Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Иран күнөөнү ичтен эмес, тыштан издей баштады


Иран -- Оппозициялык талапкер Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери бейшембиү күнү кайрадан нааразылык билдиргени чыгышты.
Иран -- Оппозициялык талапкер Мир Хоссейн Мусавинин тарапкерлери бейшембиү күнү кайрадан нааразылык билдиргени чыгышты.

Бейшемби күнү Иранда нааразылык жүрүштөрү уланды. Оппозициянын тарапкерлери төрт күн мурдагы кагылышта окко учкан сегиз кишинин арбайын эскергени бу жолу көчөлөргө кара кийинип чыгышты. Ошол эле күнү өлкөнүн конституциялык көзөмөл органы – ислам революциясынын сакчылар Кеңеши - шайлоодо утулган үч талапкерден түшкөн арыздарды териштирүүнү чечти.

Кеңешке шайлоодо утулган үч талапкер – Мир Хосейн Мусави, Мехди Карруби жана Мохсен Резайи – чакырылат. Жыйынга президент Махмуд Ахмединежад да катышат.

"Бардык төрт кандидатты Кеңештин жалпы чогулушуна чакырууну чечтик. Бул аларга Кеңештин мүчөлөрү менен талкуулай турган маселелерди көтөргөнгө, Кеңешке болсо алар менен тике байланышта иштегенге мүмкүндүк берет",-деп айтты конституциялык көзөмөл органынын өкүлү.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын эксперттер Кеңеши да колдогон жок. Бул орган абройлуу делинген диний 86 ишмерден турат,аларды сегиз жылдык мөөнөткө эл шайлайт. Жогорку лидерди – рахбарды - ушул эксперттер шайлайт, аны кызматтан да ошолор алат. Мындай окуя Иранда азырынча боло элек, бирок шайлоонун натыйжалары эксперттер Кеңешин ынандырбаганы оппозициянын көптөгөн тарапкерлерине дем бергендей болду.

Диний төбөлдөрдүн ушул жана башка чечимдерин бейтарап айрым байкоочулар жогорку бийликтин позициясындагы "төңкөрүш" катары баалашты. Ахмединежадды "айныксыз жеңүүчү" кылып жарыялап, анын утушун "улуттук майрам" деп атап алып, аятолла Али Хаменеи ошол эле учурда он миңдеген демонстранттардын кысымынан улам оппозициянын талаптарын карап чыкканга көрсөтмө берди. Сакчылар Кеңеши баары болуп 646 арыз түшкөнүн, аларды кылдат териштирүү иши башталганын маалымдады.

The Independent гезити кабарлагандай, оппозициянын тарапкерлери Тегеранда ички иштер министри Садек Махсулинин "аятоллага жазган каты" деген документтин көчүрмөсүн таркатып жатышат. Министр анда шайлоодо Мусави - 19 миллион, Ахмединежад – 5,7 миллион добуш алганын кабарлаган имиш. Бул кат жалгама документ да болушу мүмкүн.

Бирок кандай болгон күндө аятолла Али Хаменейи үчүн кыйын кезең келгенсиди. Эгер кайта шайлоо өткөрүүгө аргасыз болсо, анда консерваторлор жамаатын каршыктырып алат. Оппозицияны акырындап жоошутуп, анын оозун басса, быйылкы шайлоо ортосуна от жагып койгон диний элитаны баштагыдай тең салмактап кармаш оңой болбойт. А кокус сакчылар Кеңешиндеги масилетчилердин кебине кирип, президентти элге салып шайлоо ыкмасын өзгөртсө жана жогортон дайындоо усулуна өтсө, улуу аятолла Али Хомейнинин ыйык осуяттарын ревизиялаган болот.

Азырынча иран бийликтери күнөөнү ичтен эмес,тыштан издеп жатышат. Атап айтканда, ырасмий Тегеран өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп АКШны айыптады. Муну өз кезегинде мамлекеттик департамент кескин четке какты.

Ирандын мурдагы президенти, ушу тушта Францияда жашаган Аболхассан Банисадр Вашингтондун позициясын колдоду.

"Президент Обама америкалыктар бул иштерге кийлигишпей турганын, Ахмединежад менен Мусавинин эч кандай айрымасы жоктугун, иран эли өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш экенин айтпадыбы. Бу абдан жакшы болду. Эми иран режими репрессияларды тышкы кийлигишүүлөр менен актап кала албайт", - деп айтты Банисадр.


Тегеран метросундагы нааразылык жыйын
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

XS
SM
MD
LG