Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Ирандагы майда улуттар талапкерлер талашында


Иран -- Өлкөдөгү түркмөн тайпасынын өкүлдөрү рефорамачыл талапкер Мир Хоссейн Мусавини колдогону жатышат.
Иран -- Өлкөдөгү түркмөн тайпасынын өкүлдөрү рефорамачыл талапкер Мир Хоссейн Мусавини колдогону жатышат.

Ушул аптанын жума күнү Иранда президенттик шайлоо болот. Анын арапасында талапкерлер өлкөдө улуттук азчылыкка кирген тайпаларга көңүл бура башташты.

Иранда жалпы калктын тең жарымына жакыны – элүү проценттейи улуттук ар түрдүү тайпалардан турат. Алардын арасында азерилер, күрттөр,араптар,түркмөндөр жана башка майда-барат будундар бар.

Президенттиктен дама кылган төрт талапкерден үчөө - ошол азчылыкка кирген улут өкүлдөрү. Реформист Мир Хоссейн Мусави – азери, анын саясий санаалашы Мехди Карруби менен консерваторлордун дагы бир кандидаты Мохсен Резаи байыркы эламиттер менен аргындашкан тайпадан – лурылардан болот.

Азерилер саны жагынан Иранда экинчи чоң тайпа саналат,алар жаамы калктын чейрек бөлүгүнө – 24 процентине жетет. Азерилердин өкүлдөрү бийлик бутактарында да аз эмес, буга азыркы диний адый – мамлекет башчысы аятолла Али Хаманеинин өзүн атаган эле жетиштүү.

Азерилерден айрымаланып, башка тайпалардын, айрыкча күрттөрдүн,түркмөндөрдүн жана араптардын өкүлдөрүн жогорку бийлик тепкичтеринен табуу кыйын. Тегерандык эксперт Масуд Сафири акыркы жылдары майда улут топторун кодулоо айрыкча күч алып кеткенин, бу болсо каяша-каршылык аракеттерди арбытып,аларды да акырындап саясий активдүү күчкө айланта баштаганын маалымдады.

Парижде жайгашкан иран эксперттер тобунун мүчөсү Азаде Каин да бул ойду бышыктады. Бардык мектептерде сабактар фарсы тилинде окутулат. Майда топтор өз эне тилинде билим алгысы келет. Жалпы эле маданият чөйрөсүндө талаптарды коюп,өлкөдө үстөмдүк кылган улут менен тең бирдей укукка ээ болууну каалашат.

"Бирок Ахмединежаддын өкмөтү мыйзамдуу мындай талаптарды коопсуздук маселелерине байланыштырып карап,аларды карманча эске албай,кайра басмырлап келатат. Натыйжада улуттук кыймылдар радикалдаша баштады",-дейт эксперт Каин.

Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурду,сепаратистчил идеяларды жайылтты же колдоду деген айыптар менен былтыр эле азери, күрт жана башка улуттагы жоон топ активисттер кармалып,узак мөөнөткө түрмөгө кесилишти.

Шайлоо алдындагы талкуу-талаштарда реформачылардын талапкерлери Мусави менен Карруби өкмөттүн улут чөйрөсүндөгү иштерин сынга алып, аны жалпысынан "азчылыктан кооптонуу" саясаты деп сыпатташты. Улуттук азчылыктардын башка талылуу маселелерин да ачык козгоп, аларга саясий-маданий мааниде кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнгө, өзгөчө эне тилинде билим алганга, маалымат каражаттарын ачканга көмөктөшүүгө убада беришти.

Ошол эле учурда реформисттер Ирандын территориялык бүтүндүгүн чечкиндүү коргошту, өлкөнүн биримдигин бөлүп-жарганга ынтаасы бар күчтөргө жана топторго кескин каршы турган көз караштарын айтышты.

Махмуд Ахмединежад майда улуттар темасында агынан жарылып кенен-чонон сөз айта элек. Болгону жакында түндүк-батыштагы Тебриз шаарында болгон кезде Ирандагы "эң мыкты жана көрөсөн тилдердин биринде – азериче эркин сүйлөй турганына" сыймыктанып, өзүнө өзү шыпшынды.

XS
SM
MD
LG