Профессорлордун камалганы тууралуу кабар оппозициянын лидери Мир Хоссейн Мусавинин сайтында жарыяланды. Аларды кайда алып кетишкени белгисиз. Буга катарлаш 200дөй киши парламент имаратына жакын жерде манифестация өткөрүүгө аракет кылышты, полиция аларга жаш агызма газ атып, кууп таркатты. Эки ортодо тараптар кагылыша кетишти.
Иранда шайлоодон кийинки тополоңдордо канча киши камалганы так белгисиз. Ырасмий эсептерде алар 457 деп айтылат. Ал эми ички булактардын айтымында, алардын саны миңдеп саналат. Кармалып кеткендер тизмесинде реформисттердин таанымал өкүлдөрү көп.
Эл аралык мунапыс уюмунун Париждеги өкүлү Реза Мойни өкмөт өлкөдө маалымат каражаттарына уруш маалындагыдай көзөмөл орнотконун кабарлады. "Ушу кезге чейин эле 36 журналист камалды, алардын дайын-дарегин сүрүштүргөн туугандары, аялдары, балдары, кала берсе адвокаттар жарытылуу эч кандай жооп алалбай жатышат".
Репрессия күч алганын тегерандын тургундары да ырасташууда. Көчөлөрдү полиция, аскерлешкен өкмөтчүл отряддар каптап кетти, абал согуш маалындагыдай кырдаалды эстетет. Бийликтин кара тизмесине киргендерди коопсуздук күчтөрү түн ичинде үйлөрүнөн кармап кетишүүдө. Оппозиция набыт болгон он жети кишинин арбайын эскерип, аза күтүү митингдерин өткөрүүнү пландаган эле,полиция ага жол берген жок.
Буга карабастан Мусави өз тарапкерлерин нааразылык аракеттерди уланта берүүгө чакырды. "Бардык кооп-коркунучтарга кайылмын жана иран калкынын укуктары үчүн мындан ары да күрөшө берем",-деп айтылат Мусавинин сайтында жарыяланган билдирүүдө. Экинчи оппозиционер Мехди Карруби мурда пландалган демонстрацияны өткөрүүдөн айнып калды.
Шаршемби күнү аятолла Али Хаменеи "өлкөдөгү режимди өзгөртүүнү көздөгөн кысымга моюн сунбай турганын" эскертти. "Шайлоо таза болду, анда Ахмадинежад утуп чыкты",-деп айтты аятолла.
Ахмадинежад өз жеңишин белгилегени шаршемби күнү сыяпат өткөрүп,ага парламенттеги 290 депутаттын баарын чакырган эле. Бирок сый тамакка болгону 105 гана депутат келди. Мунун өзү шайлоонун натыйжасына байланыштуу саясий элитанын жогорку чөйрөсүндө олуттуу жиктелүү пайда болгонун бышыктайт.
"Чоң сегизге" кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Италиянын Триест шаарында ачылган саммитте Ирандагы кырдаалды күн тартибине киргизгенге мажбур болушту. Бул жыйынга атайын чакырылган иран министри келген жок.
Андан бир күн мурда Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты,белгилүү укук коргоочу Ширин Эбади Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга жана Европарламентке кайрылып, алардан Иранга атайын өкүлдөрүн жөнөтүүнү өтүндү.
Ирандагы окуялар кандай оролдо уланарын азыр болжоп айтуу кыйын. Айрымдар чоң шаарларда жана университеттерде маал-маалы менен митингдер чыга берет, акырындап отуруп каршылыктардын масштабы кыскарат дешет. Башка бирөөлөр оппозициянын тарапкерлери күрөштүн жаңы ыкмаларына өтүшкөнүн айтып, массалык митингдердин ордуна соода-сатык, кара жумуш, атүгүл иран экономикасынын күрөө тамыры аталган мунай өнөр жайы тармактарында иш таштоо фактылары көбөйгөнүн көрсөтүшөт. Мындай абалда режим кайта шайлоо өткөргөнгө аргасыз болушу мүмкүн, антпесе анын мыйзамдуулугу коомдун көп катмарына өтпөй калат деп жоромол кылгандар да бар.
Лондондогу тышкы саясат Борборунун илимий кызматкери Элахе Мохштам оппозиция менен өкмөт азыр "ит жыгылыш" абалда турат деп эсептейт. "Эгер демонстрациялар башка шаарларга жайылбаса, Тегеранда алар узак мөөнөткө улана албайт. Ошону менен бирге өкмөт азыр оппозициянын таламдарына кулак салбаса, анда келечекте анын каршылыгын ооздуктоо кыйын болуп калат".