Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Аятолла колбашчыларын алмаштырды


Басиждин жаңы колбашчысы генерал Мохаммад Реза Нагди. Басижде мурда кызмат кылгандар аны "кызыл камчы" дешет.
Басиждин жаңы колбашчысы генерал Мохаммад Реза Нагди. Басижде мурда кызмат кылгандар аны "кызыл камчы" дешет.

Ирандын диний лидери жана мамлекет башчысы аятолла Али Хаменеи өткөн аптада тандалма аскерлерде бир нече командачыны алмаштырды. Быйыл жайдагы элдик демонстрацияларды басууда жигердүүлүгүн көрсөткөн Басиж кошуунуна да жаңы командачы дайындалды.

Басижге буга чейин Хоссейн Таеб командачылык кылып келген эле. Быйыл жайда ал кандымоюндугу менен айрымаланды. Жалпы эсепте жайран болгон жетимиштен ашуун кишинин убалын көптөрү Таебге жүктөп жүрүшөт. Демонстранттардын негизги жаалы да Басиж милициясына арналган эле. Human Rights Watch басижчилердин башчысы Таебдин ишин иликтеп чыгууну талап кылган.

Аятолла өткөн аптада Таебдин ордуна генерал Мохаммед Реза Нагдини дайындады. Айрымдар муну менен Хаменеи бийликтерге, биринчи кезекте басиж күчтөрүнө нааразы болгон калктын көңүлүн жоошуткусу келди дешет. Сентябрдын башында жогорку рахбар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы кол башчысын да алмаштырып, бу кызматка президент Махмуд Ахмединежаддын ашынасы делинген Мохаммад Али Жафарини койгон эле. Аятолла Басиж кошуунун бүт бойдон ушу корпуска кошуп берүүнү пландап жатканы тууралуу кеп-сөздөр бар.

Аскери аналитик Хоссейн Ариандын айтымында, Хаменеи революциячыл гвардиянын ичиндеги ар түрдүү фракцияларды баланстап, Ахмединежаддын өкмөтүн, президенттин жакын адамы саналган генерал Жафарини сынап көргүсү келет. Анткени революциячыл гвардия өзү саясий бир өңчөй күчтөрдөн турбайт, анын арасында ар кандай топтор бар.

ИРСКнын колбашчысы Жафари корпустун жана Басиждин "башкы озуйпасы" катары ислам мекемелериндеги "ички коркунучтарга" каршы күрөштү атады. Реформачылар менен интеллигенцияны бийликтер өлкөдө "жибек ыңкылабын" уюштурууну көздөйт деп айыптап жатканын эске алганда аятолланын чечими диссиденттер менен оппозиция мүчөлөрүнүн дегдөөсүн басканга багытталган кадам болушу мүмкүн.

"Шайлоодон кийин кескин жиктелип кеткен иран коомун саясий ыкмалар аркылуу бириктирүү үмүтү аскери кадрлар корпусундагы өзгөрүштөрдөн улам толугу менен таш капты",-деп бүтүм жасады активист Мохсен Сазгара. Ал бир кезде Иранда революциячыл корпустун түбүн түптөшкөн,азыр болсо Вашингтондо жашылдар кыймылына мыяткерлик кылат.

Сазгара басижчилердин жаңы командири Нагди экс-президент Мохаммад Хатаминин тушунда студенттер кыймылын чилдей кууп таркаткан "кызыл камчылардын" бири экенин эске салды. Нагди адам чыдагыс кыйноо ыкмаларын ойлоп таап, студенттерди сурап-тергеген бригаданын башчысы болгон.

Мурдагы басижчилердин бири, учурда журналист болуп иштеп, Берлинде баш калкалап жүргөн Амир Фаршад Эбрахими да быйылкы саясий калайманда Нагди эски тажрыйбасы менен көзгө илинди деп эсептейт.

"Шайлоо тополоңу маалында кармалып, камакта жатып чыккандардын көбү Кахризак түрмөсүндөгүлөрдү кызылдай кыйноого салгандар ичинде "Шамс" деген атайын команда иштегенин айтып беришти, - дейт Эбрахими. – "Шамс" болсо Нагдинин эбактан берки жашыруун аты".

Экс-басижчинин айтымында, аятолла Хаменеи ички саясий иштерге колдонула турган аскер бөлүктөрүн "жоон жудуруктарга" табыштап, режимдин оппоненттерине ырайым кылгысы келип жатпаганы калетсиз.

XS
SM
MD
LG