кошмо Штаттар Кыргызстанда адам укугунун сакталышы, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө кыргызстандык өзбек улутундагы жарандардын укугунун сакталышында биртоп өксүктөр бар экендигине тынчсызданууда.

БЭК партиясынын негиздөөчүсү, Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тейлеп келген Азимбек Бекназаровдун айтымында, М.Макфолдун жана Human Rights Watch сыяктуулардын өзбек улутундагылардын укуктары көп бузулуп атат деп айтуусуна негиз жок. Эгерде эл аралык күчтөр ушул нерсеге таянып Кыргызстанга полиция киргизе турган болсо, анда бул эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү, касташууну күчөтүү болуп саналат:

- Ошондой маанайда, ошондой негизде келатабыз десе, анда бул биздин ички саясатка кийлигишүү болуп эсептелет. Бул тескерисинче улуттар аралык жакындашууну эмес, улуттар аралык касташууну күчөтөт. Анткени алар бир тараптуу иш жүргүзүп, бир тараптуу пикир айтканга негиз жок. Кыргызстанда жабыр тарткан – бул кыргыз эли, кыргыз улуту болуп атат. Менин жеке пикиримде эл аралык полиция киргизүү терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Салтахан Жолдошева баласын милиция алып кетип калганын, барышса көргөзбөй коюшканын айтат:

- Кечинде талаадан келген баламды алып кетип калышты. Саат бештер болчу. Барганыбызда комендант бизди киргизбей, баламды көрсөтпөй коюшту...

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын тиешелүү бийлик органдары биргеликте жүргүзүп атышат.

Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин жетекчиси Сейит Убукеев “Азаттыкка” билдиргендей, азарынча ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси талкуу процессинде турат. Анын айтымында, бийлик бул боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп атканы менен алардын кирер-кирбеси тууралуу маселеге чекит коюла элек.

XS
SM
MD
LG