Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Ирандагы кандуу ишемби


Тегеран ишембидеги тополоңдон кийин.
Тегеран ишембидеги тополоңдон кийин.

Ирандын мамлекеттик телеканалы ишемби күнкү тополоңдо он киши набыт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгонун кабарлады. Экинчи бир телеканал мерт болгондор саны он үчкө жеткенин маалымдады. Алардын баарын эки телеканал тең "террорчул топтун" өкүлдөрү деп сыпаттады.

Бийликтер тыюу салганына карабай ишемби күнү (20-июнда) Тегерандын борборуна оппозициянын миңдеген тарапкерлери нааразылык билдиргени чыккан эле. Аларды кууп таркатканы полиция күч колдонду.

Мамлекеттик телеканал кагылышта он киши мерт болгонун кабарлады.

Англис тилиндеги Press TV алардын саны он үчкө жеткенин маалымдады. Америкалык CNN тегерандык дарыгерлерге таянып,бери эле дегенде он тогуз кишинин өмүрү кыйылганын билдирди.

Жарадар болгондор саны мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарларында жүзгө жакындап барат, башка бир булактардын эсебинде андан да ашат. Укук коргоочу айрым уюмдар медиктерге жардам сурап кайрылган ондогон адамдарды полиция кармап кеткенин айтышты.

Кагылыштар кайсы жерде болгону да так эмес. Айрым кабарларга караганда полиция менен демонстранттар Тегерандын борборунда чабыша кетишкен.Окуяга күбө болгондор ырасташкандай, аскерлешкен өкмөтчүл "Басиж" отрядынын күчтөрү демонстранттарга ок жабылткан, полиция аларды союл менен токмоктоп, суу атмаларды, жаш агызма газ колдонгон. Аламан топ эки жердеги бензин бекетине, мечитке өрт коюп, полициянын күзөт жайына кол салган.

Өкмөттүк телеканалдар имам Хомейнинин мавзолейинде бир киши өзүн жардырып жибергенин, аны менен дагы бир адам мерт кетип,бирөө жарадар болгонун маалымдап, тополоң салгандарды "террорчулар", "козголоңчулар" деп аташты.

Оппозициялык талапкер Мир Хоссейн Мусави өз тарапкерлерин тынч демонстрацияларды уланта берүүгө, эгер аны бийликтер камакка алышса, жалпы өлкөдө иш таштоо акциясын өткөрүүгө чакырды.

Бирок булардын баарын бейтарап булактардан тактап,тастыктоо мүмкүн эмес.

Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө өлкөдө болуп жаткан митингдерди, демонстранцияларды тартканга,жазганга жана кабарлаганга тыюу салынган. Интернет, чөнтөк телефондору иштебей калды.

Видео тасма:


Иран: А. Хаменейи шайлоону таанууга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00


Иран: А. Хаменейи шайлоону таанууга чакырды

Ирандын руханий көсөмү айатолла Али Хаменейи 19-июнда Тегеранда жума намаз маалында калайыкка кайрылып, жалпы улут жаңы президентти шайлоо аркылуу тандады, ал эми көчөгө чыгып нааразылык кылуу аркылуу маселе чечилбейт деп айтты. Анын оюнча, Ирандын душмандары шайлоого шек келтирүү аркылуу исламдык системага карата эл ишенимин бузгусу келет.

XS
SM
MD
LG