Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Иранда сот иштери кызыды


Иран -- Диссидент динаятчы, улуу аятолла Хоссейн Али Монтазери Ирандагы азыркы режимди исламга эч кандай тиешеси жок заалым диктатура деп эсептейт.
Иран -- Диссидент динаятчы, улуу аятолла Хоссейн Али Монтазери Ирандагы азыркы режимди исламга эч кандай тиешеси жок заалым диктатура деп эсептейт.

Иранда оппозициялык ишмерлерге каршы сот уланууда. Аятолла Али Хаменеи оппозициялык ишмерлер чет элдик күчтөрдүн тыңчылары болгонуна ишенбейт.

Жогорку лидер Али Хаменеи айыпталып жаткандардын Батыш мамлекеттери менен байланышы бар экенине ишенбейт, бирок шайлоодон кийинки массалык тополоңдорду баштагыдай эле күн мурунтан сырттан пландалган иш деп эсептейт. Муну ал шаршемби күнү Тегеранда студенттер алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Диний лидердин бул пикири быйыл июндагы массалык нараазылык жыйындарга катышы бар ишмерлерди Батыш өлкөлөрү, айрыкча АКШ жана Британия менен кызматташып, алардын көрсөтмөсүн аткарган деп айыптап жаткан консерваторлордун ырастоолоруна кайчы келет.

Хаменеинин кийин маалымат каражаттары аркылуу таркатылган билдирүүсүндө "мындай айыптоолор үчүн эч кандай далилдер жок экени, сот системасы "имиштерге" же "кайбат кептерге" таянып өкүм чыгара албай турганы" көрсөтүлөт. Ошол эле учурда жогорку лидер "июндагы тополоңдор оппозициянын жетекчилери билсе-билбесе да күн мурунтан сырттан даярдалган иш" деген пикиринде калды."Тышкы душмандар сөзсүз бир бузукулук кыларын" Хаменеи билген экен, бирок ага "иран ишмерлери аралашып кеткени" аны "абдан таң калтырды".

АКШдагы Стэнфорд университетинин эксперти, теги ирандык илимпоз Аббас Милани баамдагандай, аятолла Хаменеи муну менен бир жагынан соңку алты аптадан берки кырдаалдын кылоосун мокоткусу, коомчулукту жоошуткусу келди,ошол эле учурда оппозицияны кыйытып болсо да өлкөнүн таламдарына чыккынчылык кылды деп айыптады.

"Менимче, Хаменеинин сөзүндө кескин бир бурулуш болду. Бир нече апта мурда жума намаз маалында айткан жаалдуу апаздарынан кайтканы байкалды. Анын ошол сөзү жогорку лидердин эң чоң саясий калпыстыгы болгон эле. Ошентсе да бул жолку сөзүндөгү бурулуш бир топ жетишсиз, кыйла кечиккен ишаара болду",-дейт Милани.

Жогорку рахбардын көңүл соороткон сөздөрүнө карабай Иранда "эскичил" жана "жаңычыл" диний жамаат ортосундагы ажырым тереңдеп баратат. Оппозициянын жүздөн ашуун ишмерине ачылган сот процесси ортого ого бетер от жага баштады.

Улуу аятолла Хоссейн Али Монтазери өзүнүн интернет сайтында Хаменеи менен анын тарабындагы жалпы консерваторлорду исламдын атына жамынып "заалым" диктатура орното баштаганы, иран элинин укуктарын "тебелеп-тепсеп таштаганы үчүн" сынга алды. "Хаменеи жогорку лидер боло албайт, анын системасы исламга дегеле жакындашпайт,ал эми азыркы процесс иш жүзүндө ислам сотун мазактоо болуп саналат",-деп жазат Монтазери.

Нобель тынчтык сыйлыгын алган айтылуу адвокат Ширин Эбади, мурдагы реформист президент Мохаммад Хатами да сот процесстерин ушуга жакын мааниде сыпатташты.

XS
SM
MD
LG