Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Иран: Президент Махмуд Ахмадинежад бийлик тизгинин экинчи мөөнөткө сактап калгандай


Добуш санактын оодук бөлүгү саналып бүткөн соң, Иран шайлоо бийлиги 12-июндагы президенттик шайлоонун натыйжасында учурдагы мамлекет башчы Махмуд Ахмадинежад жеңип чыкканын алдын-ала жарыялады. Бул катаал нукту туткан саясатчынын негизги атаандашы, реформачы Мир Хусейн Мусави болсо добуш жыйынтыгы олуттуу бурмаланганын, жеңиш өзүнө таандык болгонун тастыктоо үчүн күрөшө турганын айтып чыкты.

Алдын-ала эсептөөнүн жыйынтыгына караганда, кечээ (12-июнда) Иранда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Махмуд Ахмадинежад добуштардын 65тей пайызын алып, экинчи мөөнөткө шайланды.

Иран шайлоо комиссиясынын башчысы Кемран Данешжунун айтымында, Ахмадинежаддын негизги атаандашы, реформачыл канаттын өкүлү Мир Хусейн Мусави добуштардын 32 пайыздайын алган. Добуш санак дагы эле улантылууда, бирок анын оодук бөлүгү (80 пайыздайы) саналып бүттү.

Ахмадинежаддын шаттанган тарапкерлери Тегерандын көчөлөрүндө президенттин ийгилигин майрамдай башташты.

Бирок Мусави жеңиш өзүнө таандык болгонун билдирип, добуш санак учурунда олуттуу бурмалоолорго жол коюлганын сынга алды жана бурмалоолорду жокко чыгаруу үчүн чечкиндүү күрөшөөрүн билдирди.

Айтмакчы, мурда өкмөт башчы болгон Мусави мырза шайлоо түйүндөрү жабыла электе эле өзүнүн жеңгендигин айтып чыккан. Анын жардамчыларынын бири Мусавиге добуштардын дээрлик 65 пайыздайы тийет деп алдын-ала жоромол кылган.

Мусавинин тарапкерлеринин айтымында, бир катар шайлоо түйүндөрүндө бүллетендер жетпей калган жана миллиондогон кишилер добуш берүү укугунан айрылган.

Президенттикке ат салышкандардын арасында мурдагы парламент (межлис) спикери, реформачыл саясатчы Мехди Карруби мырза жана Ахмадинежад сыяктуу эле эскичил көз карашты туткан, мурда Ислам ыңкылабынын Сакчылар кошуунунун колбашчысы болгон Мохсен Резайи мырза да болду.

Дээрлик 46 миллиондой ирандык атуул шайлоого катышуу укугуна ээ болчу.

Иран бийлигинин маалымдашынча, жума күнкү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 80 пайыздайы келип катышып берген, бул Иран тарыхындагы эң ири көрсөткүч болуп саналат.

Добуш берүү үчүн агылган кишилер өтө көп болуп, шайлоо түйүндөрүнүн иши алты сааттан ашуун убакытка – Тегеран убактысы боюнча кечки саат алтыдан түнкү саат он эки жарымга чейин узартылды.

Реформачылдар канча киши көбүрөөк катышса, Мусавинин жеңиши үчүн ошончолук огожо болот деп үмүттөнүп турушкан.

Реформачыл депутаттардын бири Годратулла Алихани “Азаттыктын” фарсы тилиндеги “Фарда” кызматы үчүн курган маегинде добуш берүүгө улан-кыздар өтө арбын келгенин өзгөчө белгиледи:

- Жаштардын көпчүлүгү өтө жигердүү катышты. Алар өзгөчө шыктануу менен добуш беришти, Алар Мир Хусейн Мусавини жактап жатышты.

Арийне, кабарчылардын маалымдашынча, ирандык улан-кыздардын арасында президент Ахмадинежадды да ачык колдоп сүйлөп жаткандар аз эмес болду.

Шайлоо өнөктүгүнө Кыргызстанда байырлап жаткан 500дөн ашуун ирандык шайлоочунун бир далайы да катышты. Алар жума күнү Бишкектеги Иран элчилигинин кеңсесине келип добуш беришти.

Ирандагы шайлоону бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде АКШда, Европада жана Израилде олуттуу кызыгуу менен байкап турушту.

Бир чети, Ирандагы президенттикке талапкерлердин бардыгы тең өлкөдөгү режимди солкулдатпай тургандыгы айгинеленген соң гана руханий жетекчиликтин уруксатын алган инсандар болгону менен, экинчи чети, Ирандагы президенттик шайлоодо реформачыл канаттагы өкүлдөр жеңип чыкса, анда президент Ахмадинежаддын буга чейинки жүргүзгөн катаал тышкы саясатына салыштырмалуу байистүү, мелүүн саясий багыт жанданышы ыктымал, ошондой эле ирандык коомдо ички турмушту либералдаштырган аздыр-көптүр реформалар жүрөт ко деген анча-мынча үмүт бар болчу.

XS
SM
MD
LG