Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Ирандын дагы бир заводунда уран байытылат


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Натантагы өзөктүк реакторду кыдыруу маалында. Март, 2007-ж.
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Натантагы өзөктүк реакторду кыдыруу маалында. Март, 2007-ж.

Иран өз аймагында уранды байытуу боюнча дагы бир завод бар экенин моюнга алды. АКШ, Британия жана Франция бул жаңылык – дүйнө коомчулугу ушу тапта туш болгон эң чоң көйгөй деп эскертишти.

Эл аралык атомдук энергия агенттиги, же МАГАТЭнин башчысы Мохаммад Эл-Барадейинин наамына жөнөтүлгөн катта Ирандын бийликтери уранды байытуу боюнча 2-заводу бар экенин моюнга алышты. Бул жаңылык жума күнү АКШнын Питсбург шаарында чогулган 20 өлкөнүн лидерлеринин экономикалык саммитинин башкы темасына айланды.

Ага арналган атайын маалымат жыйынында АКШ президенти Барак Обама МАГАТЭни бул кабарды иликтөөгө үндөп, “Бул завод тууралуу кабар Иран Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечимдери менен МАГАТЭнин талаптарына дале моюн сунбаганын айгинелейт. МАГАТЭ бул жагымсыз жаңылыкты тезинен иликтеп, жыйынтыгын башкаруучулар кеңешине кабарлайт деп күтөбүз”, - деп басым жасады.

Обаманын айткандарын Британиянын премьер-министри Гордон Браун бышыктап, Америка, Британия жана Франция үчөө бирдей Ирандын өзөктүк программасы массалык куралдарды жайылтпоо жаатында дүйнө ушу тапта кептелген эң башкы көйгөй деп эсептээрин кошумчалады.

Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча Лондондук эксперт Марк Фитцпатрик бул жаңылык байкоочулар үчүн күтүүсүз деле болбогонун айтат.

“Мен Ирандын жашыруун жеринде уранды байытуу боюнча дагы бир завод бар экенинен көптөн бери шектенип келгем, - дейт ал. - Тегеран өзү кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык, андай өзөктүк өнөр жай обьектилери жөнүндө МАГАТЭге сөзсүз маалымдашы керек. Иран бир нече жыл мурда андай милдеттенмелерден баш тарткан. Азыр эми баарынан кызыгы - ал завод кандай технология менен жабдылган, максаты кандай деген маселелер”.

Буга чейин Иран Натанце шаарында уранды байытууга адистешкен бир ишканасы бар экенин айтып келген. Эми МАГАТЭге жөнөткөн катында Тегеран жаңы завод ишке кирише элек, ал жалаң иран калкынын жай турмуштук мүдөө-муктаждыгын камсыздоо максатын көздөйт деп белгилейт. МАГАТЭнин өкүлү жаңы завод Тегерандан 160 чакырымдай түштүк-батыш тараптагы Кум шаарында жайгашканын кошумчалады.

Жума башында Францияда жашаган ирандык оппозициячылар тобу Ирандагы өзөктүк курал даярдап-изилдөө жайлары деп шектелген эки жайдын космостон тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. Азырынча алардын чын-төгүнүн дароо текшерүү мүмкүн эмес. АКШ президенти Барак Обама ар түркүн терс маалыматтарга чекит койгусу келсе, Ирандын бийликтери жаңыдан жарыяланган заводго чукул арада эл аралык инспекторлорду киргизүүсү зарыл деп талап кылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG