Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Америкалык сенатор: «Иран элине AKШ үмүттүн жарыгы болушу керек»


Иранда демонстранттар бул ирет АКШны эмес, өз өкмөтүн айыпташууда
Иранда демонстранттар бул ирет АКШны эмес, өз өкмөтүн айыпташууда

Ирандагы талаштуу шайлоонун айланасындагы окуяларга байланыштуу бүт дүйнөдө саясатчылар ар кыл пикирлерин билдиришүүдө. Алардын ичинде АКШнын Республикачыл партиядан шайланган сенатору Жонн МакКейн Кошмо Штаттары Иранда эркин шайлоону колдошу керек деген пикирде.

- Сенатор МакКейн, Иран өкмөтү айрым чөлкөмдөрдө добуштарды кайра саноону сунуш этип жатат. Өкмөт чындап эле акыйкаттыкты камсыздагысы келип жатабы?

- Менимче, Иран өкмөтүнүн бул сунушу карышкыр кой кайтарат дегенге тете. Бул алдамчылыкты уюштурган өкмөт өзү болду, ошондуктан добуш саноонун акыйкаттыгын ал камсыз кыла албайт.

- Тегеранда кээ бир демонстранттар өкмөтчүл куралдуу топтун жатагына барып, өрттөп жиберебиз деп коркутушкан, ал жерде ок атылган деген кабарлар болуп жатат. Ушуну эске алганда, сиз Ирандын оппозициясына шайлоо жыйынтыгына байланыштуу нааразылык акциясын кандай өткөрүүгө кеңеш берет элеңиз?

- Мен Ирандын оппозициясына тынч демонстрация өткөрүүнү кеңеш берет элем. Бирок интернетте, сыналгыда жашыруун полиция элди таяктап, ушул өңдөнгөн зөөкүрдүккө жол берип жаткандыгын көрүп жатам. Бул адатта диктатурада боло турган көрүнүштөр, мындай нерселерге Иран өкмөтү буга чейин да жол берген.

- Махмуд Адмединежад дагы төрт жыл Иранды президент болуп башкара тургандыгы айкын болуп калды көрүнөт. Бирок добуш саноодогу өксүктөрдү эске алганда, Обаманын администрациясы Ирандын өкмөтү менен кантип мамиле түзүшү керек?

- Менимче, Иран өкмөтү менен алака түзсөк болот, бирок элдин эң башкы, Жараткандан берилген, гуманитардык укуктарын кепилдөө үчүн шайлоо эркин жана акыйкат болушу керек. Бул - АКШнын тышкы саяасатындагы түпнегиз жобо. Соңку шайлоо көрсөткөндөй, өзөктүк курал жасоонун жолуна түшкөн, коңшуларына коркунуч келтирген Иран эми эми өз элин куугунтуктап, кор кылууда. Ошондуктан эркин жана акыйкат шайлоону талап кылуу президент Обаманын эң башкы милдети болуш керек.

- Тегерандагы жана башка шаарлардагы демонстрациялар 1979-жылы шахты кулаткан исламдык төңкөрүштөн кийинки эң ири нааразылык акциялары болуп калды. Бул ирет бирок демонстранттар АКШны эмес, Иран өкмөтүн бутага алып жатышат. Вашингтонго Ирандагы демократиянын сүрөөнчүлөрү менен дипломатиялык алакасын күч алдырууга мезгил келди деп эсептебейсизби?

- Менимче, АКШнын милдети - Ирандын эли эркин жана акыйкат шайлоого укуктуу экендигине басым жасашы керек. Иранда гана эмес, бүт дүйнөдө бардык элдердин буга укугу бар. Биз ушул түпнегиз жобону колдойбуз. Өзөктүк курал, Иракка америкалыктардын өмүрүн кыйган куралдын экспорту сыяктуу маселелер да маанилүү. Бул үчүн эркин жана акыйкат шайлоо укугунан айрылган Ирандын элин колдошубуз керек.

XS
SM
MD
LG