Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Ирандын тыш саясаты: «Батыш да эмес, Чыгыш да эмес»


Ирандагы президенттик шайлоо таймашы өзгөрүүнү каалабагандар менен жаңычылдыкты жактыргандар ортосунда жүрөрү көптөн бери айтылып келатат. 46 миллион ашуун шайлоочулардын көпчүлүгү 4 атаандаштын кимисине ишеним артарын 12-июндагы шайлоо көрсөтмөкчү. «Азаттыктын» кезектеги «бетме-бет» талкуусу Ирандагы президенттик шайлоого арналды.

Ага биртоп жыл Иранда иштеп келишкен окумуштуулар профессор Анвар Мокеев менен профессор Акыл Кылычев катышат.

- Анвар мырза, мына ушул президеттик шайлоого катышып аткан төрт талапкер жөнүндө кыскача айта кетсеңиз? Аларды жаңычылдыкты жактыргандар анан консерваторлор деп шартуу бөлүнүшүнүн чоо-жайына токтоло кетсеңиз.


Анвар Мокеев:
- Ирандагы шайлоо чындыгында эле демократиялык таризде өтө тургандыгына биз Акыл экөөбүз Иранда болгон мезгилде күбө болдук. Мен алгачкы жолу шайлоолоруна 1996-жылы биздин элчилик жаңыдан ачылып атканда катышып байкоочу болуп участоктарына барып көрдүк. Анда парлементтик шайлоо болуп аткан.

1997-жылы президенттик шайлоо, андан кийинки кээ бир саясий иш-чараларына катыштык. Чындыгында бул демократиялык таризде, демократиялык тартиптерди колдонуу менен жүргүзүлө тургандыгына күбө болдук. Ирандагы шайлоолордун дагы бир өзгөчөлүгү - бир эле шайлоочу бир эле убакытта, бир бүлүтенде кааласа төрт киши катышабы, беш киши катышабы же болбосо депутаттарды шайлаганда он киши катышабы, он беш киши катышабы - ошолордун бардыгына же бир канчасына добуш берүүгө укугу бар.

Ирандагы шайлоонун натыйжаларын чыгарыш кыйла машакаттуу жана оор жумуш болуп эсептелет. Биздегидей бир эле кишиге берилбейт, добуш бир канча кишиге берилиши мүмкүн. Мисалы, бир эле шайлоочу бүгүн шайлоого катышып аткан Мир Хоссейн Мусави менен Мохсен Резаи же болбсо башка бирөөнө дагы берип коюшу мүмкүн да өзүнүн добушун.

Ошондуктан бул шайлоо процессин бир аз татаалдатып жибериши мүмкүн. Бирок ошого карабастан ирандыктар бул шарттан жакшынакай эле чыгып жүрүшөт. Бул шайлоонун катышуучуларына келе турган болсок, негизги кандидат азыркы мезгилде президенттигин жүргүзүп аткан Махмуд Ахмадинежад болуп эсептелет. Консерваторлордун кыраандарынан деп койсок болот.

Анын Америкага каршы тутуму ядролук програма боюнча позициясы жана башка бир катар маселелер боюнча Израилге каршы сөз менен дымак көрсөтүүсү же болбосо агрессиясы сыяктуу нерселерди айтып отурсак эми ал көп убакытты талап кылат. Анын каршысындагы негизги кандидаттар мурдагы мезгилдерден он жылга жакын премьер-министр болуп иштеген жана ошол өкмөт башчылыгы кезинде өзүнүн салмактуулугу менен, прагматизми менен революциядан кийинки бүлүнгөн, кыйраган чарбаны айрыкча Иран-Ирак согушунун убагындагы кыйынчылыктардан алып чыккан өкмөттүн жетекчиси Мир Хоссейн Мусави болуп эсептелинет.

Ал көп жылдар бою бул саясатка аралашпай мындай четте жүргөн. Азыр ошол Мир Хоссейн Мусави эң негизги атаандаштардан болуп эсептелинет. Анын аркасында либералдар, бир канча саясий группалар, саясий партиялар жана ошондой эле өтө салмактуу диний жана граждандык адамдар бар. Айтсак, мурдагы президент Хашеми Рафсанджани, эң оор салмактуу реформаторлук кыймылдын атасы деп эсептелген, Ислам революциясынан кийинки ири фигуралардын бири.

Андан кийинки реформатор президент деп аталган Хатами жана башка бир катар оор салмактуу инсандар тургандыгы белгилүү. Мехди Карруби болсо мурун Ирандын парламентинин спикери болуп жүргөн. М.Карруби менимче эч бир президенттик шайлоону калтыра элек, бардыгына катышып жүрөт, бирок эч бир мындай олуттуу добуш алганынан көп кабарым жок. Бул дагы негизинен либералдык багыттагы кандидаттардан.

Мохсен Резаи болсо, ал дагы Хашеми Рафсанджанинин колдоосун алгандай көрүнүп атат. Демек, Ахмадинежаддын негизинен реформаторлор, либералдар тургандыгы белгилүү болуп атат. Ошондуктан эгерде экинчи турга президенттик шайлоо кете турган болсо анда реформаторлордун жана демократтардын добуштары биригип Мир Хоссейн Мусави ийгиликке жетишип кетиши мүмкүн.

-Акыл мырза, президенттик шайлоонун алдындагы талаш-тартыштар абдан курчуп өттү , атаандаштардын программаларында бир айырмачылыктар, өлкөнүн мындан кийинки экономикалык саясий өнүгүшүнө олуттуу өзгөртүү киргизе турган бир жаңылыктары болдубу?

Акыл Кылычев
: -Иран мамлекети өзгөчө мамлекет болуп эсептелет. Мусулман мамлекеттеринин ичинен өзүнүн көп улуттуулугу менен, элинин санынын көптүгү менен. Ушуну менен 10-ирет өтүп аткан президенттик шайлоого мына төрт талапкер көрсөтүлүп атат. Талапкерлердин ичинен үчөөсү реформаторлор, бирөөсү - азыркы бийликте турган президент Махмуд Ахмадинежад.

Өзүлөрүнүн программаларын алып чыгып элдин алдында талашка түшкөн учурунда Ахмадинежад менен Мусавинин талашын көрдүңүздөр. Экөө тең айтып атат, биз жанакы нефть магнаттардан же болбосо нефтини саткан акциялардан түшкөн акчадан, Мусавинин айтуусу боюнча, элге 70 доллардан же болбосо 700 миң реалдан берип турабыз айына дейт.

Махмуд Ахмадинежад айтып атат, 80 доллардан жүз долларга чейин берип турабыз деп. Булардын программаларында электораттардын добушун алуу үчүн, төмөнкү социалдык катмардагы элдердин көңүлүн алуу максатында ошол социалдык маселелерди көтөрүп атышат.

Булардын программасында айырмачылык жок. Реформаторлор болсо баягы, Анвар Мокеевич айтып кетпедиби, үчөө биригип эптеп эле ошол азыркы консерваторлордун бийлигин тартып алуу максатында болуп атат деп. Ирандын тарыхында бир шайланган президент эки жолу кайра шайлоого барууга укуктуу Конституция боюнча. Ахмадинежаддын биринчи мөөнөтү бүттү, экинчи мөөнөткө мына кайрадан аттанып атат. Аны менин билишимче интеллигенция көп колдобойт, аны колдогондор провинциялардагы жакыр диний адамдар. Ахмадинежад азыркы учурда рухий жетекчинин колдоосуна ээ.

Ал эми берки үчөө болсо Иран мамлекетинин эң бай адамы деп эсептелген абдан авторитеттүү, абройлуу кызматты ээлеген Хашеми Рафсанджани, Ирандын эки мөөнөттө президенти болгон ошол кишинин колдоосуна ээ болуп атат. Мусавини социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгында добуштардын 52% - 65% чейин алышы мүмкүн деп болжоп жатышат.

Kээ бирөөлөр айтып атат биринчи эле турда Ахмадинежад 55% менен өтүп кетет деп. Албетте, эми мунун шайлоонун жүрүшү көрсөтөт. Иран мамлекетинин бир өзгөчөлүгү биздикиндей шайлоолорду өткөрө турган комиссия жок. Ал жерде ИИМ өткөрөт шайлоону жер-жерлерде.

Сөзүнүн башында Анвар Мокеевич туура айтып кетпедиби, канча талапкер болсо, бир шайлоочу ошонун ар бирине добуш бере алат. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууну ошол татаалдаштырат, анан бул бир нече күнгө созулуп кетиши мүмкүн. Төрт талапкердин жанагы сиз суроо берген программасындагы калктын добушун алуу максатында нефтиден түшкөн акчаны бөлүштүрүү жагын карап атышат. Бири көбүрөөк сумманы айтса экинчиси андан азыраагын айтып атат.

-Анвар мырза мына Ирандын экономикасынын негизги түркүгүн түзгөн дейбизби, мунайдан түшкөн киреше да. Мунайдын баасы дүйнөлүк базарда арзандап, Иранда жумушсуздуктун саны аябай көбөйүп кетиптир. Мындан тышкары дагы Ирандын талылуу маселеси бул Батыш менен болгон мамилеси кмйинки жылдары абдан татаалдашып кеткенин билесиз. Талапкерлердин ичинде Батыш менен мамиле-катышты Жакынкы Чыгыштагы маселени жөндөө боюнча бийликтин азыркы жасап аткан саясатынан өзгөчөлөнгөн ой пикир, башкача сунуштар айтылдыбы?

Анвар Мокеев: -Консерваторлор болсун же болбосо либералдар болсун негизинен кардиналдык түп-тамырынан бери реформа жасоо боюнча айкын, ырааттуу бир программаны сунуш кыла алган жок. Жогоруда айтылып кеткендей, өтөле популистик чараларга келишип, нефтиден түшкөн каражатты кара таман эл менен бөлүшөбүз деген ой-пикирлер айтылгандыгы эле ырааттуу бир программанын жоктугун көргөзүп турат.

Бирок эми экономикалык кыйынчылыктар - жалпы дүйнөлүк процес болуп эсептелинет. Ошондуктан бул Иранга эле мүнөздүү проблема эмес. Албетте, Иранга мүнөздүү жагы бул нефтиге болгон баанын түшүп кетиши. Бирок нефтиге болгон баанын түшүп кетиши азыркы күндө минималдуу 40 доллардын тегерегине барып, эми кайра көтөрүлө баштады.

А 1998-жылкы кризисте нефтини 8 - 9 доллардан сатып калышкан. Мындан он жылга караганда кырдаал жакшы салыштырмалуу. Албетте, нефтинин экспорт маселеси Иранда абдан чоң маселе. Соода-экономикалык эле эмес, саясий да маселе. Албетте, ал жерде кызыкчылыктар группаларынын негизги бөлүгү бул- улуу даражалуу диний адамдар.

Ирандын лидери баш болгон ошол группалардын арасында бөлүштүрүлгөн бир сфера болуп эсептелинет. Ага жөнөкөй кишилер, орто таптагы адамдар дагы кире албайт. Нефтиден түшкөн акчаны уурдап атышат, корупция болуп атат. Бул корупционерлерди мен жазалайм, деген акыркы Ахмадинежаддын чакырыгы, албетте, группаларга абдан катуу тийди.

Байкоочулар кеңешинин төрөагасы Жаннати баш болуп буга караманча каршы чыгышты. Он чакты улуу даражалуу диний адамдар Хашеми Рафсанджани баш болуп буга абдан катуу каршы чыгышты дагы Рахбарга атайын кат менен кайрылышып, Ахмадинежадды тартипке чакыруу боюнча кайрылуу жасап ийишти. Бул абдан кылдат мамиле кылуучу маселе болуп эсептелинет.

Ахмадинежаддын бул жерден дагы бир катар олдоксон аракеттерди, олдоксон саясий чакырыктарды жасагандыгын байкоого болот. Бул либералдардын ишин бир аз оңойлоткондой көрүнүп атат. Батышка болгон мамиледе Иранда негизинен өтө кылдат мамиле жасалат. Америкага же болбосо Израилге каршы саясатта негизинен чоң карама-каршылык жок.

Эч качан Ирандын тышкы саясатында консерваторлор болсун, либералдар болсун олдоксон каталарды кетирбейт. “Америка - чоң шайтан, Израил - кичи шайтан, эки шайтан менен күрөшүү” - бул Ирандын негизги тышкы саясатынын мазмуну. Бул маселеге келгенде дагы бир аз өзгөрүүлөр болбогондугун мен байкап атам.

Мир Хоссейн Мусави мисалы, Холокост боюнча Ахмадинежаддын айткан сөздөрүн сындап, бирок кандайдыр бир кардиналдуу, жаңы Израилге карата саясаттын багытын буруу боюнча эч нерсе айткан жок. Бар болгону ошол - Холокост саясатын сындады. Аны болсо Ахмадинежад өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланышы үчүн айтты. Мынакей, биз менен атаандашып аткандар, биздин душмандар менен биригишип Гитлердин методдорун колдонуп атат деп элге чакыруу жасап атат.

Ирандын саясатында негизги маселе шайлоодо бул ички саясат. Ички саясатта айрыкча бул улут маселеси, этникалык жүзү деп коелу шайлоону, бул абдан кылдат мамиле кылчу маселе. Мусави азербайжан. А азербайжандыктар Ирандын эң аз дегенде 30 пайызын түзөт.

1997-жылы биз барганда Хатамини азербайжандар шайлоо алдында абдан катуу колдоп атышкан. Биздин элчилик ошол мезгилде борборубуз Бишкекке Хатаминин президент боло турган мүмкүнчүлүгү артты деген маалыматты бергенбиз. Мамкатчы ошондо Ишенбай Абдразакович болчу.

Тиги жактан казактар, орустар менен дагы кеңешип көрүптүр. Алар болсо Натек Нури болот деп, аны визитин Казакстанга, Орусияга элчиликтер уюштуруп жиберишкен. Кийин биздин жообубуз туура келип калганда, Ишенбай Абдразакович айтты, силер абдан туура баамдаптырсынар деп.

Элдин этникалык жүзү шайлоодо чечүүчү роль ойноп кетиши мүмкүн. Себеби этникалык сезим астынкы планга чыкканда партиялык дагы, топтук кызыкчылыктардын баарысы артта калып эле, этникалык нерсеге адамдардын көңүлү бурулуп, өзүнүн кандидатына добуш берип кетишет экен.

Ошондуктан бул жагынан алып караганда дагы Мусавинин шансы көбүрөк көрүнүп атат. Андан тышкары Мусавинин шайлоо компанияларында митингдерге келгенде аялын колунан кармап алып, ары-бери басып, элдин арасында жүргөңдүгү дагы, аялдардын дагы, жаштардын дагы көңүлүн буруп атат.

Аялы менен кол кармашып басуу Иранда азыркы режимдин ички саясатында абдан чоң ката маселе. Бирок жаштар менен аялдар бул маселеге абдан чоң көңүл бурушат. Мисалы, 1997-жылы Хатаминин жеңишинде негизинен жаштар менен аялдардын добушу басып кеткен. Ошондуктан бул фактор дагы абдан маанилүү. Менин баамдоомдо Мусавинин шансы азыр көбүрөөк болгондой көрүнүп атат.

- Акыл мырза, президенттик кызмат Иранда диний өкүмдар дейбизби, аяталы Хаменеиден кийинки экинчи кызмат. Президенттин өзүнүн аткара турган кызматтарына Ирандын бүгүнкү турмушунда, кийинкисинде ойной турган ролу кандай, ушуга токтоло кетсеңиз?

Акыл Кылычев: - Иран мамлекетинде президенттик кызмат аткаруу бийлигинин башында туруп атат. Экономикалык, социалдык маселелердин баарын тең президент ишке ашырыш керек.

Анвар Мокеевич туура айтты, шайлоо эки кандидаттын ортосунда жүрө тургандай болуп атат, бул Мусавий жана Ахмединежаттын ортосунда. Мусавийдин өзүнүн азербайжан болгондугу бул бир маселе. Анткени, карап көрсөк азыркы Ракбар коомдун лидери азербайжан улутунан болот.

Биздегидей президент түндүктөн болсо, премьер түштүктөн болуш керек дегендей, анан экөө тең азербайжан болуп калса кандай болот деген маселелер келип чыгышы мүмкүн. Албетте, бул шайлоочулардын электоратынын добушу көрсөтөт кимисине ташы көбүрөк оойт.

Ахмадинежад учурунда Тегеран шаарынын мэри болуп, белгисиз болуп келип эле, өткөн шайлоодо президенттик шайлоону жеңип кеткен. Президенттин аткара турган кызматы тышкы саясат болобу, ички саясат болобу, баарын аныктай турган президент. Бирок баардыгы тең Рахбар менен макулдашылгандан кийин аткарылат.

Тышкы саясатта болсо Ахмадинежад келгенден кийин, Анвар мырза айтып кетпедиби, Батыш мамлекеттери менен, Америка менен, Израил менен Ирандын мамилеси абдан бузулду деп. Ал туура, абдан бузулуп кетти, аны интеллигенция байкап турат, алар ошон үчүн Ахмединежадды сындап келет.

Батыш менен мамилени оңдоо керек экендигине анча маани бербеген караңгы эл Ахмадинежаддын Америкага, Батышка, Израилге каршы кыйкырыктарын президент аларга айбат көрсөтүп атат деп башкача түшүнүп, колдоого алып атышат.

- Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга токтоло кетсеңиз?

Анвар Мокеев: - Иран Ислам Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер, албетте, регионалдык масштабда абдан чоң мааниси бар маселелер. Ирандын тышкы саясатында негизги принцип Батыш дагы эмес, Чыгыш дагы эмес, башкача айтканда биз эч кимге приоритет бербейбиз дейт.

Бул принцип - Батыш да эмес, Чыгыш да эмес - Ирандын Тышкы иштер министрлигинин кире беришинде жазылып турат. Ошондуктан бул маанилүү маселе. Иранда ар дайым региондогу проблемаларды, коопсуздук маселеси болобу, маданий-гуманитардык маселе болобу, экономикалык, саясий, соода-экономикалык маселелер болобу, муну региондун өлкөлөрү ичара өздөрү чечиш керек. Же эки жактуу мамилелер аркылуу, же көп тараптуу регионалдык форматта өздөрү чечиши керек.

Башка тышкы күчтөрдүн киришүүсүнө, аралашуусуна ирандыктар ар дайым терс көз караш менен карап турат. Ошондуктан регионалдык мамилелерге Иран Ислам Республикасы абдан кылдат мамиле жасайт. Советтер Союзу кулагандан кийин Орто Азия жана Кавказдагы мурдагы совет республикалары өздөрүнүн эгемендүүлүгүн алгандан кийин Иран Ислам Республикасы алгачкылардан болуп эгемендүүлүгүн таанып, баардык өлкөлөрдө өздөрүнүн элчилигин ачып, активдүү түрдө эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкка киришкендиги белгилүү.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтыгы болгон ЭКО – экономикалык кызматташтык уюму. Мунун штаб квартирасы дагы Тегеранда турат жана ЭКО уюмуна биздин республиканын жана башка коңшу республикалардын мүчө болуп киришине дагы Иран Ислам Республикасы көп аракет кылды десек да болот.

Биздин мамилелерибизде “Манас” авиа базасы ирандыктар үчүн олуттуу бир проблема болуп турган. Эми бул авиа базанын жабылышы тууралуу чыккан парламенттин, президенттин тийиштүү чечимдери Иранда жылуу кабыл алынып Американын региондогу таасиринин азайышына Кыргызстандын салым кошуп аткандыгын ирандыктар жогору баалап атат.

Саясий жагынан ирандыктан менен биздин мамилелерибиз азыр жакшы деңгээлде деп айтсак болот. бирок соода-экономикалык мамилелер каалаган деңгээлде болбой атат. Анын көп себеби бар, жол, трафик, транзит проблемалары, бажылардын биротоло чечилбегендиги ж.б. маселелер.

Маданий-гуманитардык карым катнаштарда дагы Ирандын региондогу негизги көңүл бурган өлкөсү Тажикстан. Себеби тажик тили менен фарс тили дээрлик бир тил деп айтсак болот, эң жакын тилдер. Ирандын тектүү элдери болгондуктан Ирандын негизги инвестициялары дагы Тажикстанга келип атат, башка түрк республикаларына анчалык көп келбей атат.

Жеке ишкерлердин инвестициялары келип атканын байкап атабыз, бирок чоң масштабдагы, ири өлчөмдөгү инвестициялар Кыргызстанга Ирандан келе элек. Бул, албетте, келечектин маселеси. Бул таптакыр келбейт деген түшүнүктү бербейт.

- Акыл мырза сиз Иранда иштеп келдиңиз, Иранды жакшы билесиз. Иранда Кыргызстанды билишеби? Ошондой эле Кыргызстанда чыгыш таануу илиминин өнүгүшү азыр ушул жаатта кандай?

Акыл Кылычев: - Кудайга шүгүр, эки мамлекет – Кыргызстанда Иранды, ирандыктар кыргызстандыктарды жакшы билет деп айтсак жаңылышпайбыз го. Чыгыш таануу жаатында биз Ташкенде, Ленинградда, Тажикстанда алардын чыгыш таануу институттарын карачу элек.

1990-91-жылдары Анвар Мокеевич өзү баш болуп Улуттук университеттин тарых факультетинин базасында Чыгыш таануу бөлүмүн ачкан элек. Биринчи алгачкы чыгыш таануу багыты Улуттук университетте уюштулган болчу. Ал кийин бир факультетке айланып, азыркы гуманитардык университетке берилип, ийгиликтүү иштеп келатат.

Факультетти негиздегенге өзүнүн чоң салымын кошкон Таласбек Машрапов, өзү иранистикада тарыхчы, чыгыш таанучу, илимпоз. Кыргызстанга азыркы учурда көп окуу жайларда Ирандан келген студенттер окуп жатышат. Улуттук университетте кыргыз филологитя факультетинде окуган ирандыктарды кезиктирдим.

Орто Азиядагы Америка университетинде, техникалык университеттерде көптөгөн студенттер келип билим алып атышат. Өзүм Тегеранда иштеп турган учурумда, биздин Медициналык академияга бир нече ирандык жаш улан-кыздарды жөнөттү эле. Ушул жерге келип билим алгыла деп.

Медициналык академия алар менен келишим түзүшүп, өзүлөрүнүн представителин шайлашып, азыркы кезде биринчи тобу бүтүп, кетчүсү кетип, кетпечүүсү Кыргызстанда эмгектенип атканын мен өз көзүм менен көрдүм. Советтер Союзунан кийин бизде такыр эле иранисттер, иран, фарси түрүндө сүйлөгөн адистерибиз жок экен деп Иранистиканы ачтык эле. Кудайга шүгүр азыр биздин абдан таанылып калган иранисттерибиз бар.

Иран тилинде эркин сүйлөгөн балдар-кыздарыбыз бар. Мына жакында эле Нурлан Балтабаев деген жигит гуманитардык университетти бүттү эле. Мен Тегеранда иштеп турганда, ошол Тегеран универистетине келип стажировкадан алты ай өтүп кеткен. Ошол жиги фарси-кыргыз сөздүгүн жазып бүтүп, чыгаардык алдында турат, 2-3 күндүн ичинде чыгып кала турган нерсе.

Иранистика жаатында бул жөнөкөй эле эптеген сөздүк болгон жок, көлөмдүү, абдан жакшы түшүндүрмөлөрү менен абдан жакшы чыккан экен. Мен өз көзүм менен көрүп барактап чыктым. Жыйынтыктап айтканда уучубуз кур эмес, ар бир университетте чыгыш таануу факультеттеринде иран бөлүмчөлөрү бар.

Иран тилин үйрөнөм дегендерге Иран мамлекети гранттарды бөлүп берет, алып барып окутат. Бул дагы эки мамлекеттин, эки элдин ортосундагы көпүрөнү андан ары улантуучу нерсе деп эсептейм. Иранистика багытында азыр олуттуу иштер жүрүп атат, адистерибиз бар, аларды биз илимий, саясий, дипломатиялык багыттарда колдонсок жакшы болот.

- Мырзалар, талкууга келип бергениңиздерге ырахмат!

XS
SM
MD
LG