Сауд араптарынын падышасы Абдалла жана тышкы иштер министри Ал-Фейсал менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Хиллари Клинтон Иранга каршы мурдагыдан кыйла катаң чараларды караган жаңы санкцияларды жарыялоого алардын колдоосун алганга аракет кылат.
Жекшемби күнү Катардагы арап университетинде сүйлөгөн сөзүндө Клинтон жакын аралыкта Иранда аскерий диктатура пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна эпсиз бийлик берилди, иш жүзүндө ал өлкөнүн өкмөтү болуп калды",-деп айтты Клинтон.
"Иран эмнени жашырып калгысы келет?- деп собол таштады Клинтон. – Эмне үчүн ал өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат? Бул ага саясий жана экономикалык жактан эл аралык коомчулукка кошулганга жардамдашмак, акыркы эсепте барып өз элине да пайда алып келет эле да? Мунун ордуна Иран өзүнүн провокациялык кадамдары менен эл аралык коомчулукту ага кысым көрсөткөнгө түртүп жатат".
Клинтон Тегеранды өзүнүн кооптуу чечимдерин өзгөртүүгө чакырды, ошол эле учурда АКШнын Иранга сокку уруу пландары жоктугуна, дале болсо маселени дипломатия жолу менен чечкенге умтуларын ырастады. "Бирок Иран өзүнүн атом куралдарына байланыштуу программасын улантып жатканы тууралуу күмөн-кадиктер күч алып жатканда АКШ кол куушуруп да отура албайт",- деп көрсөттү Клинтон.
Америкалык делегация сауд араптары жаңы санкциялар маселесинде Кытайга таасир көрсөтө алат деп эсептешет. Мунайга байланыштуу Ирандагы чоң кызыкчылыктарынан улам Пекин Тегеранды жазалоо сунушун таптакыр колдобой жүрөт. Бул позициясын кытайлыктар жакында да ырасташты.
Иран темасына кечээ Вашингтондо вице-президент Жозеф Байден да кайрылып, бу жагынан көзгө толор кадамдар жасалганын белгиледи. "Иран бийликтери ички изоляцияга туш болду, алар өз элинен обочолонуп бөлүнүп калды, - деп айтты Байден. - Региондо да алар обочолонгон абалда калышты. Биз болсо бардык жактан, Россиядан тартып Европага чейин колдоо алып жатабыз, Иранга жаңы санкцияларды жарыялоо маселесинде жакында Кытайдын да макулдугун алганга үмүт кылабыз. Ошондо бул режим ого бетер обочолонуп калат, алга жыла албай турганына көзү жетет".
Санкциялар маселесине Россияны көндүргөнгө Москвада израил премьери Бинямин Нетаняху да үмүт кылып жатат. Эки күндүк сапары маалында ал президент Дмитрий Медведев жана премьер Владимир Путин менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдө ушул маселени башкы тема катары талкуулай турганын Москвага келер алдында ачык айтты.
Москва да жаңы санкцияларга каршы чыгып келатат. Бирок өткөн аптада Ирандын 20 процентке жеткирип уран байыта баштаганын калпыс кадам катары баалады. Буга караганда орустардын позициясы өзгөрө баштаган өңдөнөт.
Бирок Москвадагы сүйлөшүүлөр сыдыргыга салгандай сыйда болбойт. Орустар Иранда Бушердеги атом электр станциясын куруп жатат, Тегеранга коргонуу максатындагы ракеталар системасын сатканга сөз берген.
Бул учурда Тегеран АКШдан, Россиядан жана Франциядан ядролук материалдарды алмашуу жагынан жаңы сунуштарды алганын Ирандын атом энергетикасы боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи маалымдады. Бирок ал сунуштардын мазумуну туурасында эчтеме айткан жок.