Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Вашингтондон кат: Кайра саноодон жеңүүчү аныкталды


Бул ирет "Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Хизер Маер АКШ сенаторунун шайланышы жана анын Ирандагы соңку окуялар менен байланышына токтолот.

Өзүнө болгон ишеними өтө төмөн, өзүн күзгүдөн карап, «сенин колуңан келет, акылың ордунда, бар да кыймылда, эл сени жакшы көрөт» деп күндө өзүн-өзү жоотконкон каарманды ойногон экс-куудул АКШнын жаңы сенатору болуп калды. «Ишемби күнү кечиндеги жашоо» деп аталган таанымал каймана теле-программа аркылуу аты чыккан Ал Франкендин шайланышы бирок АКШнын Сенатына шайлоодонун эң кызыксыз жагы. Бирок эң кызыктуу жактарын атап отуруш да жеңил эмес, анткени андай жактары бир далай.

Мисалы добуштарды сегиз ай дегенде араң кайра санап чыгышканы. Минесота штатынын шайлоо өкүлдөрүнө жана сот системасына Франкендин жана анын атаандашы, сенатор Норм Коулмандын көрсөтмөлөрүн угуп, шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган ар кандай чечимдерди кабыл алып, добуштарды тактоо үчүн дал ушунча убакыт зарыл болду.

Же Франкен шайлоодо берилген дээрлик 3 миллион добуштан болгону 312 ашык добуш менен жеңгендигин айтсак болот.

Же Франкендин жеңиши менен демократтардын Сенаттагы мандаттары 60ка жеткендигин алсак.100 орундуу АКШ Сенатында 1979-жылдан бери мындай болуп көргөн эмес. 60 мандат менен эми демократтар өз арасында макулдашкан каалаган мыйзамды кабыл ала алат.

Франкендин Сенатка шайланышын кепилдеген узак жараянга Иранда 12-июндагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин добуштарды кайра саноону талап кылып, демонстрацияга чыккан оппозиция өкүлдөрүнүн көбүнүн ичи тарымак. Ал демонстранттар сабалып, камалып, кээ бирлери өлтүрүлдү. Акыр аягында добуштардын аз гана бөлүгүн бир заматта кайра санагандан кийин Сакчылар кеңеши президент Махмуд Ахмединежад кайра шайланды деп жарыялады.

Минесотада эч ким демонстрацияга чыккан жок. Талапкерлердин бири да жеңди деп табылбаган соң элдер дароо үйлөрүнө кайтып, жашоосун кадимкисиндей улантышты, анткени алар шайлоо комиссиясы жана соттор сандардын чатагын тактап, акыйкат чечим чыгараарына ишеништи. Иш жүзүндө добуштарды кайра саноодо бир гана анын узакка созулганына нааразылык айтылды.

Штат бийликтери добуштарды кайра санап, бүлеттендерди тактап, тергөө жүргүздү. Маселени акыры штаттын жогорку соту карап, Коулмандын айрымдобуштар так саналган эмес деген кинесин четке какты. Коулман жеңилгенин дароо моюнга алды. «Жогорку сот бүтүмүн жарыялады. АКШнын сенатору шайланды» деди ал.

Ошону менен президент Обаманын Демпартиясы Ак үйдү да, Конгресстин эки палатасын да көзөмөлдөп калды. Буга нааразы болгондор жок эмес. Алардын бири Жонн Корнин - Техастан шайланган республикачыл сенатор. Ал демократтардын бийликтеги монополиясы орноткондон кийин эми баардык жоопкерчилик да алардын мойнунда болорун эскертти.

Кандай болгон күндө да, Франкендин жеңиши демократиянын туу чокусу болуп калды. Ал басымдуу көпчүлүк менен дароо жеңген жок. Анын жеңишин тактоого көп убакыт, көп каражат сарпталды. Бирок бул жеңишти баардыгы, анын атаандаштары да кабыл алды. Анткени кайра саноо иши ачык жүрдү, жыйынтыгы акыйкат болду.

Иранда мындай жеңиш үчүн күрөштө канча кишинин каны төгүлдү...

XS
SM
MD
LG