"Эскичил" күчтөрдүн башкы талапкерине – бийликтеги президент Махмуд Ахмединежадга - мамлекет башчысы,аятолла Али Хаманеи өзү сүрөөнчү болуп жатат. Жакында парламенттеги 247 депутаттын 211и да Ахмединежад тарапка өтүп, 12-июнда аны колдоп добуш берүүгө шайлоочуларды чакырышты.
Ислам революциясынын сакчылар корпусун учурунда он беш жылдай жетектеген Мохсен Резайи "көз карандысыз талапкер" болуп катталган, бирок көбү аны консерваторлордун запастагы кандидаты деп эсептешет.
"Жаңычылдар" - реформисттер жамааты да эки бирдей беделдүү саясатчыны – бир кезде өкмөттү жетектеп, калкка кадыры сиңген Мир Хоссейн Мусави менен парламентте эки ирет раис болгон Мехди Каррубини - саясий эрөөлгө салышкан. Экөө тең кезинде азыркы иран ислам республикасынын негиздөөчүсү,маркум аятолла Али Хомейни менен ийиндеше иштешкен, анын жакын иркектеши болушкан.
Тегеран тургундары арасында реформачылардан айрыкча Мусавини колдогондор аз эмес. Алардын бири сегиз жылга созулган иран-ирак согушу маалында Мусави өкмөттү жетектеп,экономиканы жакшы абалда кармаганын эскерди.
"Анын мыктылыгы ушунда – согуш учурунда эл ачарчылыктын азарын тарткан жок. Биздин душманды (Иракты) ал кезде бүт дүйнө колдогон,бирок бизде ага карабастан баа көтөрүлгөн эмес,атүгүл мектептер да жабылган эмес",-дейт Фатима Голами.
Тегерандын дагы бир тургуну Нажиан Ибрагим экс-премьердин ошол тажрыйбасы азыр өтө керек деген ишенимде. "Мен Мир Хоссейн Мусавиге,болгондо да анын согуш маалындагы сегиз жылдык жакшы иши үчүн добуш берем",-дейт ал.
Реформист талапкерлер азыркы президент Ахмединежадды мунайдын баасы арзандаган шарттарда экономикалык таасирдүү чараларды таба албаганы, бюджет тартыштыгын күчөтүп жибергени, калктын реалдуу кирешелерин азайтканы,ошондой эле кескин кеткен тышкы саясат жүргүзгөнү үчүн сынга алышты. Мусави өзгөчө инфляция жогорулап, жумушсуздар саны көбөйүп баратканын бөлүп көрсөттү.
Ахмединежад болсо,тескерисинче,Иран улуттук атом жана космос программасында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтып, мунун баары анын тушунда болгонун тажабай элдин эсине салууда. Экс-президент Хатаминин өкмөтү жүргүзгөн саясатты сынга алып, Ахмединежад реформисттерди "Батыштын үгүт-үйүтүнө азгырылып кеткендер" деп атады.
Ирандын душмандарын болсо короодогу кабанаак серекке салыштырды. "Тап берсең алар куйругун кыпчып качып берет, тайсалдай калсаң – арсылдап артыңдан асылып алат",-деп айтты Ахмединежад.
Байкоочулар бу жолку өнөктүктүн башкы мөөрөйүн эки тараптын колдоочулары эмес, кыйынчылыктан кынжылып, жиңкини куруп, ындыны өчкөн, саясат менен дегеле иши болбой калган шайлоочулар чечерин, мындай катмар өлкөдө өтө калың экенин айтып жатышат.Алардын активдүү добуш беришине реформачылар айрыкча кызыкдар. Эгер алар пассивдүүлүк кылса, анда Ахмединежаддын дагы бир мөөнөткө бийликте калары калетсиздей көрүнөт.
Түпкү эсепте болсо Ирандагы шайлоодо ким жеңсе да эгешкен эки тараптын жайнамазы бир бойдон калат.