Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Иран ракета сынады


Иран-- Ислам революциясынын сакчылар корпусу жекшемби күнү эки ракета сынады.
Иран-- Ислам революциясынын сакчылар корпусу жекшемби күнү эки ракета сынады.

Жекшемби күнү Иранда ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерий машыгуулары башталды. Анын жүрүшүндө орто алыстыкка арналган эки ракета сыналды.

Машыгуулар маалында "Тондар" жана "Фатах" ракеталары сыналганын Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлады,бирок алардын техникалык сыпаттамалары тууралуу эчтеме айтылган жок. Батыштагы эксперттер "Фатах" -170, "Тондар" – 150 чакырымга жетет дешет.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун колбашчылары бүгүн "Шахаб-3" ракетасы сынала турганын ырасташты. Анын биринчи үлгүсү былтыр жайда сынамыктан өткөн. Ырасмий Тегеран "Шахаб-3" 2,5 миң чакырымга уча алат деп ырастаган. Бирок эксперттер анын чыныгы радиусу ашып барса бир миң үч жүз чакырымга жетет,анын үстүнө ага ядролук дүрмөт орнотуу да кыйын деп эсептешет.

Бирок кандай болгон күндө да бул сынактар Ирандын Батыш менен ансыз да кыл чайнатып турган мамилесин ого бетер кыйындатышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Израилдин тышкы иштер министринин орунбасары Даниэл Аялон Иранды эл аралык коомчулуктун талаптарына текеберлик кылып жатканы үчүн айыптады. "Бүткүл атом программасын, ракета сынактарын ыктырдуу түрдө токтоткон ийгиби, же болбосо тийиштүү жазасын алганы жакшыбы – муну ирандыктар өздөрү чечсин",-деп айтты ал.

Иран жакында эле уран байыта турган дагы бир ишканасы бар экенин моюнга алган эле. Нью-Йорктогу маалымат жыйынында президент Махмуд Ахмединежад бул завод Кум шаарына жакын жерде экенин, ал Улуттар Уюмунун эрежелерине ылайык куралганын билдирген.

Нью-Йорктон кайтып келген соң Батышты айыптап, Иран өзү МАГАТЭге маалымдаган ишкана үчүн баары жабыла жок жерден ызы-чуу чыгарып, акыры өздөрү осол абалда калды деп ырастады. "Муну алар өз максаттары үчүн дагы улантышы мүмкүн,-деп айтты иран президенти. - Бирок бу жерде бүткүл империалисттик саясатка олуттуу сокку урулду".

Ушул бейшембиде (1-октябрда) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын өкүлдөрү Ирандын ырасмий кызмат адамдары менен жолугуп,Тегерандын атом програмасына байланышкан талаштарды талкуулайт.

АКШнын, Британиянын жана Франциянын лидерлери өткөн аптанын этегинде Тегеранды уран байыткан башка да ишканасы бар экенин ушуга чейин жашырып келгени үчүн сынга алышты жана эл аралык "алтылык" менен ачык-айрым кызматташпай турган болсо жаңы санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин айтышты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тараптарды сабырдуулукка чакырып, иштин баарын териштирип,тактап чыгуу керектигин белгиледи.

Ирактын президенти Жалал Талабани Тегерандын атом энергиясын тынчтык максаттарга пайдалануу укугун коргоду. Бу жагынан ага эл аралык деңгээлде кепилдик берүү зарыл,антпесе санкциялардан пайда чыкпайт. Талабани мындан тышкары Израил же башка бир өлкөлөр Иранга сокку урууну чечсе, алар үчүн Ирак өзүнүн аба мейкиндигин пайдаланганга бербей турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG