Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Иранда шайлоо кызыды


Иран -- Алыскы аймактарда да добуш берүү активдүү жүрүп жатат.
Иран -- Алыскы аймактарда да добуш берүү активдүү жүрүп жатат.

Иранда добуш берүү кыйгас кызып калды. Байкоочулар,журналисттер добуш берүүгө келгендер саны мурдагы шайлоого караганда абдан арбын экенин ырасташууда. Реформисттердин айрым өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктары бурмаланышы мүмкүн деген да камтамачылыгын билдиришти.

Президенттик кызматты бүгүн төрт талапкер талашууда. Азыркы өкмөт башчысы Махмуд Ахмединежадга эгей-шыгай атаандаш болот деп мурдагы премьер-министр, реформист Мир Хоссейн Мусави айтылууда.

Алардан тышкары межилистин мурдагы спикери, реформалардын тарапкери Мехди Карруби менен ислам революциясынын сакчылар Корпусунун мурдагы командачысы Мохсен Резаи да жогорку кызматка дамаа кылышууда.

Добуш берүүнүн алгачкы сааттарында эле башкы эки атаандаштын колдоочулары арбын экени айкындалды. Реформачыл депутат Ходратолла Алихани билдиргендей, жаштардын басымдуу көпчүлүгү Мир Хоссейн Мусавини колдоп добуш беришүүдө.

Ахмединежадга бүллүтөн таштагандар да аз эмес. Алардын бири Ахмединежад көп иштерди жасаганын, айрыкча борбордон алыскы аймактарга көп жакшы нерселерди алып келгенин белгиледи.

"Иранды эч ким билген эмес,эми Обама өңдүү лидерлер Иранга кол сунуп жатканы – дүйнө бизди урматтай турганынын белгиси,мунун баары Ахмединежаддын тушунда болду, ошону үчүн биз ага добуш беребиз",-деп кошумчалады ал.

Журналист Серажедин Мирдамади Тегеранда,башка шаарларда добуш берүү баштала электе эле адамдар агылып келип, узун кезекке турушканын,азыр да алардын агымы сээлдей электигин,Мешхедде да жагдай ушундай экенин кабарлады.

Талапкерлердин бири Каррубинин жардамчысы Мортеза Алвири болсо ички иштер министрлиги реформачылардын өкүлдөрүнө добуштардын санагына байкоо салып турганга мүмкүндүк бербей,алардын чөнтөк телефондорун да иштетпей койгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деген камтамачылыгын билдирди.

Добуш берүүчү жайлар бүткүл өлкөдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 18де жабылышы керек. Бирок шайлоочулар көп келип жаткандыктан алардын иши түн жарымына чейин улантылышы мүмкүн.

Бүгүнкү шайлоодо добуштардын 50 проценттен ашыгын алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Буга эч ким жетпесе, 19-июнда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

ВИДЕО ТАСМА: Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты

Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00



12-июнда Ирандагы президенттик шайлоого катышып, добуш бергендердин бири, Сара аттуу айым: "Мен бул жерге кимдир-бирөөгө "ооба" деп колдоо көрсөтүп, башка бирөөнө "жок" деп добуш берүү үчүн келдим" десе, ал эми чүрпөсүн көтөргөн жаш келин: "Бул добуш берүү улуттун ынтымагын айгинелөө, кимде-ким исламды жана Иранды сүйсө, анда сөзсүз шайлоого катышуусу керек деген руханий көсөмүбүзгө берилгендигин дүйнө жүзүнө көрсөтүү үчүн маанилүү" деп айтты. Reuters.

XS
SM
MD
LG