Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кудус күнү ирандыктардын саясый тиреши уланат сыягы


Ирандык жоокерлер Кудус күнү "Иерусалим биздики" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп баратышат. Тегеран. 5-октябрь 2009-ж.
Ирандык жоокерлер Кудус күнү "Иерусалим биздики" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп баратышат. Тегеран. 5-октябрь 2009-ж.

18-сентябрда, жума күнү Иранда Кудус же Иерусалим күнү белгиленет.

Рамадан айынын акыркы жумасы- ирандыктар үчүнпалестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү. Бул Иран Ислам республикасынын түптөөчүсү, аятолла Хоменейи киргизген ырасмий салт.

Жайкы президенттик шайлоодон башат алган саясый кризистин толкуну 18-сентябрда массалык демонстрациялар менен коштолчу Кудус күнүнө да тийет сыягы. Өткөн жумада Ирандын руханий көсөмү, аятолла Хаменейи оппозицияга кыйыр түрдө кайрылып, Кудус
Аятолла Хаменейи 11-сентябрдагы жума намазда. 2009-жыл.
күнү элди бөлбөөгө чакырды:

-Кудус күнү Кудус маселесине таандык. Бул Иран элинин биримдигинин символу. Этият болгула. Кимдир бирөөлөр Кудус күнүн майрамдоону элди бөлүү үчүн пайдаланбасын.

Иран полициясынын башчысы Ысмайыл Мокадан да оппозицияга кайрылып, элди Кудус күнү эки жаатка бөлүүдөн сактануусун сурады. Ага карабай, оппозиция башчылары: экс-президент Мохаммед Хатами, президенттикке экс-талапкерлер Мир Хусейн Мусави жана Мехди Каруби Кудус күнү жүрүшкө катышаарын билдиришти. Үч саясатчы тең Ахмединежад добуштарды уурдап президент шайланды дешип, 12-июндагы шайлоодон соңку нааразылык акцияларын активдүү колдошкон.

Бийлик Мусави жана Карубинин жактоочуларын толкундатпоо үчүн кошумча чара көрдү. Мааламаттарга караганда, ар жылы Кудус күнү Жума намазда кутпа айтчу экс-президент Али Акбар Рафсанжаниге бул ирет кутпа сөзгө уруксат берилбеди. Рафсанжанинин ордуна кутпаны эскичил диниятчы Ахмад Хатами жана Махмуд Ахмадинежад айтат.

Президент Ахмадинежад анти-израилдик сөзү менен расизмге каршы күрөшүү боюнча Женевада өткөн эл аралык жыйында сүйлөп, жыйын катышуучуларын нааразы кылган. Ал бир ирет Израилди саясый картадан жок кылууга да чакырган.

Оппозициянын көрүнүктүү үч өкүлүнүн Кудус күнү демонстрацияга катышуу ниети бийликтин тынчын алса, оппозициядагы Жашылдар кыймылын шердентти. Оппозициячыл “Моужкамп” интернет басылмасы Ахмединежадга Жума намазда кутпа сөздүн
Тегеран. Кудус күнүнө арнап өткөлүгөн параддын катышуучулары АКШ жана Израилдин тууларын өртөшүүдө.26-сентябрь 2008-ж.
берилишин “Жашылдар үчүн белек” деп баалады жана оппозиция тарапкерлерине Ахмадинежад сүйлөп жатканда “Алла акбар”, “Диктаторго өлүм” деп кыйкырып, шайлоодо ал үчүн добуш беришпегенин көрсөтүүнү сунуш кылды.

Тегерандык журналист Мухаммед Кесардын “Фарда” радиосуна айтышынча, ал оппозиция тарапкерлери Кудус күнү жапырт демонстрацияга катышса, өз кубатын бийликке көрсөтөт деп ишенет:

-Эл бул күнү акылын тунуктап, биригип көчөгө чыкса, дагы бир ирет- биз мурда Тегеранда жана башка шаарларда көргөндөй- өз мүмкүнчүлүгүн (бийликке) демонстрациялай алышат.

Кудус күнү оппозиция тарапкерлери менен өкмөттүк күчтөр чатакташа кетсе, өкмөт- эски адатына салып- нааразылык акциясын басууда коопсуздук кызматынын агенттерин колдонушу мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.

Ахмадинежадка каршы демонстрация, байкоочулардын пикиринче, реформачылар менен интеллектуалдарды “баркыт ынкылабын" уюштурмак болду деген жалаа менен соттоп, Ахмединежаддын жеңишин мыйзамдаштырууну каалаган Иран жетекчилигин консервативдүү канатын кыйын абалга коймок.

23-сентябрда университтер ачылганда жашылдар дагы активтешүүсү мүмкүн. Ирандык укук коргоочулар Ахмадинежад 23-24-сентябрь күндөрү Улуттар Уюмунун башассамблеясына катышып жүргөндө Тегеранда ага каршы нааразылык акцияларын өткөрүүнү мерчемдешүүдө.

XS
SM
MD
LG