Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Мындан Иран гана утат


«Эл моджахеддеринин» мүчөлөрү «Ашраф» лагериндеги жыйында, 2006-ж.
«Эл моджахеддеринин» мүчөлөрү «Ашраф» лагериндеги жыйында, 2006-ж.

Келерки жылы Ирактагы иран оппозициясынын тобу - «Эл моджахеддеринин» - лагери таркатылат. «Террорчу уюм» деп аталып келген топко мүчөлөрдүн тагдыры кандай болоору азыр бүйүрдү кызыткан маселе айланды.

Ирактын премьер-министри Нури Ал-Малики жакында Тегеранга барганда Ирактагы ирандык моджахеддердин тобу боюнча маселе баардык тараптарга ылайыктуу чечиле турганын билдирди. Бул топтун «Ашраф» деп аталган лагери азыр Багдаттын түндүк тарабында Иран менен чектеш жерде жайгашкан жана анда 3,5 миңдей мүчөсү бар.

Ирак өкмөтүнүн өкүлү ал лагерге барганда алардын уюму жакын арада толугу менен таркатылаарын жана мүчөлөр каалаган өлкөсүнө кеткенге укук алышаарын айтты. Ирактын улуттук коопсуздук комитетинин кеңешчиси Муваффак ал-Рубаи «эми бул топтун коопсуздугу Ирак өкмөтүнүн жоопкерчилигине өтөөрүн жана өкмөт аларды таркатуу планын ишке ашырып жатканын» билдирди. «Эми алар же өзүнүн өлкөсү Иранга жиберилет, же башка үчүнчү мамлекеттерден башпаанек табышат. Анткени алар үчүн Иракта калуу кооптуу», - деди ал.

«Элдин моджахеддери» деген бул топ өзү 1965-жылы Тегеран университетинин студенттери тарабынан ошол учурда Ирандагы шахтардын режимине каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Алар Аятолла Хаменеинин режимине каршы 1980-жылдары күрөшкө чыгып, бирок күч менен басылышкандан кийин өлкөдөн чыгарылган. Андан ары Иракта өздөрүнүн лагерин түзүп, 80-жылдардагы иран-ирак согушунда Ирак лидери Саддам Хусейн тарабынан Иранга каршы күч катары колдонулуп келди.

Ирак менен кошула калып, Иранга каршы биргеликте күрөш жүргүзгөн «моджахеддердин» иран оппозициясы арасында кадыр-баркы да жоголо калгансыды.

«Элдин моджахеддерин» Америка Кошмо Штаттары жана Евробиримдик «террор уюмдарынын» тизмесине киргизген. 2003-жылы коалициялык күчтөр Иракка киргенден кийин бул топ куралсыздандырылды. Бирок лагер таркатылбай, анын мүчөлөрү эларалык күчтөр тарабынан көзөмөлгө алына баштады. Айрым аналитиктер болсо расмий Вашингтон бул топту атайылап Иранга каршы тыңчылар катары кармап, колдонуп турат деп айтышкан.

Тегеран оппозициячыл топтун өкүлдөрүн Иранга өткөрүп алыш үчүн Ирак өкмөтүнө басым жасап келет. Бирок «Amnesty International» сыяктуу эларалык уюмдар Иранда бул адамдар кыйноолорго кабылышы айкын деп, Ирак өкмөтүн мындай кадамга барбоого чакырышууда.

Америкалык аскерлер жакында Ирактан кете башташканда, лагерди коргоо милдети ирак аскерлерине жүктөлмөкчү. Өткөн аптада америкалык жетекчилик Ирак өкмөтү ал адамдарды күчтөп, Иранга өткөрүп бербей тургандыгын күбөлөндүргөн кат алганын билдирди. Ноябрда Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан-Ки Мун Ирак өкмөтүнө ушундай эле мааниде билдирүү жасаган.

«Лагерь баары бир марттын аягына чейин таркатыла турганында шек жок», - дейт «Азаттыктын» аналитиги Аббас Жавади. Анын айрым тургундары өз ыктыяры менен Иранга кайтууну каалашы мүмкүн, калгандары Батыш мамлекеттеринен башпаанек табуу үчүн арыз беришет деп күтүлүүдө. Бирок «террорчулар» деп аталып келген 3,5 миңдей адамга Батыштын кайсыл мамлекети кыска мөөнөттө башпаанек берээрин айтыш азыр кыйын. Тегеран үчүн мунун өзү жакшы көрүнүш. Ал кайра өзүнүн оппозиционерлерин кайтарып алгысы келиши мүмкүн, же антпесе да, жок эле дегенде, өзүнө коңшулаш жерде турушун каалабайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG