Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Моттаки: Иран талкууга даяр


Тегеран -- Ирандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Манучехр Моттаки менен Ахмет Давутоглу (солдо) маалымат жыйынында.
Тегеран -- Ирандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Манучехр Моттаки менен Ахмет Давутоглу (солдо) маалымат жыйынында.

Иран маселесине байланыштуу активдүү дипломатиялык аракеттерге Түркия да кошулду. Тегеранда бүгүн түрктөрдүн тышкы иштер министри жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Иран коңшусу Түркияга кайрылып, Тегерандын атом программасы өңчөй жайчылык максаттарды көздөгөн иш экенине эл аралык коомчулукту ынандырууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Маселени иран жетекчилери менен масилеттешкени түрктөрдүн тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу бир күндүк сапар менен бүгүн Тегеранга келди. Бул жерде ал президент Махмуд Ахмединежад, тышкы иштер министри Манучехр Моттаки жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки министрдин биргелешкен маалымат жыйынында Моттаки эл аралык коомчулуктун жаңы сунуштарын талкуулаганга Тегерандын даяр экенин ырастады. Бирок кеп кайсы сунуштар тууралуу болуп жатканын ал тактаган жок. Мындан бир күн мурда Ирандын атом энергетика агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи ядролук материалдарды алмашуу жагынан АКШдан, Россиядан жана Франциядан Тегеран жаңы сунуштарды алганын айткан эле. Муну аталган үч өлкө тең төгүнгө чыгарышты.

"Эл аралык алтылык былтыр октябрда МАГАТЭде ирандыктарга бир гана маселени сунуш кылган, ага ушу күнгө чейин Тегеран алгылыктуу жооп бере элек", - деп кабарлады Франс Пресс француз тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бернар Валеронун үзүм сөзүн келтирип.

Өткөн аптада Иран өз алдынча 20 процентке (аныгы – 19,75%) жеткирип уран байыта баштаганын айткан соң Тегеран менен Батыштын ортосундагы тирештин кылоосу кайрадан курчуп кетти.

Жакынкы Чыгышта сапарда болгон АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ирандын кадамын кооптуу чечим деп атады жана аны өзгөрткөнгө чакырды. "Бул тукурук аракет, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына каршы келет. Мындай аракет региондогу стабилдүүлүккө коркунуч келтирерин жана Иранды эл аралык изоляцияга кириптер кыларын Тегеран өкмөтү билет", - деп көрсөттү Клинтон.

Буга кошо Иранда ислам революциясынын сакчылар корпусу өзгөчө бийликке ээ болуп, жалпы регионду кооптонто баштаганын да баса белгилеп өттү. "Иран өкмөтү, жогорку лидер, президент, парламент кантип арткы планга сүрүлүп калганын көрүп турабыз, сакчылар корпусу аскерий диктатурага айлана баштады".

Иран тышкы иштер министри Моттаки буга жооп кайтарып, АКШнын Ооганстандагы, Ирактагы жана Ливандагы саясатынан бейжазык канча бир адамдын өмүрү кыйылганы "анык аскерий диктатуранын символу" болот деп билдирди.

Хиллари Клинтон менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Сауд Арапстандын тышкы иштер министри канзаада Сауд ал-Файсал Иранды жаңы санкциялар менен жазалагандан көрө анын проблемасын "ыкчамдатып чечүү" артык болорун белгиледи. Бирок ал кандай чечимдер тууралуу айтып жатканын түшүндүргөн жок.

Клинтон сауд араптарынын падышасы Абдалла менен жолуккан соң Тегеран эл аралык талаптарды аткарбаса, анда аны жазалоодон башка жол калбай турганын эскертти. "Иран менен күрөштө эл аралык тилектештиктин чоң мааниси бар,- деп айтты Клинтон. – Иранды өз багытын өзгөртүүгө ынантуу үчүн регионалдык жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен активдүү иштеп жатабыз".

Москвада сапарда жүргөн Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху да Россияны Иранга каршы жаңы санкциялар долбоорун колдоп берүүгө чакырды.

Орус президенти Медведевдин басма сөз катчысы Наталя Тимакова Тегеранга жазаналар салынышы мүмкүн экенин жокко чыгарбады. "Ирандын атом программасы тынчтык мүнөздө экенине дүйнөлүк коомчулук бекем ишенимде болушу керек, бирок бул милдеттенмелер аткарылбаса санкциялар колдонулбайn деп эч ким кепилдик бере албайт",- деп айтты орус президентинин өкүлү.

XS
SM
MD
LG