Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

"Имедиге" Саакашвили гана ишенет


"Имединин" жалган репортажын көпчүлүк айыптады,жалгыз президент Саакашвили гана байистүү маанайда баалады.
"Имединин" жалган репортажын көпчүлүк айыптады,жалгыз президент Саакашвили гана байистүү маанайда баалады.

Грузияда оппозиция миңдеген жарандардын атынан "Имеди" телеканалына доо арыз камдап жатат. Өткөн ишемби күнү кечки эфирде "Имеди" орустар менен кайрадан согуш башталганы тууралуу кыялый репортаж көрсөтүп, өлкөнүн калкын дүрбөлөңгө түшүргөн эле.

"Имединин" ишемби күнкү "чыгармачыл тапкырлыгын" телеканалга каршы доо арыз даярдап жаткандар "психологиялык диверсия" катары баалашты. Калктын моралдык жана материалдык жабырын алар каналдан толук өлчөмдө өндүрүп алганы жатышат.

Орус армиясынын Грузияга жапырык салып, жайпап басып киргенин жалгамалап жасап, жалган репортажга айлантып көрсөткөнү үчүн "Имедини" оппозиционерлер эле эмес, аброй-бедели бар көптөгөн адамдар айыпташты. Грузин патриархы Илия II репортажды "жийиркеничтүү" жана элди "мазактаган" иш деп атады. Сынчылардын хоруна АКШ, Евросоюз, Россия кошулду.

АКШнын Тбилисидеги элчиси Жон Бас сөз болгон сюжет "журналисттик стандарттарга төп келбегенин" белгилеп, бул жоопкерчиликсиз кадам болгонун, өлкөдөгү жагдайды жөнгө салганга жардамдаша албай турганын эскертти. Евросоюздун Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Питер Симнеби "Имединин" айынан ички саясий жиктелүү ого бетер күч алышы мүмкүн деген камтамачылыгын билдирди.

Жадесе президент Саакашвилинин жакын санаалашы, парламент спикери Давид Бакрадзе да мындай формадагы жана мазмундагы телерепортаждарды эфирге чыгаруу таптакыр жол коюлгус иш экенин айтып, бу жоругу менен "Имеди" элди эле чочутпай, инвесторлорду да үркүткөнүн кескин апазда сынга алды. Акырында телеканалдын жетекчилиги жалпы калктан кечирим сурады.

Жалган репортажга жалгыз гана Саакашвили башкачараак өңүттөн баа берди. "Кечээги сюжет, тилекке каршы, чындыкка абдан жакын болду, ошондуктан эл ичине апалаң-тапалаң салганы карабастан, менимче, бул репортаж аларга (орустарга) өз пландарын ишке ашырганга чоң каскак түздү",- деп ырастады Саакашвили жекшемби күнү Болнис районунда калк менен жолугушкан маалда.

Саакашвили репортаждын жалган экенин телеканал эскертпей койгонун гана айыптады. "Ошону үчүн кечээ биз көргөн картина абдан жагымсыз болду, албетте, ал башкача таризде берилсе болмок. Андан жадакалса мени көрүп турган көзүнө ишене албай, менин чоң энем да чок баскандай секирип кетти",- деп айтты грузин президенти.

"Имедини" маркум миллиардер Бадри Патаркацишвили негиздеген жана оппозициялык маанайдагы канал катары таанылган. Бизнесмен каза болгон соң "Имеди" бийликтин колуна өтүп кеткен. Миллиардердин үй-бүлөсү каналдын ишемби күнкү репортажын айыптап, "Имедини" кайтарып берүүнү талап кылды.

Бул окуяга чет элдик басылмалар да кайрылышты. Guardiаn гезити "капыл-тапыл жолго камынып калышкан британдык жана америкалык репортерлорго Sunday Timesтын мурдагы кабарчысы, азыр грузин өкмөтүнө иштеп жаткан журналист "Жалган" деген бир ооз SMS-кабар жөнөтүп, алардын көкшүнүн суутканын жазып чыкты.

Россия жана бийликтердин көзүн караган орус басылмалары көптөн бери эле Саакашвилини "коркунучтуу маняк" кылып көрсөтүп келатышкан эле. "Имединин" репортажынан улам Кремлдеги саясатчылар грузин президентинин акыл-эси чын эле жайында эместигине өздөрүн ого бетер ынандырганга кошумча аргумент алгандай болушту",-деп белгилейт Guardiаn.

XS
SM
MD
LG