Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Иранда ким утса да молдолор бийликте калат


Али Абтахи: Бүгүн кыздар Мусави аларды бети-башын чүмбөттөгөн жоолуктан куткарат деп ишенип, жаңылып жатышат.
Али Абтахи: Бүгүн кыздар Мусави аларды бети-башын чүмбөттөгөн жоолуктан куткарат деп ишенип, жаңылып жатышат.

Бүгүн - Иранда шайлоо. Консерваторлор бийликтеги президенттин жеңишине ишенишет, реформаторлор аны утулат дешет. "Бирок ким жеңсе да Иранда бийликте молдолор калат, жаштар аларга ишенип, биздин каталыктарды кайталабашы керек",-деп билдирди 1979-жылдагы окуяларга катышкандардын бири франциялык "La Criox" гезитинин кабарчысына.

"The New York Times" Ирандагы шайлоо алдында экономикалык кырдаал негизги маселе болгонун белгилеп, саясий эки лагердин өкүлдөрү таптакыр эки башка сандарды жана көрсөткүчтөрдү айтышып, ортодо шайлоочулар кимге ишенерин билбей калышты деп көрсөтөт.

"Элдин кишиси" экономиканы өлтүрүшү мүмкүн

"The New York Times" Мехди Карруби менен теледебатта тартышып жатып, Ахмединежад экономикалык ийгиликтерди санап киргенде атаандашы оозу ачылып: "Сиз эмне, мени жаңы эле Айдан түшө калды же статистикадан караманча кабары жок адамдай ойлойсузбу?!",-деп ачуулана кеткенин мүнөздүү мисал кылып келтирет.

Мир Хоссейн Мусави менен айтышканда да ушундай болду. "Эмнеге мынча калп айтасыз? Эмнеге элге жалган маалымат бересиз? Же ушундан өлкөгө пайда келеби? Эки-үч күн бийликте калганы же кызмат алганы эле ушунчалыкка барыштын эмне кажети бар?!"- деп тике суроо койду Мусави.

Ахмединежад өз кезегинде: "Документтерди бурмалап, сионисттер башкарган Батыштагы уюмдардын маалыматтарына таянып,өкмөттүн экономикалык жетишкендиктерин силер жокко чыгарганга аракет кылып жатасыңар!"- деп атаандаштарына саясий айып жапты.

"Тышкы саясат жөнүндө,экономика кантип иштейт, бу тууралуу Ахмединежаддын дегеле түшүнүгү жок , - деп ырастайт анын парталаш курбусу, тегерандык эксперт Насер Хадиан франциялык "La Criox" гезитинде .- Ал өзүн "элдин кишиси" деп эсептейт. Мунай сатыгынан түшкөн кирешенин эсебинен ислам революциясынын сакчылар Корпусу, "имам Хомейнинин адие комитети" жана башка ушу сыяктуу уюмдар аркылуу кедей-кембагалдарга бир миллиард долларга жакын акчаны кайыр-садага кылып таркатып берди. Ал калктын түркөй катмарын коомдун түркүгүндөй көрөт, ошон үчүн билимдүүлөрдү жек көрөт".

Экономист, бир кезде өкмөттө министр болуп иштеген Саид Лейлаз "The New York Times" гезитиндеги макалада Ахмединежаддын башкы проблемасы деп "материалдык байлыкты түзүүгө эмес, аны бөлүштүрүүгө" ыктап алганын атады. Мамлекеттик компаниялардын акцияларын калкка "адилет жарнагы" катары таркаттырды, бюджеттен жан баккандардын айлыктарын, пенсия, социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйттү.

Ахмединежаддын "бөкөлчүлүгү", арийне, ага саясий капитал алып келүүдө. Бирок мындай чыгымдарды инфляциянын, камыштай калыңдап бараткан жумушсуздуктун айынан экономика көтөрө албай калды.

Франциялык "La Criox" гезити Бахрам аттуу студенттин: "Ахмединежад биздин өлкөнү өлтүргөнү калды. Бизге жумуш керек. Биздин өлкөнүн байлыгынан түшкөн акча Ливандагы "Хезболланы" финансылоого эмес, биздин кем-карчыбызга сарпталышын каалайбыз!"- деп айткан сөзүн келтирет.

"Молдолорго ишенип, жаңылбагыла, жаштар!"

Ахмединежаддын оппоненттери өкмөттүн "тебетей алмаштырып кийгизмей" саясаты экономиканы акырындап муунтуп баратканын айтышып, жакын арада аны биротоло көтөрүм кылып салат деп эсептешет. Абалды оңдоо үчүн жумушчу орундарын түзүү, өндүрүштү жаңы технологиялар менен жабдуу, модернизациялоо зарыл дешет.

Реформаторлор жааты мындан тышкары калктын билим деңгээлин көтөрүү, жарандардын укуктары, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы сыяктуу иштерге да чоң маани беришет. Аларды бу жагынан колдогондор да көп. Тегерандагы түнкү манифестацияларда жергиликтүү кыздардын бири: "Биз эркиндикти каалайбыз,азат болгубуз келет! Эй, көңкү дүйнө, көз бак бизге: биз Ирандын жаштарыбыз! Биз өз эркиндигибиз үчүн күрөшүп жатабыз!", -деп билдирди англисче сүйлөп.

"Мен үчүн, арийне, эркектер менен аялдардын тең бирдей укукта болушу өтө маанилүү, ошондой эле сөз эркиндиги да абдан маанилүү",-деп айтты реформист Мусавини колдогон тегерандык жаш келин.

Мусави шайлоо өнөктүгү маалында бардык жолугушууларга аялынын коштоосу менен келип, аны колтуктап жүрдү. Ушунун өзү эле азыркы шариат эрежелерине кыр көрсөтүү болду. Бирок жаштарга абдан жакты.

"Кокус Мусави жеңсе, муну менен ислам республикасы кыйрап калбай турганын ирандыктар жакшы түшүнөт, - дейт Насер Хадиан. - Жаштар бар болгону көбүрөөк эркиндик болушун, ыйман полициясынын жоюлушун каалайт. Мусави алардын ушул таламын канааттандыра алат".

"Бирок жаштар биз кетирген каталыктарды кайталабашы керек, - деп эскертет жаш кезинде ислам революциясына катышкан Мохаммад Али Абтахи. – 1979-жылы биз молдолор акырындап бийликтен кетет деп ойлогонбуз. Бүгүн да кыздар Мусави аларды бети-башын чүмбөттөгөн жоолуктан куткарат деп ишенип, жаңылып жатышат. Мен аны жакшы билем, өзүн реформист көрсөткөнү менен анык консерватордун бири ошол".

XS
SM
MD
LG