Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Иран реформачылары шалпы бошоң шайлоочуларга үмүт артууда


Иран -- Реформачыл жамааттын башкы талапкери Мир Хоссейн Мусави Тегерандагы маалымат жыйынында.
Иран -- Реформачыл жамааттын башкы талапкери Мир Хоссейн Мусави Тегерандагы маалымат жыйынында.

Иранда президенттик шайлоого эки аптага жетпеген убакыт калды. Азыркы өкмөт башчысы Махмуд Ахмединежадга бийликте калганга мүмкүндүк бербес үчүн реформаторлор "ныксыраган шайлоочулар" катмарын ойготконго акыркы күч-аракеттерин үрөп жатышат.

Мындан төрт жыл мурдагы шайлоодо жалпы электораттын 30 проценти добуш берген эмес. Алар өлкөдөгү көңкү элдин үчтөн бир бөлүгүнө, ал эми борбуйлуу калктын 20 миллиондойуна чамалап барат. Андан бери деле шалпы бош,шаабайы суз адамдар азайып кеткен жок.

Реформачыл жамаат дал ошолорду огожо көрүп, аларды добуш берүүгө активдүү катышканга үндөп жатат. Бул үчүн үгүт ишинин колдо бар бардык каражаттарын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышууда. Өзгөчө интернетте агитациялык материалдар – чакан филмдер, сүрөттөр, ыр-күүлөр,плакаттар,ураан-чакырыктар арбын жайгаштырыла баштады.

Музыкалык клиптердин биринде: "Балдардын бактылуу келечеги, карпайым адамдарын жакшы тагдыр-таалайы үчүн добуш бергиле",-деп айтылат.

Иранда президенттикке же депутаттыкка дымактангандар өкмөттүн атайын мекемеси - "аталыктар кеңеши" ырасмий уруксат берсе гана талапкер боло алат. Көбүнө,айрыкча жаштарга ушул эреже жакпайт. Тегерандык студент Жавад, шаар тургуну Реза өткөн шайлоодо ушул жүйөөдөн улам добуш беришкен эмес. Бу жолу алар реформачыл кандидаттарды колдоону чечишти.

"Бу жолу деле талапкерлерди көпчүлүк өзү тандаган жок,бирок мен билгени бу жолу көп кишилердин Ахмединежадга добуш бергиси,дегеле шайлоого катышкысы жок.Ушунун өзү ага каршылык билдирүү болот",-дейт отуз жаштагы Реза.

Интернет аркылуу,эл кыдырып үгүт жүргүзүп жатышкандар ушул маанайды өзгөртүүнү көздөп жатышат. Реформист Мусавинин тарапкери Али Каве кайдыгер шайлоочуларга арнап ачкан атайын сайтында өз окурмандарын "ким добуш бербесе, ал Ахмединежадды колдогонго тете иш кыларын", ал эми журналист Исса Шакаргиз болсо "Ахмединежаддын экинчи бийлик мөөнөтү азыркыдан да жаман болорун, анын демократияга,эркиндикке каршы багытталган кадамдарды мындан да катаал болорун" тынбай эскертишүүдө.

Нобел сыйлыгынын эгеси,белгилүү укук коргоочу Ширин Эбади франциялык "Le Monde" гезитинде жарыяланып, көптөгөн сайттарда иранча которулуп басылган маегинде өлкөдө аялдардын, студенттердин, калктын башка катмарындагылардын укуктары басылып, өспүрүмдөрдү дарга асып, келин-кыздарды ташбараңга алып өлтүргөн учурлар арбып кеткенин эске салды.

Коомдук пикирдин акыркы натыйжалары мыяткерлери жагынан реформисттердин талапкери Мир Хосейн Мусави президент Ахмединежадды такымдап кууп жетип калганын, экинчи кандидат Мехди Каррубинин колдоочулары да калыңдап баратканын көрсөттү.

Иранда жалпы шайлоочулардын саны 46 миллионго жетет."Эгер алардын 30 миллиону 12-июнда бүллүтөн салганы келип берсе, анда шайлоону экинчи айлампага жеткиргенге мүмкүндүк бар",-дейт таанымал эксперт жана журналист Машолла Шамсолвазин.

Анын эсебинде консерваторлорду туруктуу колдоп жүргөн шайлоочулар адатта 7-10 миллионго барат. "Ыпылас ыкмалар" менен алар ашып барса 13 миллион добуш алалат. Мындай учурда кимдин жеңгенин экинчи айлампа аныктайт.

XS
SM
MD
LG