Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Ирандын куралдуу күчтөрү өзөктүк жайларды коргоого даярданууда


Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы, генерал Ахмад Мигани. Тегеран, 21-ноябрь, 2009-ж.
Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы, генерал Ахмад Мигани. Тегеран, 21-ноябрь, 2009-ж.

Иран эгерде душман кол салса, жооп иретинде сокку урууга даяр экенин эскертти.

Ага удаа Ирандын куралдуу күчтөрү килейген аймакта беш күндүк кеңири согуштук машыгуудан өтө баштады.

600 миңдей чарчы километрлик аянтта өтүп жаткан кеңири аскердик көнүгүүлөр ыкмытал душмандын абадан чабуул коюшуна бөгөт коюп, армиянын ар түрдүү бөлүктөрүнүн биргелешкен аракетин чыңдоону көздөйт. Ирандын ырасмий маалымат агенттиги ИРНА кабарлагандай, машыгуулар буга чейин болуп көрбөгөндөй кеңири масштабда өтүп жатат. Азаттык радиосунун иран кызматы, же Фарда радиосунун кабарчысы Хосейн Ариян көнүгүүнүн башкы жаңылыгы катары алгачкы ирет өлкөнүн абадан коргонуу системасы бир калып салынып, чыныгы сыноодон өтүп жатканын белгилейт. “Ал милдет буга дейре Ирандын аба күчтөрүнө жана Ыңкылапчыл гвардияга жүктөлгөн эле. Жакында эле алардын баары бириктирилип, абадан коргонуу күчтөрү аталып калды. Анын башкы максаты, албетте, өлкөнүн башкы обьектилерин, өзөктүк жайларын коргоо болмокчу”, - дейт Ариян.

Бул машыгуулар башталаар алдында Ыңкылапчыл сакчылардын эң жогорку өкүлдөрүнүн бири Израил кол салчу болсо, Иран Тель-Авив тарапка ракета жаадырууга даяр деп эскерткен эле.

Израил жана АКШ Иран Ислам республикасынын талаштуу өзөктүк программасы опурталдуу багытка бурулса, аны токтотуш үчүн аскердик аракеттер көрүлөөрүн айтып коркутушкан. Батыш өлкөлөрү расмий Тегеран өзөктүк отун өндүрүү шылтоосуна жамынып алып, атомдук курал даярдоо аракетин көрүүдө деп шектенет.

Ирандагы согуштук оюндар Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө жана Германия Тегеран Улуттар уюму ортомчулук кылган эл аралык сунушту четке какканына терең өкүнүчүн билдиргенден эки күн өтпөй башталып олтурат. АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия Иранды эскерткен билдирүүсүн Брюсселде таратышкан.

Чет элдик эксперттер эгерде Тегеран ал сунушка макул болгондо, уранды байытууну улантуудан баш тартып, массалык кыруучу курал даярдоого зарыл деңгээлге жеткирүүгө кызыкдар эмес экенин далилдемек деп эсептешет. Ирандын ырасмий өкүлдөрү ал эл аралык сунушту ишке ашырууда айрым кошумча кепилдиктер талап кылганын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG