Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Иран президенттин кербенине кол салынды деген кабарды төгүндөдү


Жарылуунун үнү угулганда Иран президентинин жансакчылары аны коргоого умутулушту. Хамадан, 4-август, 2010.
Жарылуунун үнү угулганда Иран президентинин жансакчылары аны коргоого умутулушту. Хамадан, 4-август, 2010.

Иран 4-августта президенттин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды деген кабарларды төгүндөдү. Махмуд Ахмадинежад өлкөнүн батышындагы Хамадан шаарында эл алдында сүйлөр алдында аны коштоп жүргөн автокербенге граната ыргытылгандыгы тууралуу жергиликтүү интернет сайттардын бири жазып чыккан эле. Расмий тараптын төгүндөөсүнөн кийин бул окуянын чоо-жайы түшүнүксүз болуп калды.

Иран президентинин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды деген кабар Махмуд Ахмадинежаддын ушул апта башындагы сөзүнөн кийин пайда болду. Четте жашаган ирандыктардын конференциясында сүйлөгөн учурунда Ахмадинежад Израиль анын көзүн тазалоо үчүн “жалдангычтарды” колдонгону жатат деп ырастаган эле.

Президентти коштогон кербенге граната ыргытылгандыгы тууралуу оболу парламент спикери Али Ларижаниге байланышы бар, консервативдик маанайдагы “Khabaronline.ir” интернет сайты жазып чыкты. Анда жарыяланган баштапкы маалыматка караганда, президенттин кербени кол салууга Ахмадинежад Хамадан шаарында, стадиондо сүйлөрдүн жуп алдында кабылган. Мунун артынан Рейтер агенттиги президент кеңсесиндеги булактардын жогорудагы кабарды ырастаган сөздөрүн келтирген.

Ал эми Дубайда жайгашкан “ал-Аравия” телеканалынын баштапкы маалыматына караганда, ыргытылган гранатадан эң көп Ахмадинежаддын унаасынан 100 метрдей аралыкта бара жаткан, журналисттерди жана президент кеңсесинин кызматкерлерин салып жүргөн унаа зыян тарткан жана кол салган адам дароо эле кармалган. Башка араб телеканалдары бир нече киши жаракат алганын кабарлашкан.

Бирок расмий өкүлдөр кол салуу жөнүндөгү кабарды төгүндөгөн билдирүү жасаган соң ирандык маалымат каражаттар баштапкы маалыматтарын дароо эле өзгөртүштү. “Kbaronline.ir” интернет сайты кол салуу жөнүндөгү кабарын сайтынан такыр эле алып салды.

Берүүлөрүн англис тилинде обого чыгаруучу Press TV cпутник телеканалы президент администрациясындагы булактарга шилтеме жасап, “президенттин кербенине кандайдыр бир кол салуу болбогонун” билдирди. Аталган телеканалдын маалыматына караганда, жарылуу президент кербенинен 500 метр аралыкта фейерверк атылгандыгына байланыштуу болгон. Ага тиешелүү бир адам кармалган жана тергөө жүрүп жатат.

Ирандык студенттердин ISNA кабар агенттиги, өлкөнүн араб тилиндеги расмий телеканалынын маалыматтарына караганда жарылуу болгон фейервек президенттин урматына атылган. Фейерверк жөнүндөгү түшүндүрмөгө адегенде президент кортежине кол граната ыргыткандыгы үчүн “контреволюциячыл” адам кармалгандыгы тууралуу маалымдаган жарым расмий “Фарс” жаңылыктар агенттиги да макул болду.

Президент Ахмадинежад өзү кийинчерээк Хамадан шаарындагы стадиондо сүйлөп, ал теледен бүткүл элге көргөзүлгөн учурунда кандайдыр бир кол салуу болгондугу тууралуу эч нерсе айтпады.

Иранда мунайга бай жана арабдар жашаган Хузестан, өлкөнүн түштүк-чыгышында Систан-Балучистан өңдүү саясий мүнөздөгү тополоңдор көп орун алган аймактар бар. Аларга салыштырмалуу 400 миң калкы бар, кол салуу болду делген Хамадан тынч шаар катары эсептелинет.

Иран президенти буга чейин да бир ирет эки жыл мурда Иракка барган учурунда америкалык атайын кызматтар аны өлтүрүүнү көздөгөн деп ырастаганы менен Ахмадинежаддын өмүрүнө кол салуу боюнча кандайдыр бир аракет жасалгандыгы жөнүндө буга чейин кабар түшкөн эмес.

Провинцияларга барып, котологон жактоочулары алдында сүйлөө - былтыр июнда дагы бир мөөнөткө кайра шайлануусу өлкөдө ири нааразылык акциялары менен коштолгон Ахмадинежаддын президенттик иш ыкмасындагы мүнөздүү көрүнүш. Ал бул аркылуу өз оюн элге түз жеткирүүнү көздөйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG