Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Грузин оппозициясы башкы талабынан кайткан жок


Грузияда оппозициячыл кыймылдардын эки ай мурда башталган демонстрация-митингдери уланууда. Башкы максат мурдагыдай эле – президент Михаил Саакашвилини кызматынан кетирүү.

Өлкөнүн Бириккен улуттар уюмундагы экс-элчиси, ушу тапта “Грузия үчүн” деп аталган оппозициячыл альянсты жетектеген Иракли Аласания “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берип, өкмөткө каршы кыймылдар узакка созулган акциялары менен эмнелерге жетишкенин, өзүнүн алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Грузиядагы соңку нааразылык акцияларына туура 2 ай толгон күнү, 9-июнда оппозиция Ички иштер министрлиги алдына миңдеген кишилерди алып чыгаарын эскертти. Шейшембиде өлкөнүн батыш тарабында темир жолдо жардыруу болгону кабарланды, ал жерде адамдар жабыр тарткан жок, бирок чет өлкөлүк маалымат агенттиктери “бийлик талаш уланып жаткан бейстабилдүү Грузияда теракт катталды” деп жазып чыгышты.

Иракли Аласания – ушул эки айдан бери көчө акцияларын уюштуруп келаткан оппозиция арасынан жолдорду бууп, коомдук жайларды басып алуу ыкмаларын колдобогон сабырдуу саясатчы саналат. Ал жакынкы күндөрү жаңы саясий партия түзөөрүн жарыялап, оппозиция тарапты бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөп келатат. “Азаттыктын” Тбилисидеги студиясына келген Аласания мырза адегенде 9-апрелде башталган демонстрация-митингдер кандайдыр максатка жеттиби? Алардан кандай сабак алдыңар? – деген суроого төмөнкүдөй жообун узатты.

- Бир жарым айдан узакка созулган демонстрацияларды биздин чоң ийгилик деп эсептейм. Коомчулук, катардагы жарандар бул акциялардан бир да күн четтеген жок. Андан улам оппозиция болобу, өкмөт, же эл аралык коомчулук болобу, - өлкөдөгү саясий кризисти чечмейин каршылык көрсөтүү токтобой турганын түшүнгүдөй болду.

Нааразылык акциялары оппозицияга көп упай алып келди. 26-май күнү өзүңөр көрдүңөр, бизди колдоп көчөгө 50 миңдей киши чыкты. Ушул жана башка окуялар бизди көчө акцияларынын тактикасын өзгөртүү керек деген ишенимге алып келди.

Грузиянын Улуттар уюмундагы экс-элчиси, 35 жаштагы Иракли Аласания – оппозиция кызматынан кетүүсүн талап кылып жаткан Михаил Саакашвилинин татыктуу атаандаштарынын бири саналат. Ал былтыр декабрь айында Нью-Йорктогу дипломаттык кызматынан баш тартып, парламенттин экс-спикери Нино Буржанадзенин артынан оппозицияга кошулганын жар салган. Азыр эми ал жетектеген “Грузия үчүн” альянсы грузин оппозициясынын алты талаптан турган ультиматумун колдойт, бирок жолдорду бууп, вокзал-аэропортторду басып алууга үндөгөн чакырыктарга кошулбайт.

Саакашвилинин отставкага кетүүсү, чукул президенттик шайлоо жарыялоо жана күздө парламенттик шайлоо өткөрүү, күч органдарынын башчыларынын баарын кызматтан алуу өңдүү чечкиндүү алты талаптын баары аткарылмайын оппозиция көчөгө чыга береби, же алардын ар бири өзүнчө каралышы мүмкүнбү? – деген суроого Иракли Аласания биз сүйлөшүүдөн качпайбыз деп жооп берди.

- Биздин сунуш алты талаптан турганы – биз ал алты маселенин ар бирин ачык талкуулоого даярбыз деген сөз. Алардын ичинен бул биринчи талкууланышы керек деп да талап кылбайбыз, каалаган тартипте кете бериши мүмкүн. Биринчи маселе боюнча макулдаша албасак, кийинкилери – калыс шайлоо өткөрүү, күч органдарын саясаттан четтетүү, аларды шайлоого аралаштырбоо өңдүү башка маселелер каралышы мүмкүн.

Декабрда кызматын тапшырып жатып, Аласания – грузин президенти сепаратисттик аймактар чатагын чечүү шансын колдон чыгарды деп айтты эле, азыр да ал Грузиянын өзүндөгү саясий бейстабилдүүлүк чек ара тилкесинде кырдаалдын курчушуна түрткү болууда, Саакашвили былтыр Түштүк Осетиядагы согуштан кийин түзүлгөн жагымдуу эл аралык шарттарды пайдалангандын ордуна ички душман менен алпурушуп жатып алды деген нааразы пикирин кайталады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG