Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Индияда башкаруучу партия бийлигин бекемдеди


Индия -- Өлкөдөгү парламенттик шайлоо бир айга созулду жана анын жүрүшүндө борбуйлуу калктын 60 проценти добуш берди.
Индия -- Өлкөдөгү парламенттик шайлоо бир айга созулду жана анын жүрүшүндө борбуйлуу калктын 60 проценти добуш берди.

Индияда башкаруучу партия дагы беш жылга бийликте калды. Бир айга созулган жалпы элдик шайлоодо Индиянын улуттук конгресси жетектеген Бириккен прогрессивдүү альянс блогу жалпы эсепте парламенттин төмөнкү палатасындагы 543 мандаттын 262син утуп алды.

Шайлоонун жыйынтыгы дайын болор замат башкаруучу альянстын жеңишин анын тарапкерлери азан-казан жыйынга чогулуп белгилешти.

Премьер Манмохан Сингх партиянын миллиондогон колдоочуларына ыраазылык билдирип, "Индиянын эли өз пикирин айтканын, айтканда да таасын айтканын" белгиледи.

Премьер шайлоонун жыйынтыгы элдин ишенимин актоо үчүн күч-аракеттерди арттырганга, өкмөттү элдин кам-чомун көргөн,өлкөдөгү саясаттын эң мыкты өнөгөлөрүн өркүндөткөн, туруктуу жана адилеттүү өнүгүүнү камсыз кылган, жек көрүүнүн жана зобун-зомбулуктун ар кандай түрүнөн оолак турган бийликке айлантканга мүмкүндүк берерине ишенет.

Дүйшөмбү күнү Сингх президент Пратиба Патилге өкмөт башчылык милдетинен бошонум сурап кайрылып,ошол эле күнү жаңы кабинет түзүүгө мандат алды. Мунун алдында ал Индиянын улуттук конгресс партиясынын президенти Соня Ганди менен кеңешме өткөрүп, жаңы өкмөттүн курамын талкуулады.

Башкаруучу партиянын жеңиши Индияда баарыдан мурда өкмөткө дагы беш жыл туруктуу иштегенге кепилдик түзөт. Буга кошо регионалдык стабилдүүлүктүн чыңдалышына да таасирин тийгизе алат.

Исламабаддык аналитик Талат Масуд Индиянын улуттук конгресс партиясынын жеңишин Пакистан үчүн да жакшы кабарга жоруду. Мурдагы өкмөт Кашмирге байланыштуу талашты чечкенге кызыкдарлыгын көрсөткөн, эми ал бийликте калган соң бул проблема боюнча тоңо түшкөн сүйлөшүүлөрдүн жанданышына да үмүт жаралды.

Былтыр Мумбайдагы окуялардан улам курчуй түшкөн эки өлкөнүн мамилелерине токтолуп, Масуд экстремисттерге каршы Пакистан өткөрүп жаткан операциялардын ийгилиги өтө пайдалуу экенин Индия түшүнө турганын, анткени батыштагы коңшусу стабилдүү болсо, жалпы аймакка баракатчылык келерин жашы билерин белгиледи. А кокус Пакистан экстремистчил күчтөрдү ооздуктай албай калса, алар Индияга да кесепетин тийгизери калетсиз.

Лондондогу "Jane's Defense Weekly" басылмасынын Нью-Делидеги кабарчысы Рахул Беди регионалдык жаңы чалкештиктерге Пакистандан тышкары Шри Ланкадагы, Непалдагы, Бангаладештеги проблемаларды кошту жана регион азыр алоолоп баратканын айтып, Индиядагы шайлоонун натыйжасы ушул кризистерди чечүүнүн акыл-эстүү платформасын аныктаганга шарт түзөт деген үмүтүн билдирди.

Индиянын жаңы өкмөтүн түзүүгө мыйзам эки апта мөөнөт берет. Парламент 2-июнда өз ишин баштоого тийиш.

Башкаруучу партиянын башкы атаандашы – Бхаратия жаната партиясы (БЖП) жетектеген Улуттук демократиялык алянс төмөнкү палатадан 153 мандат алды.Андан кийинки орунга 60 мандат менен "Үчүнчү фронт" партиясы чыкты.

XS
SM
MD
LG