Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

БУУнун Атомдук мекемесин япониялык дипломат Юкия Амано жетектемекчи


Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин жаңы жетекчиси Юкия Амано, Австрия, 26-май 2009-жыл
Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин жаңы жетекчиси Юкия Амано, Австрия, 26-май 2009-жыл

2-июлда Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин (IAEA) жаңы башкы директору шайланды. 4 айга созулган бир нече айлампадан турган шайлоонун натыйжасында агенттикти япониялык дипломат Юкия Амано жетектемей болду. Мурдагы башкы директор Мухамед Эл-Барадеи ушул ноябрда кызматынан кетүүдө.

Япониянын агенттиктеги элчиси Амано башынан эле фаворит катары аталып жүрдү. Арийне, мартта шайлоонун биринчи айлампасында Аманого жеңүү үчүн бир эле добуш жетпей калган. Баш кеңсеси Венада жайгашкан Улуттар уюмунун атомдук мекемесинин башкаруучулар кеңешине кирген 35 өлкөнүн өкүлдөрүнө жаңы жетекчи тандоо үчүн бир нече ай талап кылынды.

Амано аны көпчүлүк колдогондугу үчүн эмес, бир өлкө добуш берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жеңди. Япониялык талапкерди Батыш мамлекеттери, асыресе АКШ колдоп келди. Амано Ирандын атомдук программасына байланышкан кризисти жөнгө салууда Тегеран менен кызматташуу керектигин айтып, Вашингтондун жаңы администрациясынын Иран бийликтери менен маселени талкуулоого даярдыгын кубаттаган эле. Ушундан улам, бир катар өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү түштүкафрикалык талапкер Абдул Самад Минтиге добуш беришти. Калган 3 кандидат – Испания, Бельгия жана Словениянын өкүлдөрү жарыштан буга чейин чыгышкан.

Мындай минималдуу жеңишти кээ бирлер, маселен, Россия өкүнүү менен кабыл алышты. Мекеменин алдында турган бир топ кыйын маселелерди чечүүдө жаңы баш катчынын авторитети талашсыз болуш керек, - дешет айрым байкоочулар. Андай олуттуу маселелердин арасына Иран жана Түндүк Кореянын атомдук программалары кирет. Аны менен катар Сирия бул тармакта тыюу салынган иш алып барып жатат деген айың кептер айтылууда. Бул аралыкта жакыр өлкөлөр тынчтык максатында колдонулчу ядролук технологиялар менен бөлүшүү керектигине басым жасашууда.

Амано шайлоодогу жеңишине кубанаарын айтып, атомдук куралдын жайылышын алдын алуу үчүн аракеттенерине ишендирди:

- Ал үчүн агенттиктин бардык мүчөлөрүнүн, түштүк, түндүк, чыгыш же батыш өлкөлөрү болобу, тилектештиги өтө маанилүү.

Бирок ал Иран маселесин сөз кылган жок. Батыш Тегеран атомдук энергия программасына жабынып, ядролук бомбанын үстүнөн иштеп жатат деп айыптоодо. Иран аны четке кагууда. Өлкөнүн атомдук иш-аракеттери агенттиктин көзөмөлүнө алынган.

Февралда берген интервьюсунда Амано Иран менен диалог куруу, Тегеранга урматтоо менен мамиле кылуу керектигин айткан.

- Текшерүүчүлөр Иранда ишин улантышууда. Өлкө ядролук куралды жайылтпоо келишимине кирет. Бирок азырынча диалог үчүн эффективдүү пайдубал жок. Иран менен сүйлөшүү үчүн жемиштүү системанын пайда болушу кубаттоого арзыйт.

62 жаштагы Амано атомдук куралды жайылтпоо маселелерине адистешкен кесипкөй дипломат. Ал теги египеттик Мухамед Эл-Барадеинин ордун басмакчы. Баш катчы кызматын 12 жыл аркалаган Барадеи 2005-жылы Нобель тынчтык сыйлыгына татыган.

XS
SM
MD
LG