Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Иран: Ахмадинежад алдыда


Ирандын шайлоо комиссиясы президент Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоодо жеңишке жакындаганын жарыялады. Бирок Ахмадинежаддын негизги атаандашы, реформачыл талапкер Мир Хоссейин Мусави өкмөт чыгарган жыйынтыктарды таануудан баш тартууда. Ал шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун катуу сындады.

Иран Ислам Жумуриятынын шайлоо коммиссиясы бюллетендердин көпчүлүгү саналып бүткөнүн, Ахмадинежад добуштардын 65 процентин, Мусави 32 процентинин алганын маалымдады. Расмий өкүлдөр добуш берүүчүлөрдүн дээрлик 80 поценти өнөктүккө катышканын билдиришти. Бул – Иран Ислам Жумуриятынын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

ИРНА маалымат агенттиги Ахмадинежадды жеңүүчү деп жарыялоого үлгүрдү. Бирок кечээ утушун билдирген Мусави шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты. Иран элине жасаган ачык кайрылуусунда, саясатчы жыйынтыктарды “таң калтыраарлык” деп атап, бийликти элдин тандоосун таанууга үндөдү. Ал колдоочуларын “диктаторлук жана калп айтууга негизделген башкаруусуна” моюн сунбоого чакырды.

Мусави бүгүн түштөн кийин Тегеранда пресс-конференция өткөрмөк, бирок ал иш чара башка күнгө которулду.

Дагы эки талапкер консерватор Мохсен Резаи жана реформачыл динаятчы Мехди Карруби азырынча билдирүү жасаша элек. Алар, расмий маалыматка ылайык, добуштардын 3 пайыздайын алышты.

Такталбаган кабараларга караганда, Мусави, Карруби, Резаи жана мурдагы президент Мохаммад Хатами Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаманеи менен же жолугушту, же аны менен кездешүүнү көздөп жатышат.

Мамлекеттик иштерде акыркы сөз Хаменеиге таандык. Шайлоонун алдына Аятолла Ахмадинежадга колдоосун билдирип келди.

Президенттин колдоочулары анын жеңишин майрамдай башташты.
Бирок көптөрү расмий жыйынтыкка байланыштуу күмөн саноолорун билдиришүүдө.

Ахмадинежад экономикалык саясаттагы катачылыктары, өлкөнүн обочо калышына алып келген кадамдары үчүн атаандаштары тарабынан катуу сынга кабылган эле.

Ирандагы реформачыл студенттеринин ири тобунун жетекчиси Мехди Арабшади Фарда радиосуна буларды айтты:

- Ахмадинежад 20 миллионго жакын добуш алганын жарыялашты. Бирок Тегерандан жана башка шаарлардан, атүгүл кыштактардан алынган маалыматтарга ылайык, жыйынтык таптакыр башкача болмок. Бардыгы биринчи айлампада башка талапкер жеңет деп күтүшкөн.

Добуш берүүнү алдында Карруби менен Мусави бурмалоолор ыктымалдыгы жөнүндө эскертишкен.

Атын атабаган дагы бир тегерандык байкоочу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына билдиргендей, көптөрү массалык бурмалоолор болду деп ишенишет.

Ирандын 1979-жылкы революциядан кийинки биринчи президенти, учурда Парижде сүргүндө жашаган Абдолхассан Бани Садр “Фарда” радиосуна берген интервьюсунда буларды айтты:

- Менин пикиримде, ири бурмалоолор болду. Күмөн санабай эле койсо болот. Йозеф Геббелстин сөздөрү эсиңиздердеби: “Аябай чоң калп айтсаң, эл ишене баштайт”.

Иранда көптөрү, өзгөчө жаштар шайлоодон кийин өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнүшкөн эле. Жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин жаштардын көбү интернетте нааразылыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG