Иран ислам республикасынын тарыхында биринчи мерте министрлик кызматка аял киши - Марцих Вахид Дастжерди бекитилди. Депутаттардын көбү аны саламаттык сактоо министрлигин жетектөөгө жарайт деп табышты.
Андан тышкары жаңы өкмөттүн курамына дагы эки аял сунуш кылынган эле. Бирок алар жетиштүү добуш алалышкан жок. Энергетика министрлигине көрсөтүлгөн талапкерди да депутаттар жаратпай салышты.
Баары болуп жаңы өкмөттөгү 21 кызмат орунга көрсөтүлгөн талапкерлердин 18и "электен" өттү. Президент Махмуд Ахмединежад добуш берүү башталар алдында депутаттардан ар бир талапкерди бир добуштан колдоп берүүгө чакырып, мындай кадам "душмандардын ындынын өчүрөт" деп айткан болчу.
Генерал Ахмад Вахиди межилистеги 286 депутаттан эң көп колдоо алды. Ал коргоо министринин кызматына 227 добуш менен бекитилди. "Бул бардык талапкерлер арасынан эң мыкты көрсөткүч болду", - деп айтты межилистин раиси Али Ларижани. Анын сөзүн депутаттар дүркүрөтө кол чаап коштошту.
Вахидиге Аргентинада кылмыш иши ачылган. Аргентин бийликтери 1994-жылы Буэнос-Айресте жөөттөрдүн маданий борборунда 85 адамдын өмүрүн кыйган террорчул кыянатты Вахиди уюштурган деп эсептешет. Ырасмий Тегерен мындай айыптарды караманча четке кагып жүрөт.
Жаңы өкмөттүн курамын бекитип бергени үчүн депутаттарга ыраазылыгын айтып, президент Ахмединежад: "Акыркы күндөрдөгү окуялар Иранда демократия реалдуу иш экенин көрсөттү", - деп билдирди. Андан ары ал элдин ыктыяр-эркин туюнткан ар түрдүү көз караштар, аларды карманган адамдар бар экенин моюнга алып, "Алланын ырайымы менен өкмөт жана парламент ортосунда өтө ыкыластуу мамиле түзүлгөнүн" да курсант боло белгиледи.
Парламенттин жаңы өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүн колдоп бергени быйылкы шайлоодон соң көптөгөн ирандыктардын ичин суутуп салган Ахмединежадга жакшы демөөр болору айкын. Ошол эле учурда межилистен башка натыйжаларды күтүүгө да болбойт эле.
"Парламент менен өкмөт экөө тең консервативдүү фракциянын өкүлдөрү. Өкмөттү катуу коргогон жогорку рахбар Али Хаменеинин колдоосунан кийин парламенттин башка аргасы да жок болчу. Ошол эле учурда өкмөт мүчөлөрүн добушка салуу менен эки тарап тең өздөрүн көз карандысыз бийлик бутагы таризде көрсөткүсү келди", - дейт калифорниялык саясий аналитик Массуд Сафири.
Ахмединежаддын кайра шайланганына жүнү тетири айланган маанай калктын көп бөлүгүндө дале жана элек. Сафири жаңы командасын межилистен өткөрүп алган президент үчүн башкы проблема дал ошол нааразы калктан чыгышы мүмкүн деп эсептейт.