Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

"Тынчтык" газ куурунун келечеги бүдөмүк


Тегеран -- Иран президенти Махмуд Ахмединежад жана Пакистан президенти Асиф Али Зардари (оңдо).
Тегеран -- Иран президенти Махмуд Ахмединежад жана Пакистан президенти Асиф Али Зардари (оңдо).

Өткөн жекшемби күнү Тегеранда "Тынчтык" газ куурун куруу тууралуу келишим түзүлдү. Документке Ирандын жана Пакистандын президенттери кол коюшту. Долбоордун курулушу беш жылга созулат. Келишимге Индия кошулган жок.

Иран-Пакистан-Индия тутумундагы газ кууру тууралуу идея 1995-жылдан бери талкууланып келатат.Болжолдуу пландарга ылайык, курулуштун узундугу 2600 километрге чамаалаш. Анын бир миң чакырымы Иран, дагы бир миң чакырымдайы Пакистан аркылуу өтүүгө тийиш. Андан ары Индияга тартып кетүү зарылдыгы чыкса, анда кошумча дагы алты жүз чакырым аралыкка куур жаткырылышы керек болот.

Курулуш бүткөн соң куур аркылуу Иран өзүнүн түштүк аймактагы газ кендеринен суткасына 150 миллион кубометр "көгүлтүр отун" жөнөтө алат. Анын 90 миллиону Индияга, 60 миллиону Пакистанга эсеп кылынган.

Бирок Нью-Дели азырынча долбоорго кошулган жок. Анткени бир жагынан иран газынын келечектеги транзити үчүн Исламабад сунуш кылган баа акысына, экинчи жактан жалпы эле курулуштун коопсуздугуна Индия ийиңкиреп-ишене албай турат.

Буга карбастан жекшемби күнү Тегеранда кол коюлган келишимди иран президенти Махмуд Ахмединежад он беш жылдык сүйлөшүүлөрдүн үзүрү маанисинде баалады. Пакистан президенти Асфи Али Зардари долбоордун келечеги кенен экенин белгиледи.

Алдыдагы он беш күн ичинде эки тарап "үчүнчү өлкө" менен да кошумча келишим түзгөнгө ниет кылып жатат. Бирок "үчүнчү өлкөнүн" аты аталган жок.

"Тынчтык" куурунун курулушун жүзөгө ашыруунун бир катар каскактары бар. Баарыдан мурда долбоорго болжол менен 7,5 миллиард доллар каражат керек болот. Мынча акчаны тараптар кайдан алары белгисиз.

"Азаттыктын " эксперти Брюс Паниер региондо атаандаш Түркмөнстан–Ооганстан-Пакистан-Индия (TAPI) долбоору да бар экенин эске салып, аны каржылоо милдетин Азия өнүктүрүү банкы өзүнө алганын, ал эми IPIге азырынча эл аралык финансы уюмдары кызыга электигин белгиледи.

Мындан тышкары TAPIнин саясий өңүттө өзгөчө деле талуу жерлери жок, IPIге болсо ядролук программасына байланыштуу эл аралык коомчулуктун кысымында калган Иран катышкандыктан долбоордун келечеги кыйла күмөндүү көрүнөт.

Дагы бир олуттуу каскак - эки долбоордун курулушу тең Белужистан аркылуу өтүшү керек. Бул аймак болсо Пакистандын амирине анчейин ыкрар кыла бербейт, жергиликтүү козголоңчулар ички газ куурларын дамамат жардырып, бүлүк-бүлгүн салып турушат. Ушул абалды эске алганда тараптардын эки долбоор боюнча тең позициялары кандай болорун болжолдосо болот.

XS
SM
MD
LG